Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

ЕАЭБке кирүү жай айларына барат...


Буга чейин өкмөт интеграциялык долбоорлорго байланыштуу 31 мыйзам, 30га чукул өкмөттүн токтом, чечимдерин кабыл алган.
Буга чейин өкмөт интеграциялык долбоорлорго байланыштуу 31 мыйзам, 30га чукул өкмөттүн токтом, чечимдерин кабыл алган.

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча акыркы чечимдерди кабыл алуунун үстүндө иштеп жатат. 23-декабрда Москвада Бирдиктүү экономикалык биримдиктин Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргызстанды ал уюмдарга кабыл алуу келишими каралышы күтүлүүдө.

Бул жумадагы өкмөттүн жыйынында Бажы жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кирүү боюнча сегиз мыйзам долбоору жактырылып, парламенттин кароосуна жиберүү чечилди. Ал мыйзамдар негизинен Евразия экономикалык биримдигинде бирдиктүү антимонополдук саясат жүргүзүүгө жана өнөр жайга байланыштуу экенин өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов 27-ноябрда “Азаттыкка” билдирди.

Буга чейин өкмөт интеграциялык долбоорлорго байланыштуу 31 мыйзам, 30га чукул токтом жана чечимдерди кабыл алган. Алардын ичинен Бажы биримдигине байланыштуу мыйзамдарды парламент үч окууда кабыл алып бергени маалым.

Олег Панкратовдун айтымында, 1-январдан баштап Бажы биримдиги да, Бирдиктүү экономикалык аймак да жоюлуп, алар Евразия экономикалык биримдигине айланат. Бирок Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн Кыргызстан Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймак аркылуу басып өтүшү керек.

Кыргызстан 2015-жылдан баштап эле Евразия экономикалык биримдигине дароо кирбейт.
Кыргызстан 2015-жылдан баштап эле Евразия экономикалык биримдигине дароо кирбейт.

23-декабрда Москва саммитинде Кыргызстанды Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кабыл алуу келишимдери каралат. Ал келишимдер жактырылган күндө да бул Кыргызстан 2015-жылдан баштап эле Евразия экономикалык биримдигинде болот дегенди билдирбейт. Анткени келишимдер ички жол-жоболордон өтүшү керек дейт Панкратов:

- Бардык чектөөлөр келишимге кол коюлар менен алып салынбайт же жоголбойт. Анткени жол-жоболорго ылайык, келишим ратификациядан өтүүгө тийиш. Ошондуктан 23-декабрда келишимге кол коюлган күндөн кийин аны парламенттер ратификациялайт. Ал иштерди Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн баары жасаш керек. Ошондуктан келишим күчүнө жай айларына барып кирет деп ойлойм. Мына ошондо биздин эмгек мигранттар Евразия экономикалык биримдиги бере турган эркиндик жана артыкчылыктарды пайдалана алат.

Панкратовдун айтымында, азыр өкмөт өнөктөштөр менен сүйлөшүп, Бажы биримдиги боюнча келишим күчүнө киргенге чейин эле мигранттардын абалын жеңилдеткен келишимге жетишүүнү көздөөдө.

Белгилүү болгондой, азыркы кезде кыргыз эмгек мигранттары Орусияда “кара тизме” жана башка чектөөлөрдөн жабыркап келатат. Андан сырткары 2015-жылдын 1-январынан баштап мигранттар Орусияга жалпы жарандык паспорт менен гана кире алат. Учурда колдонулуп жаткан ID карталар менен Орусияга кирүүгө мүмкүн болбой калат. Анын үстүнө азыркы кезден баштап эле Орусия багытындагы учактарга билетте жалпы жарандык паспорттор менен гана сатылууда.

Өкмөткө караштуу калкты жана жарандык актыларды каттоо департаментинин жетекчиси Дүйшөн Сатыбалдиевдин айтымында, Кыргызстан жарандары орус өкмөтүнүн бул чечими менен мурдатан эле тааныш болгондуктан, жалпы жарандык паспорт алып алышканы байкалат:

2015-жылдын 1-январынан баштап учурда колдонулуп жаткан ID карталар менен Орусияга кирүүгө мүмкүн болбой калат.
2015-жылдын 1-январынан баштап учурда колдонулуп жаткан ID карталар менен Орусияга кирүүгө мүмкүн болбой калат.

- Сыртка чыгып иштеп жүргөндөр, алардын үй-бүлөлөрү бул маселе жөнүндө кабары бар эле. Ошон үчүн керек дегендердин баары паспортторду алып алышты. Азыркы кезде элдин реакциясына караганда эч кандай ызы-чуу жок. Менин оюмча, кимге керек болсо ал жалпы жарандык (загранпаспорт) паспортторду алып алышкан.

Кыргызстан Бажы биримдигине кирер алдында Орусия жана Казакстандан финансылык жардам сурап кайрылган. Мына ошол талаптын негизинде Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүлдү. Олег Панкратовдун маалымдоосуна караганда, бул фонд Бишкекте жайгашат. Анын жогорку башкаруучу органы беш кишиден турган Директорлор кеңеши болот. Анын үч мүчөсү Орусиядан, экөө Кыргызстандан болот. Андан төмөнкү башкаруучу орган - Башкармалык. Анын үч мүчөсү Кыргызстандан, экөө Орусиянын өкүлү болот.

Мына ушул фонддун түзүлүшү жана Кыргызстан көрүп жаткан даярдыктар Бишкектин Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турганын тастыктайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG