Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Сот үч депутатты актады


Үч депутат акталды
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

Бишкек шаар соту "Ата-Журттун" үч депутатын актап, сот залынан бошотту.

Бишкек шаардык соту бүгүн кечки саат тогуздар чамасында депутаттардын иши боюнча өкүмүн угузуп бүттү. Ага ылайык, "Ата-Журт" партиясынын камактагы депутаттары: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов акталып, сот залынан бошотулду. Бул өкүм боюнча прокуратура Жогорку Сотко арыз жазаар-жазбасын азырынча билдире элек. Камактан бошогон депутаттар ушул жумадан тарта Жогорку Кеңешке жумушка чыгыша тургандыктарын маалымдашты.

Сот өкүмү: Тергөөдө мыйзам бузууга жол берилген

Судья Курманкул Зулушев төрагалык кылган Бишкек шаардык сотунун коллегиясы ошентип депутаттарды актап, аларды сот залынан бошоткон өкүм чыгарды. Судьянын айтымында, депутаттарга коюлган 297- Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо беренеси боюнча иш кыскартылды.

Анткени, аталган берене оор эмес кылмыш болгондуктан, айып коюу үчүн Баш мыйзамга ылайык, Жогорку кеңеш депутаттарынын кол тийбестиги парламенттен суралыш керек болчу. Баш мыйзамдагы бул талапты прокуратура аткарган эмес деп эсептеген сот бул берене кыскартууга жатат деп тапты. Ал эми 295 - бийликти күчкө салып тартып алуу, же бийликти күч менен кармап туруу беренеси боюнча коюлган айыптар соттук териштирүүдө далилденген жок деп айтылды.

Ташиевдин жан сакчысы Бекзат Исаев гана 241-куралдарды мыйзамсыз кармоо беренеси боюнча айыптуу деп табылып, айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

Ошондой эле Бишкек шаардык сотунун коллегиясы кылмыш ишинин козголушу жана анын тергелиши боюнча жай аныктама чыгарып, тергөөдө алешемдиктерге жол берилген деп тапты. Ал жай аныктамада “тергөөдө бир катар одоно мыйзам бузуучулукка жол берип, сапатсыз көзөмөл жүргүзгөнү үчүн баш прокурор Аида Саляновага президенттин көңүлү бурулсун” деп айтылат. Ошондой эле жай аныктамада белгиленген мыйзам бузуу фактылары боюнча башкы прокуратуранын тергөөчүсү, депутаттардын ишин иликтеген тергөө тобунун башчысы “Жылдызбек Исмаиловдун иш-аракети прокуратурада талкууга алынсын” деп көрсөтүлгөн. Бул жай аныктаманын көчүрмөсү президентке жана башкы прокуратурага жөнөтүлмөй болду.

“Тарыхый чечим болду”

Сот залынан бошотулар замат “Ата-Журт” партиясынын төрагасы, депутат Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маегинде соттун чечимин адилеттүү болду деп айтты. Ал эми ушул эле фракциянын лидери Садыр Жапаров муну эгемен Кыргызстандын тарыхындагы бийликтин басымын аткарбаган алгачкы көз карандысыз чечим деп баалады. Ал муну өлкөдөгү башка сотторго да үлгү боло алат деп эсептейт.

Бүгнүкү сот жараянында жарыш сөзгө чыкккан мамлекеттик айыптоочу соттон Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну сураган. Ал эми Ташиевдин үч жан сакчысына үч жылдан жаза сурап, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди актоо зарылдыгын билдирген.

Жарыш сөзгө чыккан Камчыбек Ташиев: "Максатыбыз бийликти басып алуу эмес, Кумтөр маселесин мамлекеттик деңгээлге алып чыгуу болгон жана бул максатыбызга жеттик, бул иште 295-берененин белгилери жок, андыктан прокурор сурагандай бизди он жылга соттой албайсыңар", - деп айтты. Депутат ошондой эле соттон акыйкат чечим чыгарууну өтүндү.

Тасмада: Камчыбек Ташиев соттогу жарыш сөздө

Ташиев: Он жылга соттой албайсыңар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00


Түштөн кийин сот жараянында чыр чыкты. Ага сот ишине төрагалык кылуучу судья өкүмдү 24-июнда угузаарын, соттолуучуларга акыркы сөз ошондо берилээрин айтканы себеп болду. Залда отургандар буга каршы чыгып, желим бөтөлкө, бут кийимдерин прокурорлорду көздөй ыргытты. Айрымдар мамлекеттик айыптоочуларды жакалаганга чейин барды. Соттолуучуларды кайтаруучулар залдан убактылуу алып чыгып кетип, кайра алып келишти.

Тасмада: Соттогу чуу

Депутаттардын сотунда чуу чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Ушундай чуру-чуудан кийин сот кайра уланып, судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөгө кетти.

Бул арада камактагы депутаттардын тарапкерлери сот алдында митинг өткөрүп, 300дөй киши сот өкүмүн күтүп турду. Коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Милиция кызматкерлерин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев өзү башкарып жатты.

Камактан бошогон депутаттардын билдиришинче, алар шаршемби күнү маалымат жыйынын өткөрүп, мындан аркы саясий кадамдары тууралуу сөз кылышат. Ошондой эле шаршемби күнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышмакчы.

Ал эми интернеттеги социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары соттун чечимин сынга алышып, ал митингчилердин кысымы алдында чыгарылды, кылмыш кылгандар ким экендигине карабай жооп тартылыш керек болчу деген ойлорун айтышууда.

Жогорку Кеңештин үч депутаты былтыр 3-октябрда Бишкектеги митингде мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту быйыл 29-мартта Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылга, Мамытов менен Ташиевдин үч жансакчысын бир жылга кескен. Мындай өкүмгө каршы болуп, алар кийинки соттук баскычка - шаардык сотко кайрылган.

XS
SM
MD
LG