Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:50

Эл үнү / Коом

Сузак: мигранттын тапканы той-ашка эмес...

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Винсовхоз айылында сыртта иштеген мигранттардын эсебинен көз жоосун алган заманбап үйлөр түшө баштады.

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр. Сузак району, Жалал-Абад облусу.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Бул айылда ар бир үй-бүлөдөн жок дегенде 2-3төн адам Орусияда иштейт. Бүт бүлөсү менен барып, иштегендер да жок эмес. Алар жиберген каражатка айылдын Ала-Тоо көчөсүндө заманбап курулуштар түштү, курулган жүз үйдүн чейреги эки кабаттуу.

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
​Бул көчөнү үлгүлүү деп атаса да болот. Анткени, он-он беш жыл аралыгында жайдак жерде өзүнчө эле көрктүү шаарча пайда болду. Төрт үйдүн бири эки кабаттуу, дагы көтөрүлүп жатканы канча.

Төрт тарабы дубал менен тосулган темир дарбазалуу, чатыры кызыл тунуке менен жабылган эки кабаттуу үйдө Наргиза үч баласы менен турат. Жашоого зарыл шарттары бар үйдү Орусияда он жылдай иштеген күйөөсү эки жылда курдуруптур:

-Үйүбүз эки кабат, алты бөлмөлүү. Бардык ыңгайлуулуктары бар. Күйөөм Орусияда иштеп тапкан акчасына курдук.

Жаңы конуш тургуну Гүлнара Касымова күйөөсү менен  Орусияда беш жыл иштеп тапкан акчага   былтыр айыл четине беш бөлмөлүү үй тургузган. Курулуштан арткан акчага кайнатасынын ашын берип, жылкы күтүшүүдө. Мигрант жубайлар эми Орусияга барбайбыз деп чечишиптир. Анткени, ал жакта баралына жеткен эки уулу иштеп жүрөт.

Эми Гүлнаранын медициналык айым ишине кайтсамбы деген ою бар:

- Орусияда беш адам иштеп келдик, мурда батирде турат элек. Бул жакка беш бөлмөлүү үй жана убактылуу жашоочу кааналарды тургуздук. А биз Орусияга барып иштебесек, ага кетчү акчаларды каяктан табат элек? Баягы Союз жоюлгандан кийин жумушу жок эле олтуруп калганбыз. Сууну эми киргизебиз. Электр жарыгы бар. Кабаттуу үйлөрдү балдар ошо Орусиядан иштеп таап келген акчаларга куруп атат да. Ар бир үйдө бирден машина бар. Союз таркагандан кийин айлык бербей, зарыктырганда иштен чыгып кеткем...

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
​​
Чана сүйрөп бараткан анын күйөөсү Максат Орозов быйылкы кыш катуу сыноого кириптер кылганын айтууда. Ал Орусияда айдоочу болуп иштептир:

- Эми жаз келсе үйүмдүн коргонун тосом. Отун алалбай калган элек. Отунду кечээ алдым, келип калган экен. Көмүр кымбат болуп атат, бир кабы 300 сомдон.

Айыл карыясы Жумаш Тойчубековдун үч баласы дале Орусияда. Бирөөсүнүн эки кабат үйү азырынча бүтө элек. Алар пенсиясы оокат-ашка өп-чап жеткен ата-энесине да акча салып турушат. Жумаш аксакал заңгыраган сонун үйлөр курулган айылга таза суу маалы-маалы менен берилип, электр мамычалары коюлбагандыктан жашоочулар электр зымдарын бири-биринен тартып алууга аргасыз экенин, башка да социалдык көйгөйлөр калып жатканын эске салууда:

Винсовхоз айылындагы жаңы үйлөр.
​​- Мурда кыйналганынан Орусиянын жарандыгын эки балам алды да. Бирөө троллейбус айдайт, бирөөсү дүкөндө иштейт, дагы бири барып-келип эле жүрөт. Аякта деле кыйынчылык, бул жердегидей эмес да. Бардыгы өздөрүнө там куруп алышты. Бизге жардам берип турушат. Ошентип бала-чака, неберелерибизди багып атабыз да. Ошо Орусияда иштегендер салып атат да эки кабаттуу үйлөрдү, Орусиянын жарандыгын алгандар... Бул жакта калгандар аткана деле кура албайбыз...
    
Кезегинде Винсовхоз айылынан Орусияга барган мигрант жаштар биригип, өз каражаттарынын эсебинен айылга спорт  аянтчасын куруп, ооруканага, мектепке, мечитке жардам беришкен эле. Эл мигранттардын тапкан-ташыганын мурда аш-тойго чачып келишсе, эми минтип турмушун оңдоого, билим алууга буруп жатканы байкалат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Altynai каяктан: germany
09.02.2012 17:33
Ishtegen- tishteit dep bekerinen aitylgan emes,peshene-teerdep tapkan akchaga emne jetsin,salgan yilorynor ozynorgo buirusun, jakshylyk bolobersin silerge okshogon meenetkechter koboio bersin Kyrgyzstanybyzda!

кимден: Кыргыз каяктан: Ош
07.02.2012 19:00
Макаланын темасы эле "мигранттын тапканы той-ашка эмес... " деп эн туура идеяны берет

Кыйналып тапкан акчалар "эл эмне дейт" деп кыргызчылык кылып, башкаларга атаандашып той-ашка ыксыз ысырап кылуунун ордуна, сарамжал болуп, жакшы уйлорду салып, туура тамактанып, убагында эс алып, ден соолугубузга конул болуп журсок экен деп каалар элем.

кимден: куйручук
07.02.2012 15:11
Чынында эле мигранттарга чоң рахмат!!! Чынында кыйынчылыкта алардын салган акчасы болбосо өлмөкбүз. Энеси туугандарына салса да. Алардын туугандары салган акчага эт нан кийим алып экономиканы иштетип турду. Чоңдор атасынын башына аларды айтмак беле. Уурдалган акчалар кайда кеткенин билип койбойбу эл. 1 миллиярд доллар кедет жыл сайын мигтанттардан суу жутуп алгандай беттер былтыйып унчупайт го чиркин. Бет деген ушул чондордо болот экен чиркин айырылып тыттылбайт экен. Илгери бир акылман айткандай бир жери м-н беттери билинбей бир экен тобоо. Уурдап атып 20 жылда тойбой койдуго чиркин. Ушул чондор уялбай элдин акчасына апасы атасы гана эмес чон апаларынын дамбалынан бери элдин атынан саатып берип атышатго пай-пай. Мигиранттардын акчасына экономиканы которбой экиден кээси учтон кызы м-н тен катын алып ычкырыктын планын толдурду го ох жан..Ушул кыргыз эли м-н мекеним кенен экен чиркин. Эч теке чыгарбай бийлик чондор элита 20 жылдан бери уурдашып.Аталары баштап анан балдары казыр неберелери уурдап жатса да байлык тугонбойт ай кыргызда таң бердим...Ой айланайын кудайым берипсин кыргызга байлык ырыс рахмат. Атан кору эми чондор качан тоет же чоборолорун кутобузбу...

кимден: травертин каяктан: РФ
06.02.2012 11:34
Бул макала бир аз кечигип жарыяланып калганы мени окундурот .Азамат сузактын элине.Мындай жоролго бир эле сузакта эмес кыргыздын бардык айылдарында бар.Ал эми мигранттарга куч кубат боодо кырсыктан алыстыкты тилейм.Бутундой кыргыз элин мигранттар багып жатканын бир да чиновник мойнуна алгысы келбейт.Ал эми коммерсиялык банктын кызматкерлери мигранттардын эсебинен байып которулган акчанды алганы барсан тим эле оз чонтогунон берип жаткансып чиренишет.Азыр ар бир айылда банктардын кассалары бар алар кимдин эсебинен жашап жатканы баарыбызга маалым.Ушул акча которууларды кыргыз почтасы аркылуу которууну уюштурсак почтальон ар бир уйго алып барып берууго мумкунчулук тузулот.Мигранттарга ТААЗИМ.ЫЛАЙЫМ ДЕН СООЛУГУНАР ЧЫН СУУК КОЗДОН АЛЫС БОЛУП КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ ПАЙДА КЕЛТИРЕ БЕРУУНОРДУ ТИЛЕЙМ,КОЛУМДАН КЕЛСЕ АР БИРИНДИ ТЕМИР ЖОЛ ВОКЗАЛЫНДА ГУЛ МЕНЕН ТОСУП АЛЫП ГУЛ МЕНЕН УЗАТМАКМЫН,

кимден: insan каяктан: Россия
06.02.2012 00:39
Азаматсыңар Азаттыктын журналисттери. Ушундай макалаларды көп-көптөн чыгарып турсаңар, айрыкча жаштарга эң сонун тарбиялык мааниге ээ болот эле. "Иштеген тиштейт" деген ушул да, бир жолу Россияда жашаган бир жердешибиз орустар заңгыраган үйлөрдө турушат, биз ушундай үйгө качан жетебиз дегенде, айттым эле, ошол үйлөрдү биздин кыргыз балдар салып жатат да, иштеп акча чогултуп, сен деле салсаң болот деп.Мына, карагылачы, Винсовхоздун балдарына рахмат, бүт Кыргызстанга айтып, көрсөтө турган иш жасашыптыр. Бирок. муну баарыңар эле Россияга барып иштесеңер ушундай там салса болот деп түшүнбөш керек. Жыргалдын да кууралы бар демекчи, Россияда иштегендер да аябай кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүп жатышат. Андан көрө Кыргызстаныбызда жакшы заман болуп, жаштардын баары үйлүү болуп, жумуш менен камсыз болушса гана, башка жакка тентибей...

кимден: кыргыз каяктан: ош
05.02.2012 22:54
азаматсынар кыргыздар
Пикирге жооп

кимден: altik каяктан: piter
06.02.2012 12:46
jerge tal ayilynda da bar ushundai uilor.vinsovhoz ayilinin janyn da
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу