Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

Талас: маңзаттан чыккан талаш


Милиция менен кагылышуудан кийин топтолуп тургандар. Таластын Көк-Сай айылы, 29-июль, 2013.
Милиция менен кагылышуудан кийин топтолуп тургандар. Таластын Көк-Сай айылы, 29-июль, 2013.

Көк-Сай айылындагы бул чатакка маңзат табылды деген жүйөө менен бир үйдү тинтүү аракеттери себеп болду.

Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын тургундары шейшембиде жыйынга чогулуп, өткөн кечтеги чатактын чоо-жайын маңзатка каршы күрөшүү жана милиция кызматкерлери менен бирге талкуулашты. Күч органдары маңзат сактаган адамды кармоого жергиликтүүлөр тоскоолдук кылганын айтууда.

Асманга ок атылды

29-июлда кечке жуук аталган айылдын тургуну Абдымалик Турсункуловдун үйүнөн маңзат табылды деген жүйөө менен маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн. Жергиликтүү эл бул тинтүүнү күч органдарынын атайын жасалган чагымчыл аракети деп каршылык көрсөткөндө милиция асманга ок чыгарган.

Айыл четиндеги жаңы салып жаткан үйүнөн маңзат табылды делген Абдымалик Турсункулов бул ишти чагымчылык катары баалайт:

- Менин түшүмө дагы кирбеген нерсе болуп жатат. Мен дыйканчылык жана башка иштер менен гана оокат кылып келем. Бул үйдө ондон ашык куруучулар иштеп жаткан. Кечээ күнү усталарым кеткенден кийин тоого барып кайра келсем, ушинтип ызы-чуу түшүп калыптыр. Айнектердин баары ачык болчу. Бул деген чыныгы чагымчылык.

Бул окуядан соң, бүгүн түшкө жуук айылдын 200 чамалуу тургуну чогулуп, бийлик өкүлдөрү менен жыйын курду. Жергиликтүү эл Абдымалик Турсункулов Көк-Сай айылындагы коңшу Казакстан менен талаштуу аймак боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөсү болгондуктан бийлик атайлап ушундай иш жасап жатат деп эсептешет.

Алардын бири айылдык кеңештин депутаты Кубаныч Иманалиев:

- Бул киши айылдан ондогон гектар жерге төөбуурчак айдап иштеп жүрөт. Жаңы салынып жаткан үйүнөн табылды дегенде айылдагы 11 депутат чогулуп келдик. Жаңы салынып жаткан үйгө шантаж кылып, маңзат таштагандан уялыш керек да. Чагымчылыкты дагы жөндөп жасай алышпайт....

Маңзат табылды делген үй
Маңзат табылды делген үй
Кечээги окуяга күбө болгондор Маңзат менен күрөшүү боюнча агенттиктин кызматкерлери тинтүүнү мыйзамсыз жүргүздү деп эсептешет. Ошондон улам айылдык активист Расул Насирдинов жыйында бийликке бир катар талаптар коюлганын айтты:

- Турсункуловдун үйүнө жасалма документтер менен келген. Ушуну ким же кайсыл уюшкан топ уюштурса да кылмыш жообуна тартылсын. Биздин аргабыз калган жок. Президентке дагы кайрылып көрдүк. Бийликке 3 күн убакыт беребиз. Эми аргасыздан Жамбылга кеткен “Быстроток” каналын тособуз, салык жана башка мамлекетке төлөнүүчү төлөмдөрдү төлөөдөн баш тартабыз.

Тинтүү күмөн жаратты


Окуяга күбө болгон адистер дагы тинтүүдө күмөн жараткан жагдайлар бар экенин айтууда. Анткени Абдымалик Турсункуловдун үйүн тинтүүгө уруксат берген Талас шаардык сотунун токтому 29-июль, саат 16:00 деп жүрөт. Ал эми тинтүү дал ушул күнү, ушул саатта жүргүзүлгөнү андан кийин түзүлгөн расмий документтерде белгиленген.

Сөз акыйкатчынын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери Татыбек Жуманалиевде:

- Тинтүү боюнча соттун токтому 29-июль, 16:00 деп чыгып жатса, тинтүүдөн кийинки түзүлгөн протоколдо да 29-июль, саат 16:00 деп жүрөт. Ал эми Талас менен Көк-Сай айылынын аралыгы 112 чакырым. Аралыктагы жол 1 же 2 саат убакытты алат. Ошондон улам тинтүү мыйзам чегинде жүргүзүлдүбү деген күмөндүү ой жаралууда.

Маңзат менен күрөшүү агенттигинин Талас облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, кечээ тинтүү боюнча топту жетектеп барган Батырбек Айтбаев чогулгандардын алдында тинтүү боюнча токтомдо катачылыктар кеткенин моюндады.

- Бул тинтүүгө берилген кагазды текшергенге менин акым жок. Аны тергөөчү өзү чечет. Соттун токтомун окуган жокмун, мен аны моюнума алам. Аны кечээ эле сиздерге айткам. Соттон катачылык кеттиби, же тергөөчү ката жаздыбы - аны билбейм. Мен моюнума алам, токтомду окуган эмесмин.

Аталган кызматтын облустук өкүлчүлүгүнөн алынган маалымат боюнча, 19-июль күнү Көк-Сай айылына улагалаш жайгашкан кыргыз-казак чегиндеги чоң шынаага жакын 21 гектар жерде өстүрүлүп жаткан салмагы 2580 тонна- 8700 түп баңги өсүмдүгү табылган. Азыр аталган маңзат менен кечээги табылган шектүү заттын окшоштугун текшерүү боюнча экспертиза жүргүзүлүүдө.

Ал эми кечээ күнү нааразы болгон эл менен тинтүүгө келген кызматкерлер кагылыша кеткенде топту коштоп келген облустук милициянын атайын даярдыктагы кызматкерлери эскертүү иретинде асманга ок чыгарганы кабарланган эле. Бул боюнча ички иштер министрлигинин базма сөз катчысы Жоробай Абдраимов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Талас облустук ИИБинин атайын тобу табелдик тапанчасынан эскертүү иретинде ок чыгарган. Ал жерге чогулган 100 чамалуу тургундар маңзат менен күрөшүү агенттигинин кызматкерлерин унаадан сүйрөп чыгып сабашкан. Андан тышкары териштирүү учурунда айылдык участкалык инспекторду дагы сабашып, Кара-Буура райондук ИИБинин кызматтык унаасын талкалашкан.

Үйүнөн маңзат табылды деп шектелип жаткан Абдымалик Турсункулов Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча көз карандысыз комиссиянын мүчөcү. Айыл тургундары 7-июлдан 18-июлга чейин Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. Кийин бул жерди аныктоо боюнча жергиликтүү кеңеш атайын көз карандысыз комиссия түзгөн эле.


Таластагы маңзат чатагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

XS
SM
MD
LG