Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Сирияга азгырылган 60 жаштагы аял кармалды


Сириядагы качкын аял балдары менен
Сириядагы качкын аял балдары менен

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жарандарды Сирияга жөнөтүү менен шугулданган кылмыштуу топтун бети ачылганын билдирди.

Ыкчам иштердин арты менен 9-июлда Сирияга кетүү үчүн Ош аэропортунан Түркияга учканы жаткан жана аларды коштоп барган жети адам кармалды. Байкоочулар айрыкча Сирияга азгырылгандар арасында аялдар көбөйүп баратканына тынчсызданып жатат.

9-июлдагы Ош-Стамбул каттамында Сирияга кеткени жатат деп шектенүү жараткан төрт адам болгон. 60 жаштагы аял, 29дагы кызы жана анын беш жашар баласы менен жөнөгөнү жаткан.

Сирияга бараткан деп шектелгендердин дагы бири Жалал-Абаддын Сузак районунда жашаган 16 жаштагы өспүрүм кыз болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлүнүн билдиришинче, аларды азгырган деген шек менен Оштун Араван районунда жашаган 1961-жылкы аял камакка алынды жана кылмыш иш козголуп, “жалданмачылык” беренеси менен айып тагылды:

- Алар Сирияга барып согушка катышуу максатын көздөшкөн. Алардан сырткары аларды коштоп барган үч жаран да кармалган. Ал эми камакка алынган жаран биздин Ош шаардык бөлүмдүн тергөө абагына киргизилди.

Сириянын Алеппо шаарындагы аял балдары менен
Сириянын Алеппо шаарындагы аял балдары менен

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Дастан Мундузов сузактык 16 жаштагы өспүрүм кызды азгыргандар ага документтеринен бери камдап беришкенин айтып берди:

- Азгырып, материалдык жактан жардам берип, атүгүл кайсы бир жолдор менен паспортунан өйдө жасап берген. Өзүңөр билгендей, 16 жаштагыларга паспорт берилбейт да. Ошол кызды Сирияга жөнөтүп жаткан жеринен алып калдык. Кыз кадимки эле үй-бүлөнүн кызы, болгону учурда атасы Орусияда экен, апасы менен чогуу турат. Диний билим алып жүрүп берилип кетиптир. Алгач аны социалдык тармактар аркылуу азгырышкан. Андан кийин ортомчулар пайда болуп, иштин баарын ошолор жасашкан.

Адистер Кыргызстанда Сирияга азгырылгандар арасында кыз-келиндер көбөйүп жатканына тынчсызданып жатат. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков алдын алуу, түшүндүрүү иштеринде аялдарга көбүрөөк көңүл бурулуп жатканына токтолду:

- Негизинен динде жүргөн аялдарга басым жасап, аларды чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошол эле мезгилде ыкчам иш-чаралар да жүрүп жатат. Мисалы, үч аялды беш баласын алып, Сирияга кеткени жаткан жеринен алып калдык. Биз анализ кылып көрсөк Сирияга кеткендер, кетип бараткандар моралдык-психологиялык жактан жабыркагандар экен. Турмушу жакшы болбой, жашоодон ордун таба албай, эптеп күн көргөн, ошол жакка барып өлүп кетейинчи деп баарына кайыл болгондор. Акыркы кармалган аялдарды карап көрсөк, алардын экөө жалгыз бой экен. Бирөөнүн күйөөсү жок, экинчисиники Орусияда башкага үйлөнүп алган экен. Ушундан улам "эми эмне болсо ошол болсун" деп намыстанып ошол жакка бараткан. Алардын дин тууралуу түшүнүктөрү жок.

Расмий маалымат боюнча Сирияга кеткен кыргыз жарандардын саны 300дөн ашты. Алардын 80ге жакынын аялдар түзөт. Күч органдары Сирияга кеткен кыз-келиндер негизинен “согуш аялы” деген миссияны аткарышарын, ал турмушка чыккан согушкер өлсө башкасына баш кошуп, колдон колго өткөн фактылар бар экенин билдирип келет. Кыргызстандык чекисттер былтыр Сириядан 17 жана 24 жаштагы эки кызды мекенине алып келишкен болчу.

XS
SM
MD
LG