Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Текебаев саясаттан кетеби?


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Фабула” гезити СДПК эмес, Атамбаев жеңди” деген макала менен жаңы санын ачты.

“Вечерний Бишкектин” 48 беттик калың саны жарык көрдү. Гезит Кыргызстандын тагдырын Акаев менен Бакиевдердин кланы чечкен доор өтүп, өлкөдө партиялык элитанын жаңы фазасын түзүү процесси башталганын белгиледи. Журналист Эльвира Темир шайлоону талдоого алган макаласын жарыялап, жети проценттик тосмодон өткөн партиялар эми мандаттын тагдырын чечүүгө киришкенин, айрым бир кабарларга караганда өзүлөрүнө тапшырылган участоктордон жетиштүү добуш топтоп бере албагандар депутаттык мандат алалбай каларын айтып жатышканын, маселен “Ата Мекен” партиясынан депутат болбой калчулардын катарында Жоомарт Сапарбаев менен Жоомарт Оторбаев барын, ошентип эски саясатчылар акырындык менен аренадан сүрүлүп баратканын, “Ата Мекендин” лидери, дасыккан саясатчы Өмүрбек Текебаев да өзүнүн парламенттеги жолу акыркысы болорун, 2020-жылкы шайлоого “Ата Мекен” жаңы лидер менен барарын айтканын мисалга тартты.

"Фабула" гезитиндеги “Алдамчылык башталды” деген макалада КСДПдан башка партиялардын баарында ыркырашкан мандат талаш, нааразылык, жакалашмай, сөгүшмөй башталганын, андыктан шайлоочулар интернет менен гезиттерден көргөн тизмелер өзгөрүшү мүмкүндүгүн кабарлады.

Баратбай Аракеев “Кадам ушул” аттуу макаласында парламент жөнүндө, шайлоо жөнүндө, уткандар менен утулгандар жөнүндө жазып, “Республика - Ата-Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов эмитен эле премьерликти көздөп, жаңы өкмөттү түзүп, өкмөт башчыны алмаштыруу керек деп чыга баштаганын эстетип, “Бирок биздин баамыбызда Сариев жакшы иштеп жатат. Эгер Темирдин ордуна башкасы келсе, иш баягычылап артка кетет. Бул деген жалгыз менин пикирим эмес. Эгемендик алгандан бери 26 премьердин алдыңкысы да ушул Сариев болду көрүнөт”, деп билдирди. Ушул санга берген маегинде КСДПнын мүчөсү Ырыскелди Момбеков, мындай таза шайлоо кыргыз элинин тарыхында болбогондугун айтуу менен парламентке барары менен акча тараткан арам депутаттарды кокодон аларын, кол тийбестикти алып салуу маселесин көтөрөрүн, кол тийбестик маселеси чечилсе парламенттик шайлоо мындан да таза өтөрүн, коом да тазара баштарын кеп кылды. “Фабула” гезити ошондой эле мамлекеттик ишмер Жумагул Сааданбековдун айтылуу Кыргыз эл акыны Омор Султанов тууралуу “Кыргыз поэзиясынын классиги” деген макаласын тартуулады.

“Кыргыз туусу” гезити санжырачы Азиз Мамбетмусаевдин “Бурмалап жазбайлычы, байболгурлар же Тилекмат аке жөнүндө” деген макаласын жарыкка чыгарды. Автор черик уруусунан чыккан Жылкыайдарды саруу кылгандарга, Жылкыайдардын уулу Тилекмат чеченди баргы кылгандарга көзү өткөн санжырачылардын да, белгилүү тарыхчылардын да жазып кеткен эмгектерин каршы коюп, чыныгы фактыларды мисалга тартуу менен Жылкыайдардын да, Тилекматтын да черик экендигин дагы бир ирет далилдеп берди.

Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү Кожогелди Култегиндин “Алыкул Осмоновдун Түркиядагы ооматы башталды” деген аталыштагы маеги жарык көрүп, улуу акындын 100 жылдыгына карата Түркияда көрүлүп жаткан иштерди баяндады.

“Де-факто” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоодон кийинки “Биз таза жана адилеттүү шайлоо өткөрө алдык” деген сөзүн басты. Гезит ошондой эле өтпөй калгандардын күңкүл сөздөрүнө орун берди. Бул сандан сиздер Орусиянын президенти Путин 63кө чыкты деген, Океев 80ге чыкмак деген фото баяндарды, талантуу жазуучу Сейит Жетимишовдун жаңы ырларын, “Жараткан бергенинин баарын алат, бир гана өнөр өлбөй аман калат” деген баштеманын алдында 52 жашында дүйнө салып кете берген таланттуу акын Барчынбек Бугубаевди эскерүүлөрдү, акындын жубайы, дагы бир таланттуу акын Венера Бөлөкбаеванын маегин, таланттуу акын кызыбыз Назгүл Осмонованын жаңы ырларын окуйсуздар.

“Айбат” гезити аркылуу пикирин билдирген академик Жамин Акималиев “Президенттик шайлоодо мындан да таза шайлоого жетише турган болсок, кийинки президентти да татыктуу шайлап алабыз” деп айтты. Шайлоо тууралуу пикирин билдирген укук коргоочу Азиза Абдирасулова, шайлоонун ызы-чуусуз башталып, ызы-чуусуз болгону кубандырып жатканын, шайлоо таза жана акыйкат өткөнүн, ал эми жеңилип алып шайлоону күнөөлөп жаткандар курулай сүйлөй бербей конкреттүү фактылар менен айтса эп болмогун, ал ошондой эле мурдагы парламенттен чыныгы оппозицияны көрө албаганын, Өмүрбек Абдракманов, Равшан Жээнбеков, “Ата Журт” партиясы да оппозиция боло албаганын сөз кылды.

XS
SM
MD
LG