Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Чубак ажы Жалилов: Диний жиктелүү коркунучтуу


Дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда турган АКШ-Иран маселеси, дааватчылардын оң-терс жактары туурасында Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов ой бөлүштү.

“Азаттык”: Ушу тапта, Иран-АКШ мамилеси курчуп турат. Кыргызстандагы мусулмандардын позициясы, пикири бул маселеде кандай болуш керек? Анткени, кээ бир мечиттерде, же көчөлөрдө болсун, айрым бир динчил адамдар жана имамдар Иранды жактап, АКШга же Израилге каршы чакырык жасаган учурлар да болууда.

Жалилов: Албетте, мусулман адам өз мамлекетинин келечегине, өз элинин эгемендиги - эркиндигине кабатырланбай койо албайт. Сөзсүз түрдө ойлонот. Бирок ошонун баары акыл-эстин чегинде гана болушу керек.

Ал эми Иранга жан тартып, Американы жектеп, же тескерисинче, Иранды жектеп, Америкага жан тартып сүйлөгөн учурда, ал өзүбүз үчүн туура сезилиши мүмкүн. Бирок андан тескери тыянактар чыгып калышы да ыктымал. Себеби биз өзүбүздүн сөзүбүз менен адамдардын арасында козголоң чыгарып коюп, бирок эч кандай саясий чечимге жете албашыз мүмкүн.
Бизге сөзсүз түрдө даават керек, муну куткаруу деп атасак болот. Анткени кумар оюндарына кирип кеткен, аракеч болуп кеткен көптөгөн адамдарды куткаргандар дааватчылар болуп жатат....

Ошондуктан, мен имамдарга эгер сиз кайсы бир маселени туура деп чечсеңиз, аны саясий жетекчилерге билдириңиз деп айтаар элем. Бирок эл арасында толкундоолор чыгып кетпеши үчүн, ынтымак үчүн аны элге айтпаса, элди козгобосо дээр элем.

“Азаттык”: Эл ичинде дааватчыларга карата көз караш бирдей эмес. Алардын үй-үйгө чейин кирип барганына нааразылыктар бар. Андан тышкары, дааватчылар ата-энелерин, бала-чакасын таштап, жер кезип кеткенин да жактырбагандар бар. Бул көрүнүштү бир эрежеге, тартипке салуу үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

Жалилов: Бизге сөзсүз түрдө даават керек, муну куткаруу деп атасак болот. Анткени кумар оюндарына кирип кеткен, аракеч болуп кеткен көптөгөн адамдарды куткаргандар дааватчылар болуп жатат. Албетте иш, кыймыл-аракет болгон жерде сөзсүз түрдө кемчилик болбой койбойт. Ушул кемчиликтерди жоюу максатында кыргыздын кыртышына туура келе тургандай тариздеги даават болсун деген аракеттерди көрүп жатабыз. Бул жаатта бир жарым жылдан бери дааватчылардын курсу иштеп жатат. Ал жерде дааватчыларга илим-билим берилип, алардын түшүнүктөрүн кеңейткен иш-чаралар жүрүүдө. Бул өз жемишин берип жатат.

Ал эми дааваттын жолу менен эмес, жөн гана галстук тагынып, чыкыйып барып, же телевизордон сүйлөгөн учурда деле исламды жактырбаган адамдар бар.

Экинчиден, биз салыштырмалуулук дегенден алыс болуп жатабыз. Чындыгында эле дааватка чыгам деп, үч күнгө, кырк күнгө чейин үй-бүлөсүн таштап кеткендер бар. Бирок ошондон мурда төрт жыл арак ичип, үй-бүлөсүн таштап кеткен учурду такыр айтпайбыз. Ошондой эле адам арак ичип, кургуйга түшүп кеткенде жаныбыз ачыйт, бирок дааватка чыгып, оңолуп келип, бирок кемчилик кетирип койсо, анын катачылыктарын санап баштайбыз. Бирок ага чейин ал адамдын кандай гана кемчиликтери болду эле?.. Демек салыштыруу менен карашыбыз керек.

Айта кетүүчү нерсе, дааватта кыргыздын менталитетине шайкеш келген жөнөкөйлүк, көр дүйнөгө көп маани бербегендик сыяктуу окшоштуктар көп. Ошондуктан дааватты мен улуттук кайра жаралуунун, улутту сактап калуунун бир жолу катары карап, дааватка рахмат айтаар элем.

“Азаттык”: Бирок дааватка кандай адам чыгыш керек. Учурда диний билими бары деле, жогу деле дааватта жүрбөйбү?

Жалилов: Албетте, даават бул илимдүүлөрдүн иши, оозунда сөзү бар адам чыгып, айтыш керек билгенин. Андан мурда да өзү айткан нерсесине тажрыйба кылган, билгенин иш жүзүндө аткарган адам болуш керек. Теориялык маселелерди айта берген менен эле баары болуп кетпейт. Жүрөктөн чыккан сөз гана жүрөккө жетет.

Диний жиктелүү өтө эле коркунучтуу деп айтсак да болот. Эми жашырып канчага чейин барабыз. Азыр бизде хизбуттахрирчилер, дааватчылар жана салафи-вахабилер бар. Андан сырткары, такфир жамаат, нуржулар, сулайманчылар деген да топтор бар...

Ал эми бизде азыр даават деп адатка айланган нерседе билими жогу деле, түрмөдөн жаңы чыкканы, же болбосо кечээ аракеч болуп жүргөнү деле жүрөт. Бирок муну практикалык исламды көрсөтүү деп түшүнүүбүз керек. Он адам дааватка чыгып, арасында бирөөсү илимдүү болсо, калганы тогуз адамга намаз окуганды, исламдагы жүрүш-турушту, тамак жеген эрежелерди үйрөтөт. “Миң уккандан бир көргөн артык” деп кыргыздын накыл кебинде айтылгандай, көрүп келүү менен дааваттын философиясын түшүнөт деп ойлоймун. Анткени тажрыйба да өзүнүн натыйжасын берет. Андыктан дааватка чыккандын баары эле үйрөтөт деп түшүнбөш керек. Дааватта үйрөнүп келүү маселеси да турат.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстанда исламдын ичинде жиктелүүчү күч дегендер бар, мейли акыйда-ишеним жагынанбы, мейли шариат жагынабы. Маселен, өлкөдө Пакистандан, Түркиядан, араб өлкөлөрүнөн окуп келгендер, же алардын идеясына сугарылган топтор бар. Бул жаатта сиздин пикириниз кандай. Мындай жиктелүү коркунучтуу эмеспи?

Жалилов: Бул коркунучтуу. Балким өтө эле коркунучтуу деп айтсак да болот. Эми жашырып канчага чейин барабыз. Азыр бизде хизбуттахрирчилер, дааватчылар жана салафи-вахабилер бар. Андан сырткары, такфир жамаат, нуржулар, сулайманчылар деген да топтор бар. Бирок булардын бардыгын тең эле жаңы бир агым катары кароо туура эмес. Булар устаттарынын, айрым бир аалымдардын көз карашы боюнча гана бири-биринен айырмаланышы мүмкүн. Бирок негизинен алардын 90 пайызы исламдын сунний багыты. Ал эми мусулман эмес ахмади-кадияни сыяктуу жамааттарга каршы күрөш жүргүзүшүбүз керек.

Айта кетүүчү нерсе, муфтияттын, же руханий лидерлердин негизги максаты - ушул жамааттардын башын кошуп, кайсы биринин туура эмес жагы болсо аларды түздөө. Жок эле дегенде бирин-бири жектебей, жамандабай тургандай болушсун деп жатабыз. Бардыгыбыз мусулманбыз, бирок кайсы бир маселелерде пикир келишпестик бар. Бул нерсе биздин бир туугандыгыбызга, бүтүндүгүбүзгө, мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеш керек деп түшүндүрө алсак, муфтият, жеке мен өзүм бул максатка жеттик деп ойлоор элем. Анткени, таптакыр дини башка делген православдар менен деле канча жылдан бери ынтымак менен жашап келатпайбызбы. Диний жамааттардын ортосунда толеранттуулук, бирин-бири түшүнүүчүлүк маселеси алдыңкы орунга чыгыш керек.

“Азаттык”: Ушу тапта айрым жеке үйлөрдө, батирлерде кыз-келиндерге таалим делинип сабактар үйрөтүлүп жатат. Алардын баарын ким көзөмөлдөйт? Алар кандай китептерден, эмнени окутуп, кандай маалыматтарды таратып жаткандыгы боюнча муфтият тарабынан көзөмөлдөнгөн иш барбы?

Жалилов: Чындыгында, бул боюнча Кыргызстандын аймагы толук көзөмөлгө алынган жок. Бишкекте, Ошто тамак ичебиз, чай ичебиз, аш жейбиз деген шылтоолор менен чогулушуп, окутуп жаткандар бар. Кээде туура эмес билим бергендер да жок эмес. Ошондуктан Ош шаарынын казысы доктор Ниязалы Ариповдун демилгеси менен Ош облусуна аялдарга сабак берүүчү жайларды түзүүдөбүз.

Бул үчүн илимдүү аялдарды каттоого алып, аларга сабак берүүгө уруксат берүү маселесин карап жатабыз. Себеби биз аялдарга мүмкүнчүлүк түзүп бербесек, бул көмүскө жол менен жүрүп, аларга башкалар туура эмес маалыматтарды берип коюшу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG