Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Сузакта айт намаздан ажырым чыкты


Борбордук эски аянттагы Орозо айт намазы. Бишкек, 29-июль, 2014.
Борбордук эски аянттагы Орозо айт намазы. Бишкек, 29-июль, 2014.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы бир катар айылдарда Орозо айт намазы муфтият белгилегенден бир күн мурда окулушу талаш-тартышка алып келүүдө.

Бир күн мурда айт намазын окугандардын катарында Бегабат айылындагы жаштардын 300дөн ашык өкүлү да бар. Муфтияттын маалыматына караганда, алар алдын-ала түшүндүрүү иштерине карабай, өздөрү шайлаган имамдын катышуусунда айт намазды 28-июлда окушкан. Муну алар Кыргызстандан башка бир топ өлкөлөрдө Орозо айт ушул күнү белгиленгени менен негиздешүүдө.

Бегабаттыктардын бир тарабы – негизинен жаштар айт намазды 28-июлда окууну эп көрүшүп, муфтияттын чечимин натуура деп табышкан. Калган бөлүгү, дээрлик улуу муундун өкүлдөрү муфтияттын чечимине ылайык, 29-июлда жалпы кыргызстандыктар менен бир учурда айт намаз окууга мечитке барышты. Ошентип орозо айынын аягындагы айт намазды окууга келгенде айылдыктар экиге бөлүнүп калышты.

Атын атагысы келбеген жергиликтүү тургундардын бири намазга муфтияттын буйругу менен эмес, Алланын амирине жараша айдын жаңырышын карап туруп жыгылганын айтат:

- Мисалы Өзбекстанда, Орусияда жана Сауд Аравияда айт кечээ белгиленди. Ошол себептүү биз муфтияттын айтканы боюнча эмес, Алланын жолунда, айдын жаңырышына карап намазды 28инде окудук. Муфтиятка караганда Алланын жолу бизге улуугураак. Башкалар бүгүн айтты кечигип белгилеп жатышат.

Муфтият жергиликтүү казылар аркылуу элге Орозо айт Кыргызстанда 29-июлда майрамдалаарын 2 күн мурда айткан. Мечит имамдарынын жер-жерлерде түшүндүргөнүнө карабай, 27-июль күнү кечинде топтолгон жаштар Бегабат айылындагы мечитке келишип, аксакалдар жана дин өкүлдөрү менен талашып-тартышууга барышкан. Көпчүлүктүн айткандарына көнбөгөн жаштар айт намазын 28-июлда окууга чечим кабыл алышып, ич ара имам шайлап алып, намазга жыгылышкан.

Башчыга баш ийбеген жаштардын бул кадамын облус казысынын орун басары Ордобек ажы Оморбеков шарият жолунда күнөө иш катары баалады.

- Бул иш боюнча азыр сиздерден угуп жатам. Биз тактап, кимдер ката кетирген болсо тийиштүү чара көрөбүз. Мусулманчылыкта айтылат, падышага баш ийбеген бул туура эмес, күнөө иштердин бири. Алар ээнбаштык кылып кандай кадамга барса, өз жазасын кудай алдында алышат. Өздөрүнүн айткандары туура болуп турса дагы, фитнага алып баруучу жолдорго баруу бул адам өлтүрүүгө барабар катары саналат.

Жергиликтүү тургундардын дагы бири Зайнабидин Усанов жаштардын бир күн эрте намазга жыгылышын маалыматтын ар түрдүүлүгүнө байланыштырды:

- Биринчиден, аксакалдар жана имамдардын айтканын жаштар угушкан жок. Көнүлгө алса ушул кадамга барбайт эле. Анан күн мурунтан эле телефондорго смстер келип, телевизорлордон бери айт 28инде окулат экен деген маалыматтар айтылган. Балким жаштар аларга ишенип алышса керек. Бирок биз муфтияттын эле айтканын аткарып, бүгүн намазга бардык.

Сузак районунун Бегабад айылынан башка дагы бир нече айылда айт намаз күн мурунтан окулгандыгы айтылууда.

Сузактын имамы Талант ажы Жороев а түгүл орозо кармоодо да муфтият бекиткен убакыт сакталбаганын эске салып, мындай көрүнүштөргө башка диний агымдагылар жол бериши мүмкүн деген шегин айтты:

- Бул биздин дин өкүлдөрү эмес, башкалар тарабынан жасалды. Ошол себептүү биз булар кайсы диний агымда жүрүшкөнүн так билбейбиз. Бул жагдайды укук коргоо органдары иликтеп чыгышы керек деп эсептейм.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка таянсак, облус аймагында тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" уюмуна мүчө катары 523 адам азыр каттоодо турат. Алардын 200гө жакыны Сузак районунда экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG