Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

43 кыргыз жараны алыскы аралдан чыгалбай турат


Сахалиндеги Шикотан аралы.
Сахалиндеги Шикотан аралы.

26-ноябрда Орусиянын Сахалин облусундагы Шикотан аралында иштеген 43 кыргыз жараны Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жардам сурап кайрылды.

Балык комбинатында иштеген бул жарандар убада кылынган айлык акыны алалбай жатканын, аларды ортомчу мекендештери алып барганын билдиришкен.

Кыргызстандык 43 жаран Сахалинге ушул жылдын сентябрь айында кеткен. Алардын кайрылууда белгилегендерине караганда, балык комбинатына 35-40 миң рублдан кем эмес айлык акы аласынар деген убада менен Азизбек Касымалиев аттуу жаран алып барган. Бирок мигранттарга убада кылынгандан аз - 25 миң рублдан гана айлык берилип, иш да өтө оор болуптур. Буга чыдабаган кыргыз мигранттары кайра мекенине кайтмакчы болот

Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева айтып берди:

- Ал эми ишкана жетекчилери "жолго кеткен чыгымды да актай элексиңер, 20 күндүк жасаган ишиңер жол чыгымын да жаппайт", - деп эки тараптын ортосунда чыр чыгып жатыптыр. Биздин жарандар болсо ишканадан 43 адамды чогууcу менен Кыргызстанга алып барып койгула жана 3 айлык компенсация төлөп бергиле деп талап кылышууда.

Элчиликтин кызматкерлери ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшкөндө алар өлчөнгөн орточо 25 миң рублды гана төлөп бере алаарын, кааласа жумуштан бошотууга, кааласа кайра кабыл алууга даяр экендигин айтышкан. Бирок эмгек мигранттары ага көнбөй жатышыптыр. Шикотан аралына Сахалиндин борборунан 10 күндө бир кеме баргандыктан 43 адамдын чогуу отуруп кайтып келүүсү да кыйын экен. Андыктан 4-5тен бөлүнүп кеткиле дегенге да кыргызстандыктар көнбөй жатыптыр. Көнгөн күндө да андан бери Кыргызстанга жетүүгө алардын каражаты жок.

“Замандаш” ассоциациясынын диаспоралар боюнча координатору Азамат Айтбаев болсо сентябрь айында Бишкектен Сахалинге балык комбинатына иштегени баратабыз деп, эмгек миграциясынын жол-жобосун сураган жарандар кайрылганын, бирок мыйзамсыздыктар бар экенин айтканыбызга карабай алар жөнөп кеткенин айтат:

- Биз ал 43 адамдын баарына болбосо дагы бизге кайрылгандарына түшүндүргөнбүз. Бизге адамдарды топтоп, Орусияга алып кетип жатыптыр деп эки-үч жерден маалымат түшкөн. Териштирсек жарандарды Ош базарында эле жарыя аркылуу чогултуптур. Тиешелүү органдарга кайрылганыбызда алар эч кандай негиз жок болгон үчүн ал жаранды кармай албайбыз деген.

Адамдарды ташыган ортомчу Азизбек Касымалиев менен Кыргызстанда укук коргоо кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деген маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен да айтышты. Кыргызстандын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бул адамдын тек жайын, аларда катталып же катталбаганын териштирип жатканын билдиришти.

Ал арада Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева азыр алыскы аралдан жылалбай отурган жарандар эмгек келишими жок, мыйзамсыз жол менен келгенин кошумчалады:

- Ушундай окуялар көп болуп атат. Кыргызстандыктар бул жакка келип, кыйынчылыкка кабылганда эле элчиликтин кызматкерлери өрт өчүргүч сыяктуу жүгүрөбүз. Менин оюмча, маселени Кыргызстандан жөнөп жатканда караш керек. Укук коргоо органдары бир автобус адамды алып баратса, эмнеге алып баратасың деп кызыгып койсо болот да.

Жабырланган кыргызстандык жарандар жана аларды алып барган ортомчу адам менен байланышууга азырынча мүмкүн болгон жок. Кыргызстандын элчилиги балык комбинатынын жетекчилиги жана тиешелүү органдар менен сүйлөшүүлөрүн улантып жаткандыгын кабарлады.

Орусиянын ыраакы чыгышында Кыргызстандын консулдугу да жок. “Замандаш” ассоциациясы болсо 43 адам макул болуп, Шикотан аралынан Сахалиндин борборуна келген учурда да аларды Кыргызстанга алып келүүгө жол каражатын табуу азыр негизги маселе болуп жатканын айтат.

XS
SM
MD
LG