ишемби, декабрь 20, 2014 Бишкек убакыты: 10:21

Коопсуздук

Баткенде Өзбекстандын ретрансляторлору табылды

Чек арадагы бул аймакта өзбек телеканалдарын обого таратуучу автоматтык ретранслятор иштеп жатканы белгилүү болду.

Ретранслятор (иллюстрациялык сүрөт)
Ретранслятор (иллюстрациялык сүрөт)
Кыргызстандын байланыш агенттиги болсо өлкөдөгү бардык телечагылдыргычтар каттоодо турганын билдирүүдө. Жергиликтүү калк ансыз да аймакта маалымат коопсуздугу курч турганда башка өлкөнүн телеберүүлөрүн алып көрсөтүүнү туура көрбөйт.

Телечагылдыргычтар кантип орнотулган?

Өткөн жумада Баткен облусунда телерадио берүүлөрдүн сапатын текшерүү боюнча КТРК жана республикалык радиорелейлик магистралдарынын адистеринен түзүлгөн жумушчу топ иштеген. Алар Баткен, Лейлек райондору боюнча толкундардын таркалуу сапатын текшерүү учурунда Лейлек районунун Исфана шаарында кубаттуулугу 30 Вт жана ушул эле райондун Бешкент айыл өкмөтүндө күчү 10 Вт Өзбек Республикасынын телекөрсөтүүлөрүн чагылдырып берип туруучу автоматтык телечагылдыргычтар иштеп жатканына күбө болушканын айтып чыгышты.

КТРКнын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Искендер Касымовдун айтымында, ошол эле Исфанада (Лейлек районунун борбору) орнотулган КТРКнын көрсөтүүлөрүн чагылдыргычтын кубаттуулугу Өзбекстан көрсөтүүлөрүн чагылдыргычка салыштырмалуу 3 эсеге аздык кылат.

- Исфана шаарынын борборунда 30 Ваттык, ошондой эле Бешкент айыл округунун аймагында 10 ваттык болгон Өзбекстандын телепрограммаларын обого таркатуучу автоматтык телечагылдыргычытар орнотулуп, көптөн бери иштеп келгени аныкталды.

Жергиликтүү деңгээлде бул шаймандардын иштеп жатышына ким тарабынан уруксат берилгени, ким орноткону тууралуу маалымат алуу кыйын. Бул жабдыктын бири 30 жылдай мурда эле курулуп, экинчисин жергиликтүү эл өзү орноткону да айтылууда.

Улуттук байланыш агенттигинин жетекчисинин орун басары Чыңгыз Бекташовдун айтымында, мунун баары келишимдин негизинде иштеп жатат:

- Бизде азыр баары келишимдин негизинде. Башкача айтканда чагылдыргычтарды орнотоордо биз орнотсок кошуналар менен макулдашабыз, алар орнотсо биз менен макулдашат. Бизде бардык чагылдыргычтардын маалыматтары бар. Биз менен макулдашуудан тышкары ар бир өлкө өз байланыш толкундарын камтыган эл аралык реестрге катталат.

Кошуналарга боло береби?

Өзбекстандын бул жабдыктары учурунда Лейлектеги өзбек тектүү тургундар үчүн орнотулган болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Жергиликтүү коомчулукта болсо Кыргызстандагы улуттук азчылыктарды телеберүүлөр менен камсыздоо үчүн кошуна өлкөлөрдүн телеканалдарын алып көрсөтүү маселени чечпейт деп эсептегендер да бар. Алардын бири баткендик серепчи Базарбай Маасеитов:

- КТРК аркылуу эле биздеги этникалык азчылыктар үчүн атайын бир аз убакыт бөлүп, телеберүү маселесин чечип койсо болот да. Мисалы Баткен облусунун аймагында Тажикстандын жана Өзбекстандын бир канча телерадио берүүлөрү тартат. Анан биздин атуулдар ошол телеберүүлөдү көрүп, ошол мамлекеттердин идеологиясына, саясатына ыктап жаткандай таасир калтырат кээде.

Баткен облусунун аймагында кошуна Тажикстан менен Өзбекстандын 9 телерадио каналын атайын орнотулган ретранслятору жок эле угуп, көрүүгө мүмкүн. Ошол эле учурда Миң-Булак, Кедей-Көрбөс сыяктуу айылдарда Кыргызстандын телеберүүлөрүн көрүүгө таптакыр мүмкүнчүлүк жок.

Өзбек телеканалдарынын толкундары ушинтип облус аймагында тоскоолдуксуз тараса, тескерисинче кошуна тарап Кыргызстандын телетолкундарын өз аймагына өткөрө койбоого аракеттенет. Маселен, Баткен шаарына жакын жердеги телечагылдыргыч Өзбекстандын аймагыбызга телетолкундар өтүп кетүүдө деген даттануусунан улам тикесинен орнотулган...

Жеңиш Айдаров

"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аман
22.06.2012 14:29
Чыңгыз Бекташов эмне ушул убакка чейин эч теке айтпады, алар канча акча алат алардан, ал баткенде гана эмес ОШ Жалалабадда да болушу мумкун. Озбокстандын озбоктоштуруу саясаты от курч журуудо. Жаш балдар ошого президентибиз Каримов дейт да. Качан бизде кыргызстандын мам ойлогон бийлер пайда болот билбейм.

кимден: Белек каяктан: Ош
22.06.2012 09:52
Бул эчтеме эмес, мындан сыркары алардын башка апараттары чыкпасын, телефон чалууларды дагын угуп олтурушса керек УзР.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.06.2012 08:30
Ушул жерден бийлик окулдорунун алсыздыгын туруксуздугун байкап койсо болот кичине акча берип койсо бийлик башчыларына уруксат бере берет биздин каналдарды болсо бардык жерде айыл жердегилер коро беришпейт

кимден: Бакыт каяктан: Ак-Өргө
20.06.2012 09:16
Эмне мынча таң калдыңар?
Чүйдө деле Казакстан менен Кытайдын телечагылдыргычтары иштеп эле жатпайбы көптөн бери. Ал эми Россиянын каналдары эзелтен башмунарадан эле таратылып жатпайбы. АлаТв, ДолонТв дегендер эмне, сиз менен биздин каналдарды берип жатыптырбы!? Бүт эле четтики го.
Там башында табагы барлар эмне КТРди көрүп жатыптырбы!?

кимден: Асан
20.06.2012 01:54
Ой-баай! бул эмне деген шумдук!!! Биздин территорияда бөтөн өлкөнүн ТВ чагылдыргычы 30 жылдан бери иштеп келе жаткан болсо, биздин немелер эмне кылып жүрдү экен? Биз, ош шаарына 3 Кв-лык радио чагылдыргыч коёлу десек уруксат бербей койгон өкмөт. бөтөнгө уруксат берип, өзгө уруксат бербеген кандай өкмөт бул?

кимден: пенде каяктан: жер
19.06.2012 21:56
Салам Элдер!!!
менин жазатыным бул тамага кыйыр таасири болсо да жазгым келди. мындан бир канча кун мурда Жогорку Кенеште СНБнын "ачендигине" бир депутат моундай суроо берди "ошто элди козуткан клип чыгыптыр, ошол клип жонундо кандай иш чара коруп жатасынар" десе кайран Шамиль брат "Ал кредит жонундо териштирип жатабыз" деген сыяктуу жооп кайтарып бутундой теледен коргон элди жипкиртип, бир эсе кулкуну келтирет. Кайрадан сурагын кайталап айтканда анан жооп "беримиш" болду "кунк мынк" этип. Мына туугандар Биздин коопсуздугубузду кимдер башкарып олтургандын "живой" далили. Ал чагылдыргыч отуз жыл мурун коюлган болсо азыр кайра алып салсын. Биздин ички ишибиз деп эле.......................................

кимден: Шер каяктан: Ош
19.06.2012 18:12
Ошол ретрансляторлорду ким койгондугун аныктап аларды жоопко тартыш керек. Лейлек районун аймагында эмне болуп жатканын ушунча жылдан бери билбеген акимсоройлорду (мурдакысын да, азыркысын да) кочуко бирден тээп иштен айдаш керек. КРнын Улуттук Байланыш Агенттигинин Баткен облусундагы жетекчилерин коркпостон иштоого чакырабыз.

кимден: Ыдырыс Исаков каяктан: Ош
19.06.2012 13:24
Карап туралычы ушуну, бийлик бир реакция жасаганга эрки жетер бекен же баягы эле май ташуу менен убара болуп отура береби?

кимден: Акчал каяктан: Ноокат,Кулатов а/о
19.06.2012 12:12
Отуз жылдан бери иштеп келе жаткан нерсени ,эми тапкандары кызык нерсе болуптур.
Пикирге жооп

кимден: калыс каяктан: рф
20.06.2012 15:40
Кыныр иш кырк жылдан кийин дешет. 10 жыл мурда таап алышыптыр, бул да " жетишкендик".

кимден: sanarkagan ene каяктан: Tushtuk Korea
19.06.2012 11:40
Okup alyp kan basymym jogorulap kettü,,,bashym oorup 4ykty...Ka4an Kyrgyz bash4ylary kyrgyz elünün tagdyryn oilonot ??????????????????????
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине