Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Роза Отунбаева: Кылымга тете бир жыл


Президент Роза Отунбаева "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешүүдө, 26-декабрь.
Президент Роза Отунбаева "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешүүдө, 26-декабрь.

Жыл тогошоор алдында Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Өтүп бараткан 2010-жылы Кыргызстан дүйнө коомчулугунун назарын бурган окуяларга бай болду. Айрыкча апрель окуялары өлкө тагдырына жаңы из салды көрүнөт. Ошондон улам суроо: Сиздин оюңузча, 7-апрелде ыңкылап болдубу же төңкөрүшпү? Эгер ыңкылап болсо, ал мүдөөсүнө жеттиби?

- Биз 2005-жылы революция жасадык деп, коррупцияга каршы катуу эркибиз менен чыккан болчубуз. Ал революция, тилекке каршы, уурдалып кетти. Бакиевдин режими анын эч изин, тагын калтырган жок. Бийлик үчүн, үй-бүлөсү үчүн эле иштеп койду. 7-апрелдеги окуяга келсек, биз тазалоо жолундабыз деп айтат элем. Тазаланып, демократия жолуна түшүп келатабыз. Азыркы күчтөр элдин атынан, эл үчүн иштеп берсек, анан кийин гана аныктама берсек туура болот эле. Анткени, айтканга оңой, бирок, кийин ишке ашырылбай калат экен. Ким бирөө жемишти, үзүрүн жулуп алып кетет экен да, анан өзүнө пайдаланат экен.
Убактылуу өкмөт башчылыкка келген Роза Отунбаева өкмөт үйүнүн жанында, 2010-жылдын 8-апрели.

Биз 7-апрелде 7 талап аткарабыз деген элек. Аны аткардык. Ошонун ичинде үй-бүлөлүк кланды кетиребиз да, таза иштейбиз, эл үчүн иштейбиз дегенбиз. Эми ошол аткарылабы-жокпу? Чындап эле эл азыркы төңкөрүштөн пайда көрөбү же жокпу? Бир аз убакыт өткөндө жооп алабыз деп түшүнөм.

- 7 талап аткарылгандан кийин 7-апрель максатына жетти деп эсептейсизби?

- Сөзсүз жетти. Элге айттык, эл көрүп атат, өкмөт азыр өз мойнуна алып, уюлдук телефондор болобу, тарифтер болобу, ошонун баарын жоюп салды да. Анын баары элдин түйшүгү болот эле да. Ошондой эле уурдалган объектилердин бардыгын кайра мамлекетке кайтардык. Эми ошонун баарын сатып, аягына чыгып, акчасын элге жумшасак деген тилек. Азыр иштин ортосунда турабыз. Өзүбүздү революциячылар дейбиз. 17-жылкы революциячылар бизге жетпесе да, элге жетсин деп, ачкачылыктан өлүшкөн. А биз азыр чөнтөгүбүзгө салып атсак, өзүбүз үчүн иштеп атсак, үй-бүлөбүздү байытып атсак, туугандарыбызды жумушка коюп атсак, анда бул кандай ыңкылап, кандай төңкөрүш? Бакиевдикинен эмне айырмасы бар? Ошондуктан, биз ишибиз аркылуу тастыктайлы да, элге көрсөтөлү да ишибизди. Эл көрүп-билип, күбө болгондон кийин айтабыз. Мындай чоң окуяларга тарых баасын берет экен. Жакын жерден тоонун чокусу көрүнбөйт эмеспи.


Куру дымак жана кенебестик чоң саясатчыга жакпайт


- Мурдагы бийликти кулаткан күчтөрдүн 2010-жылы кетирген башкы катасы кайсы деп эсептейсиз? Эл ичинде ыңкылапчы лидерлердин ыркынын жоктугу аксатып койду деген сөз жүрөт.

- Муну эл деле миң мертебе айтты. Өзүбүз деле шайлоодон кийин, чоң иштерден кийин көрүп, көзүбүз жетип атат. Шайлоо деле сынак делгени менен канча күчтөр, каражаттар кийлигишти. Бу шайлоо деле таптаза сынак боло албайт экен. Мисалы, лидерлердин дымактары күчтүү болуп, мен өзүм эле кыйын, өзүм эле 50-60 пайыз парламенттен орун алам дегендер бир топ эле болду да биздин ыңкылапчылардын арасында. Бирок тилекке каршы, шайлоодо башкача жыйынтыктар чыкты.
Роза Отунбаева апрель ынкылабынан кийинки алгачкы маалымат жыйынында, 8-апрель.

Дымактар менен турмуштун, реалдуулуктун айырмасын биз көрүп жатабыз. Начар жактарынан мен сөзсүз амбицияларды айтат элем. Прагматикалык эсеп-кысап, көз караш бизде кем болуп атат. Жеке сапаттарыбызга таянып, мен кыйынмын, алып кетем, жулуп кетем дегендер көп болуп атат. Демократия - тандоо, ишти аныктоо, анда орустарда айтылгандандай “я - начальник, ты - дурак” деген логика такыр иштебейт экен. Эл менен эсептешүү, тандоодон өтүү, ишти туура уюштуруу эсепке алынбай калып атат. Шайлоодо менин коллегаларым жакшы уюштурбаган үчүн утулганына күбө болдук.

- Сиз шайлоодогу жеңилүү себептерин айттыңыз, бирок дагы тактагым келип атат: демократтык күчпүз дегендер эмне үчүн максатына жетпеди?

- Муну биз негизинен жыйынтыктадык. Эл бизге жардам берди. Сынын-баасын айтты. Ыңкылапта бир муштум болгон топ шайлоого чачыранды болуп чыкты. Алар бир күч болуп, ишти туура уюштурбай, оппонентиби же касыбы, аларды алсыз көрүп, бизге жете албайт, эл биз тарапта деген көз караштарга алдырып жиберишти. Өзүнө ишенген абдан жакшы сапат дечи, бирок күрөшкө чыгып атканда баарын эсептеп чыгыш керек да.

- Кудурет жетпей калды дейсизби?

- Антип айтпайм. Кудуреттүү эле жигиттер. Бирок чоң саясий акцияларда уюштуруу маселесине жаңы ыкмалар, технологиялар, мисалы, демократия күчтүү өнүккөн Американы деле көрүп жатпайбызбы, акча абдан чоң ролду ойнойт экен. Биздин шайлоодо да каражат үстөмдүк кылып кетти. Саясаттын сценасында таптакыр жок адамдар сахнага чыгып, тирилип келгенине күбө болдук.


Бакиевдер неге кармалбады?


- Бакиевдерди кармоо аракеттери уланып жатабы? Айрым булактарда, мисалы, Жаныш Бакиев ушул тегеректе эле жүрөт деп айтылат. Аны кармоого эмне тоскоол болууда - башкы колбашчы катары сиздин пикириңиз?
Курманбек Бакиев Тейит айылында. Жалал-Абад, 2010-жылдын 12-апрели.

- Чынын айтышыбыз керек, легитимдик майданга акырындап кирдик да. Ошого чейин мына тегеректеги өлкөлөр чоң эл аралык жыйындарга деле бизди чакырган жок. Июндагы референдумдан кийин мен бийликтин жалгыз өкүлү болуп бара баштадым. Ошондо да биздин кошуна өлкөлөр, башка алака түзгөн өлкөлөр парламентти, өкмөттү күтүштү. Ага жараша бир топ эл аралык долбоорлор иштеген жок. Мына ушул себептерден го, Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүн болобу, башка жогорку кызматта иштегендерди бизге кармап берүүгө эч жардам берген жок. Азыр болсо органдарыбыз сурап, аларды чакыртып, бул жерге алып келгенге толук укугубуз бар. Биз ошонун үстүндө катуу иштешибиз керек.

- Сизди июндагы референдумда кеңири колдоого ээ болсо да, чечкиндүү кадамдарга бара албай койду, “ыңкылаптын локомотиви” аталган 2005-жылдагы Отунбаевага окшобойт деп айтып жатышат. Сизге кимдер же эмнелер тоскоолдук кылып жатат?

- Биз бир нерсени моюнга алышыбыз керек, үч бийликтин башы – президент, парламент, өкмөт – үчөө тең менин мойнумда болуп калбадыбы. Бычактын мизи менен, жардын кыры менен өттүк го. Ушундай учурда Ошто кандай каргашалуу окуялар болуп аткан кезде чечкиндүү бир нерсени жасап койсоң, кан төгүлүп кетмек. Кайсы жерде болсо да. Биз ушул тогуз айда кеминде беш чоң чабуулдан өттүк го. Адеп эле бийликти алабыз дегендер көп болуп атты туш тараптан. Ошто чачынды болуп, ар жерде курч окуялар жүрүп атты. 400дөн ашык кишини түштүк жергесинде жоготтук, жүзгө жакынды Бишкектеги аянттын алдында жоготтук, канча жарадарлар, канча үй-бүлө кан жутуп отурду! Анан кайсы жагынан чечкиндүү болуш керек?
Жаныш Бакиев Тейит айылында, 11-апрель, 2010.

- Мисалы, “Азаттыкка” Бакиевди эмне үчүн кармашкан жок деген суроо көп түшөт.

- Мен, биринчиден, ЖККУнун Еревандагы саммитине жаңы эле бардым. Бизди суверендүү юридикалык субъект деп жакында эле таанып атышат. Ага чейин прокуратура берген каттар менен эсептешкен жок. Казакстандынбы, Орусиянынбы прокуратурасы, ички иштер кызматтары берген каттарыбызды кенеген жок. Башка өлкөнүн аймагына кирип иштей албайбыз, кармоо акцияларын жүргүзө албайбыз. Мына Беларусияда отурат Бакиев, мисалы. Орусия деле Березовский Британияда отурганын билет, дүйнөдөгү чоң держава деле алып келе албай отурбайбы. Конституция майданынан кескин чыгып кетип, кайта келдик да. Азыр бизде шарт бар.


Аттиң, Оштогу отту токтото албадык!


- Түштүк жаңжалы 2010-жылдын эң эле жаралуу окуясы болду. Ошто жаңжал чыгаарын алдын ала билгенбиз деп күч органдары айтып жүрүшөт. Андай болсо эмнеге болтурбай коюу мүмкүн болбоду? Ошол учурда сиз Оштогу, экинчи борбордогу резиденцияга барып иштесеңиз, балким башкача болот беле?

- Карап көрүңүз, биз 27-июнга чейин Конституцияны талкуулап, ага чейин бир дагы легитимдүү адам болгон жок. Мен жалгыз Убактылуу өкмөттүн башчысы болуп аттым. Кийин убактылуу президент катары шайлангандан кийин өзүмдүн коопсуздугум жөнүндө мага абдан көп кооптуу маалыматтар түшүп атты. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө, революциянын лидерлерине кол салуу акциялары даярдалып атканы жөнүндө бизге көп маалымат түшүп атты. Мен, мисалы, Ошто отурсам эмне болмок? Биз чынында Ошто көп кыйынчылыктарга дуушар болдук.
Кара түтүн каптаган Ош, 13-июнь.

Июнь окуясынын эң орчундуу себеби - ошол жерде кылмыш чөйрөсү баш көтөргөн. Себеби бийлик ээн калды, Бакиевдин бийлиги кетип, ордуна убактылуу бийлик келди. Түштүк тарапта болсо Бакиевдин үй-бүлөсү, жан-жөкөрлөрү, аны коштогон, ага жардам бере турган, кайра ордуна алып келебиз деген күчтөр тикесинен турбады беле. Криминалитет анын үй-бүлөсүнө да, өзүнүн кызыкчылыгына да катуу иштеди, байлыкка, түштүк жергесиндеги жөнөкөй жашоочуларга кол салды, байлыгын тартып алганга чоң аракет жасады, тартып да алды. Ошентип, башаламандыкка чоң түрткү беришти. Криминалитетти токтотконго күчүбүз жеткен жок.

Анткени, милициядабы, коопсуздук күчтөрүндөбү, мурунку режимге берилген кадрлар иштеп турушту. Алардын бир тобун тез-тез тиги же бул жакка которуп аттык, алып кетип аттык. Убакыт керек болуп калды ошону жасаганга. Бир тобун көрбөй да калдык кимиси ким экенин. Бакиевге кызмат кылып, бүгүн деле Бакиев келсин деп эңсеп жүргөндөр ушул күнгө чейин отурушат. Алар карапайым элди бири-бирине кагыштырды. Абдан өкүнүчтүү нерсе, криминалитеттин башында күч структураларынын арасында иштегендер да болду. Алар да ушул абалды пайдаланды.

Обама, Mina Corp жана сөз эркиндиги жөнүндө

- АКШ президенти Обама көптөгөн президенттердин ичинен Сизге өзгөчө ишаарат жасап, кенен кабыл албадыбы. Бул окуя АКШнын Кыргызстанга бөтөнчө мамилесинен кабар берет деп жатышат. Ошол эле кезде Кыргызстан көп жагынан Орусия менен чырмалышкан. Азыркы бийлик менен Орусиянын мамилесин кандай бааласа болот? Маселен, мурдагы президент Бакиев Орусиянын кыйыгына кантип тийип алганы эсиңиздедир...
АКШ президенти Барак Обама Роза Отунбаева менен, Нью-Йорк, 2010-жылдын 24-сентябры.

- Мен апрелден баштап бүгүнкү күнгө чейин президент Медведев менен, премьер-министр Путин менен беш-алты жолу жолугуштум. Жеке жолугуштум, топ жыйындарда жолугуштум. Биз ЖККУда, КМШда, ЕврАзЭШте, ЕККУда биргебиз. ЕККУнун Астана жыйынында жолугуп келдим алар менен. Биз тыгыз байланаштабыз, бүгүнкү жетишкендигибиз Орусия менен байланышта, 300 миң жараныбыз Орусияда жүрөт. Мисалы, өзүм 8 жыл Москвада окугам, университетин, аспирантураны бүтүп, кийин жүз жолу барып, анан СССРдин Тышкы иштер министрлигинде элчи болуп иштедим, бул системасынын продуктусумун десем болот, көп досторум, тааныштарым бар, үйүмдөй болгон. Ошондуктан мен ал өлкө менен жакынмын.

Америка океандын аркы тарабында. Кыргызстанга көңүл буруп, биздеги демократиялык өзгөрүүлөрдү байкап, көрүп, жардам берели дегендин эмнеси жаман? Биз ушундай позицияны таштасак, адеп бул америкачыл, бул россиячыл деп саясатчылардын баарын бөлүп, баарыбызга жарлыктарды тагып атканына мен каршымын. Мен кыпкыргызмын. Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын жактай турган адаммын. Булар болсо 200 өлкөнүн арасынан бизге көңүл буруп атса, өзүң айткандай, быйылкы Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун башкы сессиясында, демек, биздеги өзгөрүүлөргө баа берип, Кыргызстандагы демократия бутуна туруп кетсин деген эле нерсе. Анан биз да өзүбүзгө керектүү көп экономикалык маселелерди чечкенге аракет жасадык. Мисалы, экономикалык өнүгүү фондусу дегенге кол койдук ошол замат, азыр буудай сатып алганга дагы булар акча бөлүп атат.

Американын транзиттик борборунда май куйуучу продуктыларды берген жерди президент Обамага так айттым, ал киши да макул болду. Азыр куюп аткан компания «Мина корпорейшн» дегендин туура эмес жасап атканын, Бакиевдин үй-бүлөсү менен түп-түз байланышы бар экенин аныктап атабыз, коррупциянын баарын токтотолу да, азыр мамлекеттик мекемени бутуна тургузуп атабыз, ошол аркылуу биз учактарга май куюучуларды берип отуруп, өзүбүздүн бюджетибизге акча топтойлу деген ойду айтсам, Обама макул болду.

- Сиздер үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштү башкы максат катары жарыялаган элеңиздер. “Эл оозунда элек” жок дейт, “Мина корпорейшн” келишимине сиздин өтө жакын адамдарыңыз катышкан деген кептин төркүнү кайдан деп ойлойсуз?
АКШнын Бишкектеги транзиттик борбору.

Мен ойлойм, акты кара, караны ак дегенге деле, мына жалпы эл турат, элдин да көзү, кулагы бар, ушундай калп сөзгө, жөн эле жалаага маани бербейт деп ишенем. Мага деле кир жукпайт. Мен өзүм таза жүрсөм, апрелде келдим Убактылуу өкмөт менен, мага бир тыйын кошулган жок, эч кимден эч нерсе алган жокмун, эч бир тууганымды жумушка койгон жокмун. Mina Corp «Вашингтон пост» деген гезитте эки жолу айтылды. Мен өзүм Американын президентине айтып атсам, бул кандай макоолор жанагыдай ойлойт, таң калам. Чет өлкөлүк гезиттер бир нерсени айтты: Mina Corp өкүлү Эркин Бекболотов деген Кыргызстандын эле жараны экен, азыр Канаданын жарандыгын алып алыптыр, ошол компанияда иштейт экен. Менин уулум менен жолугуптур. Уулумду сууруп барып ага жолуктурганы - булардын күчкө салып атканы. Менин уулумдун эч тиешеси жок буга. Ошол жерде чет өлкөлүк гезит бул жолугушуу эч натыйжасыз болду, эч нерсе берген жок дегендей айтты.

Булар көнүп калыптыр да, ар бир президенттин уулунун көңүлүн алып, пулун чөнтөгүнө салып койсо, бузуп өзүнө тартып алса эле булардын иши бүтөт деп. Менин уулум - эстүү уул. Алар менен жолугушканда эч тиешем да жок, эч нерсени билбейм деп айтыптыр. Эми ошону бурмалап атышат.

Мен ойлойм, Mina Corp боюнча ишти биз аягына чейин жеткиребиз. Керек болсо азыр Кыргызстанга күйүүчү майлар Ливиядан, Грециядан келет экен, жалаң эле Орусиядан келбейт экен, жердин түбүнөн келет экен. Ташып аткан компаниялардын баарын биз текшерип чыгабыз. Биз түзгөн мамлекеттик компанияны бутуна тургузабыз, транзиттик борбор ушул жерде болгонуна жараша кыргыз элине гана киреше, пайда көрөбүз. Мисалы, менин үй-бүлөмө, же менин чөнтөгүмө Американын транзиттик борборунан бир тыйын түшпөйт. Түшүп аткандарды биз көрүп атабыз, ошолордун баарын биз аңтарып, текшерип туруп аягына чейин чыгабыз.

- Эми жеке өзүңүзгө байланыштуу бир нече суроом бар эле. “Асман пресс” Лондондун Челси аймагында Сиздин үйүңүз бар деп, сүрөтү менен жарыялады. Ушул эле гезиттин мурдагы маалыматын “Азаттыкка” июндун башында берген интервьюңузда төгүндөдүңүз эле. Гезит бул маалыматты жакында кайра баскан экен...

- Мен мындай деп айтат элем: өмүрүбүз коркунучка кабылса да, эркин пресса болсун деп чоң аракет жасадык. Ошондой эркин пресса Кыргызстанда боло берет. Билгенин, каалаганын жазышсын, бирок жоопкерчилик да болот. Мисалы, мен азыр сотко берсем бул гезитти, өлкө башчысы катары мага жарашпайт, бул биздин өкмөттүн, биздин өлкөнүн принциби. Менин оюмча, булар тийишип атат, керек болсо тамашалап атат, же болбосо ачуу максаты бар болсо, анда булар ойлоп көрүшсүн. Мен билем кандайча пайда болгонун, «Дизел» сайтынан алып чыгып өзүнүн гезитине чаптап атат. «Асман прессти» бүгүн сотко берсем, алар айтат «Дизелден» алдык деп. Ал жерден ким чаптаганын таппай калабыз. Аны балдар ойноп эле чаптап коюшуптур.
Президент Роза Отунбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 26-декабры.

Булар биринчи жолу жазганда, жеңил пресса болобу, олуттуу пресса болобу, баары бир мен сөзсүз жооп берейин дедим. Биздин пресс кызмат аркылуу жооп бердим, эч кандай үйүм жок ал жерде деп. Бирок «Асман пресс» ойноп атат, кайра эле чаптап атат. Менин оюмча, прессада жоопкерчилик сөзсүз болуш керек. Мен да ыгын таап, прессаны жоопкерчиликке такайм бир күнү. Мен ойлоп атам: чындан эле тамашалап, тийишип атат, бир саясатчы жагат, бири жакпайт. Балким, «Асман пресске» мен жакпайм. Биз билебиз кайсы гезиттер кимди жактырарын. Булар болсо жалаа жаап, жок нерсени гезитке бере берсе, жеке адам катары мен да намысымды коргогонго, сактаганга укугум бар. Кыргызстанда толуп аткан байлар бар, балким, алардыкы бардыр. Мен өз жообумду айткам, эч кандай андай үйүм жок, Бишкекте үч бөлмөлүү батирим бар, эмнем бар экенин пресса өзү билип алса болот.


Аял башым менен "бурлак" болдум


- Келерки жылга кандай үмүт артып атасыз?

