Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Аксыдан бийликке жолдонгон кайрылуу


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү

Аксыдагы Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бирлиги президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго аймактагы чек ара маселесин тезирээк тактоону тапшыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Анда жергиликтүү коомдоштуктардын бирлиги Үңкүр-Тоо боюнча маселе такталмайынча Кербен шаарынын чыгышындагы Ителги дөңсөөсүнө курула турган жаңы радио-релейлик станциянын курулушун токтотуп туруу талабы көрсөтүлгөн. Аксынын акимчилиги менен Кербен шаардык кеңеши Үңкүр-Тоодогу телемунара көчүрүлбөй турганы боюнча өкмөттүн убадасы бар экенин жүйө келтиришүүдө.

Жаңы станциянын курулушуна каршылык

Аксыдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирлиги президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда жаңы телерадио станциясын куруу Үңкүр-Тоодогу телемунараны көчүрүүгө шарт түзүп, ага карата коңшу мамлекеттин жер дооматын арттырууга негиз бере турганы көрсөтүлгөн. Мына ошондуктан Аксыдагы жергиликтүү коомдоштуктар бирлиги Кербендин чыгышындагы Ителги дөңсөөсүнө жаңы радио-релейлик станциянын курулушун токтотуп туруу сунушун киргизди. Аксыдагы Жергиликтүү коомдоштуктар бирлигинин төрагасы Эргешалы Озокеев жаңы курулуштун өзү күмөн саноолорго түртүп жатканын белгиледи:

- Ал жактан “эми жакшынакай жаңы станцияңарга көчүп алгыла” десе эмне кылабыз. Анан жаңы станцияны куруу менен ал жакка бардыгын көчүрүүгө туура келип калып жатпайбы. Анан эми эски станция турган жерден башка жакка жаңысын куруунун логикасын көрбөй турабыз. Эгерде чын эле биздин өкмөт айткандай телерадио жана байланыш сигналдарды күчөтүү үчүн мына ошондой кадам жасалса, анда мына ошол эски станцияны эле күчтөндүрө беришпейби. Ошондуктан биз жаңы станциянын курулушун токтотуу жана бюджеттен каралган акчаны кайра кайтаруу сунушун киргиздик. Эгерде ошондой эле чоң зарылчылык болуп жатса, анда ошол акчаны Үңкүр-Тоодогу эски станциянын эле жабдууларын жаңылоого жана коопсуздугун чыңдоого жумшоо демилгесин кайрылууда көтөрдүк.

Өкмөттүн кепилдиги

Ошол эле кезде Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев Үңкүр-Тоодогу телемунара башка жакка көчүрүлбөстүгүн жана жаңы станция санариптик форматтагы телерадио жана байланыш сигналдарын күчөтүү максатында гана курулуп жатканын айтты. Ошондуктан аймактагы маалымат коопсуздугун чыңдоо долбоорунун алкагында Аксыдагы жаңы станциянын курулушуна өкмөт чукулунан 50 миллион сом бөлгөнү белгилүү болду. Кербен шаар кеңеши 1-апрель күнү өкмөттүн жаңы телерадио станциянын курулушу үчүн жер бөлүп берүү сунушун колдоп, чечим чыгарган болчу. Бирок Кербен шаардык кеңешинин төрага орун басары Калыбек Үрүстөмов аталган токтом өкмөттүн Үңкүр-Тоодогу телемунара көчүрүлбөйт деген кепилдигинин негизинде гана чыгарылганын айтты:

- “Үңкүр-Тоодогу телемунара көчпөйт, эч жакка жылдырылбайт” деген өкмөттүн кепилдигинен кийин гана биз башка жактан жер бөлүп берүү боюнча токтомду кабыл алганбыз. Бул жакка заманбап үлгүдөгү жабдуулары менен жаңы станция курулат деген сөзүн айтып, өкмөттөгүлөр бизди ынандырган үчүн гана ошол кадамга бардык. Анткени эски станция иштебей калса, аны жаңысына алмаштырыш керек деген муктаждык бар деп бизге түшүндүрүшкөн. Анан биз чек ара такталганга чейин көчүрүү тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес экенин эскертип, аны токтомго киргизгенбиз. Жергиликтүү депутаттар төрт саатка чукул муну талкуулап жатып анан кабыл алдык.

Чек ара көйгөйүн чечүүнүн жолдору

Ошол эле кезде өкмөттөгү ишенимдүү булактардын белгилешинче, Аксы аймагына кошумча телерадио релейлик станцияны куруу демилгеси коопсуздук чараларынын бири катары көтөрүлгөн. Анткени Өзбекстан Үңкүр-Тоого дооматын коюп, ал жерге аскер киргизип, аны 2013-жылдагыдай кылып күч менен басып алса, анда тоодо жайгашкан станциянын иши үзгүлтүккө учурап, бүтүндөй аймак байланышсыз калуу коркунучу бар.

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Токон Мамытов жергиликтүү калк менен өкмөттүн ортосунда түшүнбөөчүлүк болбош үчүн маселени комиссия аркылуу чечүүнү сунуштады:

- Ал аймакта чынында эле маалымат коопсуздугу маселеси да бар. Анан техникалык жабдууларды жайгаштыруу жагы дагы турат. Азыр эми Үңкүр-Тоо боюнча борбордук бийлик менен жергиликтүү калктын ортосунда эки башка көз караш болуп жаткандыктан өкмөт жумушчу комиссия түзүп, жагдайды иликтеп чыгуусу зарыл. Ага жергиликтүү калктын өкүлдөрү, парламент депутаттары, адистер жана өкмөттүн жетекчилери кириши керек. Ошонун чыгарган корутундусунун негизинде гана өкмөт чечим кабыл алышы керек.

Кербен шаар кеңеши быйыл 22-мартта өкмөт жөнөткөн протоколдун аныктыгын тастыктоону талап кылган болчу. Анда жергиликтүү кеңештин кароосуна кыргыз өкмөтүнөн “Кербен радио-релейлик станциясын көчүрүү үчүн башка жер берүү” тууралуу протокол жиберилген. Шаардык кеңештин депутаттары ал протоколго каршы чечим кабыл алышкан. Буга протоколдогу "Өзбекстандын аймагындагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунараны көчүрүү” деген жазуу негиз берген. Бирок мурдагы Сариевдин өкмөтү аталган протоколду жасалма деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG