Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Саясий технологдорду маарыткан үгүт


Иллюстрация
Иллюстрация

Шайлоого аттанган партиялардын штабдарында саясий технологдор, тактап айтканда, көбүрөөк добуш топтоо боюнча кеп-кеңештерди берген, түрдүү айла-амалдарды ойлоп тапкан жоон топ адам иштеп жатат.

Көпчүлүк партияларда мындай команда жергиликтүү адистерден куралган, бирок Орусиядан атайын чакырылган саясий технологдор да бар.

“Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын билдиришинче, президент Алмазбек Атамбаевдин Социал-демократтар партиясына Орусиядагы бийликчил “Единая Россияга” иштеген адамдар жардам берип жатат. Аталган фракциянын лидери жана тизмесинин сап башында турган Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктаган да, төгүнгө чыгарган да жок:

- Мен кайдан, кимдер келгенин силерден угуп жатам. Өзүм 13 күндөн бери Кыргызстанды кыдырып жүрөм. Штабда эмесмин. Эл менен жолугушууларда жүрөм. Штабда Аалы Карашев, Болот Отунбаев отурган. Мен ошолор менен кабарлашып, ошолор менен иштешип жатам. Жеке мага эч ким келген жок жана мен эч ким менен иштешкен жокмун. Тиги жакта эмне болуп жатканын билбейм. Билбеген нерсени айтып алып калпычы болбоюн.

Иллюстрация
Иллюстрация

Мурунку парламенттик шайлоодо өзү күткөндөн алда канча аз добуш алып калган “Ата Мекен” партиясы бул ирет үгүт өнөктүгүнө көбүрөөк маани берип жаткандай. Аталган партияда да Орусиядан келген саясий технолог жүргөнү маалым болду. Такталбаган маалыматка караганда, ал дагы “Единая Россия” партиясын кайсы бир региондо жеңишин камсыздап берген адам.

“Азаттык” сураштырган айрым партиялар көбүрөөк добуш камсыз кылуу боюнча жергиликтүү адистерден турган топ менен иштеп жатканын айтып беришти. “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбековдун ырасташынча, бул топ негизинен чет өлкөдөн окуп, билим алып келген жаштардан куралган:

- Кыргызстанда 25 жылдан бери эле шайлоо өтүп келатат. Жергиликтүү саясий технологдор даяр болуп калыптыр. Чет өлкөлүктөрдү эле карап отура бермек белек, өзүбүздүн эле саясий технолодор менен эле иштеп жатабыз. Алардын арасында четтен, Орусия, Казакстан жана Батыш өлкөлөрүндө иштеп келген балдар бар. Өзүбүздүкү эле болгон жакшы да. Алар мамлекетибизди, элибиздин менталитетин жакшы түшүнөт. Илимдүү, билимдүү, саясий технологияны жакшы билген балдар иштеп жатат.

Үгүттү коштогон күркөлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

“Бир Бол” партиясынын саясий технологдору да жергиликтүү адистер болуп саналат. Аларды партиянын аткаруу комитетинин төрагасы, мурунку президент Курманбек Бакиевдин маалымат кызматынын башчысы жана президенттин, Жогорку Кеңештин аппаратында иштеп кеткен Досалы Эсеналиев жетектейт.

Эсеналиев 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Республика" партиясынын медиа жагын жетектеген жана шайлоону уюштуруп өткөрүү боюнча тажрыйбасы чоң:

- Биз эч кимди чет өлкөдөн чакырган жокпуз. Элдин менталитетин, кулк-мүнөзүн жакшы түшүнгөн, билген адамдар иштеп жатат. Алар ар кайсы чөйрөдөн куралган. Арасында журналисттер, эксперттер да бар.

Шайлоого даярдык
Шайлоого даярдык

Буга чейин айрым басылмалар “Өнүгүү-Прогресс” партиясына шайлоо боюнча мурунку президент Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчи орун басары Максим Каганер кол кабыш кылып жүргөнүн жазып чыгышкан. Аталган партия бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Каганер буга чейинки парламенттик шайлоодо “Республика” партиясынын саясий технологу болгону айтылган.

Азыр болсо “Республика Ата-Журт” партиясы жергиликтүү адистер менен иштеп жатат. Арасында ийгиликтүү, бирок такай көмүскөдө жүргөн ишкерлер, саясат таануучулар жана жарандык активисттер бар. Алардын бири Сергей Макаров:

- Саясий технологдор – бул ошол партия тууралуу уламыш ойлоп тапкан, ошол партияны шайлоодо жеңишке жетишинин рецебин ойлоп тапкан адамдар. Саясий технология өзү ондогон чакан долбоорлордон турушу мүмкүн. Ага бардык нерсе, тактап айтканда ошол партиянын концепциясынан баштап жолугушуулардын тактикасына чейин кирет. Жолугушууларды кайсы региондон баштап, кайсы региондо бүтүрүү керек, анда эмнелерге басым жасоо керек, видероликтерде эмнелер айтылышы керек жана кайсыл жерге жайгаштыруу зарыл, кимди сындап, кимди сындабаш керек деген нерселердин баары каралат.

Кыргызстанда быйылкы парламенттик шайлоо жана үгүт өнөктүгү өтө кымбаттыгы менен эсте калчудай. Маселен ошол эле четтен чакырылган саясий технологдорго кеминде 50 миң доллар, ал эми жергиликтүүлөргө 10 миңдей доллар төлөп берип жатканы сөз болууда.

XS
SM
MD
LG