- 2011-жылы биз абдан көп иштешибиз керек. Азыр бийликтин үч бутагын тең ордуна коюп алдык. Көп жаш жигиттер келди. Тилекке каршы, эркек өкмөт болуп калды. Булардын баары иштейм деп жулунуп турган кези, иштесин. Биз экономиканы бутуна тургузушубуз керек. Парламент өкмөткө ыңгайлуу мыйзамдарды жазып бериш керек. Мен президент катары өкмөт колу жетпеген көп приоритеттүү маселелерге өз көңүлүмдү бурайын деп атам. Улуттар аралык катнаштар, маданият, искусство, билим берүү, коррупцияга каршы иштер боюнча көп иштейин деп өзүмдүн алдымда приоритеттерди коюп атам. Биз абдан көп механизмдерин иштеп чыкканбыз. Ошону бутуна тургузалы деп атабыз.
Кыргызстандын жаңы парламенти.

Кадр маселесинде азыр эле министрлер ордуна келалбай туруп, орун басарларды өзгөртөм, ооштурам деп атышат. Менин укканым боюнча, премьер-министр аларга катуу айтыптыр, биринчиден, өзүңөрдү көрсөткүлөчү иштей аласыңарбы, же жокпу, бир айдан кийин балким өзүңөр да кетесиңер деп. Ошентип, алар тыйылып калыптыр. Биз жаңы эле көрдүк, Чүй облусундагы губернатор боюнча премьер-министр кандай чечкиндүү кадамга барганын. Бул баарына үлгү деп ойлойм.

Мурунку режимден айырмаланып ар бири ордунда туруп, экономикада болсунбу, башка тармактардабы чечкиндүү кадамдарды жасап, Кыргызстанды бутуна тургузуп, биз алдыга жылып кетсек. Келерки эки жыл тынч болуп турса эле биз алдыга кетебиз деп ишенем. Келерки жыл абдан көп эмгектене турган, жети терибиз агыла турган жыл болсун деп каалайт элем. Иштешибиз керек, чарчабашыбыз керек, иш көп, биз ушул үчүн 7-апрелдеги ыңкылапты жасаганбыз.

- Журт башчысы катары сизди бул жылы баарынан көп эмне санааркатты?

- Эң эле өкүнүчтүү: 7-апрелде абдан каргашалуу окуя болду, Ак үйдүн маңдайында массалык атуу деген дүйнө жүзүндө акыркы 10 жылда болгон жок окшойт. Дүйнөнүн баарынын чачын тике тургузду. Ошондой эле, тилекке каршы, 20 жылдан кийин кайра Ош жергесинде эки элдин ортосундагы жаңжал чыгып, бейкүнөө адамдардын өлүмү баарыбызды чоң кайгыга салды.

- Эмнеге же кимге өтө ачууңуз келди?

- Ушундай карагашалуу окуяны жаcаган адамдарга ачуубуз келди.
Президент Роза Отунбаева "Азаттыктын" кабарчысы Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берүүдө, 26-декабрь.

- Бир жылдан кийин сиздин президенттик мөөнөтүңүз аяктайт. Саясий келечегиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Чарчабай туруп, Кыргызстанга колуман келгенче жардам берсем деп ойлойм. Бул сөзсүз эле өкмөттүк жумуш болбош керек. Менин колуман али көп нерсе келет. Менин дүйнөдө көп байланыштарым, тааныштарым бар. Ошолордун аракети, колунан келген пайдасын Кыргызстанга алып келгенге, ушул жерде да жети дубанда, өлкөнүн төрт бурчунда миңдеген адамдарды жекеме-жек тааныйм. Колуман келишинче аракеттин баарын жасайм деп ойлойм.

- Эс аласызбы?

- Чынын айтканда, мен абдан чарчадым. Катуу эле чарчадым. Жакында Түркияга барганда «Per museum» деген живопись музейи бар экен, ал жерге барсам Санкт-Петербургдагы орус музейинен Репиндин «Бурлаки» деген сүрөтүн алып келип, ошол жерде тартуулап атыптыр түрктөргө. Музейдин куратору менен сүйлөшүп атып, мен бурлаки дегенди түшүндүрүп атам, мен быйыл анык бурлак болдум, чоң дарыянын бир жээгинен экинчи жээгине чейин түртүп деп. Абдан эле оор нерсе болду, ошону жеткиргениме кубанычтамын.

- Рахмат маегиңизге.


Роза Отунбаева: Кылымга тете бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG