Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

ОшТВ өкмөткө өттү


Мамлекеттик мүлк фондунун түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Олжобай Осмоналиев ОшТВнын жамаатына жаңы директор дайындалганын жарыялоодо.
Мамлекеттик мүлк фондунун түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Олжобай Осмоналиев ОшТВнын жамаатына жаңы директор дайындалганын жарыялоодо.

Сот чечими менен ОшТВны өз көзөмөлүнө алган мамлекеттик мүлк фонду ага жаңы директор дайындады. Бирок каналдын мурдагы жетекчиси ордун бошотпой жатат.

ОшТВнын буга чейинки жетекчиси Шаирбек Маматокторов жаңы бекилген директор Керим Калыкуловго ордун бошотпой, Жогорку Сот чечимин күтүүнү талап кылууда. Айрым байкоочулар да бийликтегилер эртерээк чечим кабыл алып жиберди деген пикирде.

Талашы бүтпөгөн телеканал

Оштогу райондор аралык сот быйыл 31-мартта ОшТВнын буга чейинки сатылышы жана сатып алынышы мыйзамсыз болгон деген чечим чыгарган эле. Соттун бул чечимине ылайык, телеканал Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өтүшү керек. Бирок соттук териштирүүлөр али толук аягына чыга элек. Буга карабай мүлк фонду ага жаңы директор дайындап жиберди.

Мамлекеттик мүлк фондунун түштүк аймактык бөлүмүнүн өкүлү Олжобай Осмоналиев 2-июлда ОшТВнын жамаатына келип, жаңы директор дайындалганын жарыялады:

- Сот чечиминин негизинде сот аткаруучулар Худайбердиевдин мүлкүн конфискациялоо актынын алкагында ОшТВны мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүп беришкен. Бул телеканалдын мүлкүн толук сактап, толук кандуу директор келмейинче бул ишкана азыр биздин карамагыбызда турат. Мына кечээ 27-июнда, маданият жана маалымат министри Камила Талиеванын сунушу менен биз атайын буйрук чыгарып Керимбек Калыкуловду ОшТВга директор кылып дайындадык.

Жаңы дайындалган директор Керимбек Калыкулов телеканал мындан аркы ишмердүүлүгүндө кайсы бир тарапты жамандап, кайсы бир тарапты мактабасын айтты:

- ОшТВ мындан кийин мамлекеттик канал болуп саналат. Бирок каналдын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча айтсам, бирөөнүн камчысын чапкан каналга айланбайт. Мындан ары компанияда бир адам кожоюн болбойт. Ошондуктан телеканалга түшкөн акча аны өнүктүрүүгө, кызматкерлердин маяналарын жогорулатууга жана жаңы техникалык каражаттарды сатып алууга гана жумшалат. Мен канча иштесем да, коллективде ушул курамды толук сактап калам. Келечекте санариптик системага кирип, буюрса андан да өзүнчө бир жыштык алабыз.

Бирок мындан аз өтпөй эле ОшТВнын буга чейинки директору Шаирбек Маматокторов келип, бул чечим мыйзамсыз экенин, кабинетин бошотуп бербей турганын билдирди. Тараптар бир топко ызы-чуу болуп, талашып-тартышып турушту. Бир убакта телеканалдын айланасында милиция кызматкерлери жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү да пайда болду. Ал ортодо Маматокторов УКМКга чакырылып, барып келүүгө да үлгүрдү.

Канткен менен Шаирбек Маматокторов телеканалга жаңы жетекчи дайындоону басып алуу деп баалайт:

- Кадимкидей иштеп аткан жерден булар эч кандай эскертүүсүз, эч нерсеси жок эле тапыр-тупур кирип келишти. Канчалык мыйзамдуу болгон кезде деле бул иштерде өзүнүн процедуралары бар. Анан бул деген жөнөкөй бир контейнер, же дүкөн эмес, бул деген чоң бир олчойгон телеканал. Сырттан караган кишиге бул кадимкидей эле сөз эркиндигине кысым, анын оозун жабуу жана менчик мүлктү басып алуу. 4 жылдан бери эмнеге мамлекетке албай келишкен? 4-5 колго өтүп, анан ал орусиялык инвестор Кротовго өтүп, эми реалдуу иштей баштаганда тартып алып атышат? Мунун бардыгы мыйзамдуу эмес кыймыл-аракет. Мен Жогорку Соттун чечими чыкмайынча өз ордумду бошотуп бербейм жана андан азырынча үмүт да кылышпасын.

Маалым болгондой, ОшТВнын ээси делип жаткан Максим Кротов берген апелляциялык арыз боюнча 11-июлда Жогорку Сот телеканалдын ишин карашы керек.

Окуяга аралашып жаткан компаниянын жактоочусу Айгүл Матиева да абал түшүнүксүз болуп турганын белгиледи:

- Ош райондор аралык сотунун чечиминин негизинде Худайбердиевдин телеканалы бүт мамлекетке өткөнү чын. Бул соттун чечими менен болуп жаткандан кийин аны мыйзамсыз деп айта албайбыз. Худайбердиевге байланыштуу сот чечим чыгарган, бирок Кротовго тиешелүү соттун чечими азырынча жок. Башкача айтканда бул жерде эки тараптын тең позициясы туура. Эки ортодо кандайдыр бир нонсенс болуп жатат. Ошону үчүн бул иштин баарын сотто чечүү керек.

Арсар кадам, эки анжы жамаат

Бир апта мурдараак ОшТВнын жамааты Маматокторовго нааразылык иретинде массалык түрдө жумуш таштоого барышканы да белгилүү болду. Кантсе да учурда каналдын журналисттери экиге бөлүнүп калган кез. Айрымдары мурдагы директор тарап болсо, көпчүлүгү жаңы жетекчиликти колдоого алышууда. Мамлекеттик мүлк фондунан болсо жаңы директор ОшТВда кадимкидей иштей бере турганын жана эгер Жогорку Сот Кротовдун пайдасына чечип берсе, кайра аларга өткөрүп беришээрин белгилешти.

Кантсе да байкоочулар бийликтегилер бул ишти эртелетип ийди деген пикирде. Медиа-эксперт Данияр Садиев буларга токтолду:

- Жогорку Сот карай электе жасалып жаткан бул аракеттер чынында түшүнүксүз болуп турат. Эгер мамлекет ОшТВны өзүнө алган күндө деле 2010-жылдан кийинки сатып алынган техникалар, азыркы имарат кийинки кожоюндарга таандык. Соттун чечими менен конфискация кылган учурда алар ошо ээлеринде кала берет. Андай болгондо ОшТВда 2010-жылга чейинки кичинекей имараты менен аз-маз жабдыктары, жыштыгы менен лицензиясы гана калат. А аны менен телеканалдын ишин жүргүзүп кетүү кыйын. Алардын баарын толуктоо кайра өтө чоң сумманы талап кылат. Ошондуктан бул жерде ОшТВ деген бренд талаш болуп атат десек жаңылыштык болбойт. Анын үстүнө компаниянын Оштогу чоң аудиториясы жана чоң кирешеси да тараптарды ушу күрөшкө түртүп жатат.

ОшТВ республиканын түштүгүндөгү алгачкы менчик телеканал. Аны 1990-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы июнь калабасынан кийин ал өлкөдөн чыгып кеткен. Көп өтпөй ага ошол кандуу калабага тиешеси бар деген айып тагылып, сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган. Андан соң телеканал Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго өткөнү айтылган. Ушул жылдын 15-апрелинде телеканал орусиялык ишкер Максим Кротовго сатылганы белгилүү болгон.

31-мартта Оштогу райондор аралык соту телеканалдын буга чейинки сатылышы жана сатып алынышы мыйзамсыз болгон деген чечим чыгарган. Натыйжада телеканал автоматтык түрдө биринчи ээси, учурда издөөдө жүргөн Халилжан Худайбердиевге өтүп, бирок анын дүнүйө-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерген мурдагы сот чечимине байланыштуу өкмөткө өткөн. Башкача айтканда менчик телеканалга эми мамлекеттик мүлк фонду ээлик кылышы керек.

ОшТВнын директорлугуна жаңы дайындалган Керимбек Калыкулов буга чейин ОшМУнун басма сөз катчысы, “Үмүт” телестудиясынын директору, шаардык “Ош шамы” гезитинин башкы редактору, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.

Канткен менен ОшТВдагы талаш-тартыш муну менен эле бүтчүдөй эмес. Эми кийинки кадамдар Жогорку Соттун чечимине байланыштуу болот.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG