Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

ЖККУ Сириядагы операцияга катышабы?


ЖККУнун жыйынынан (Москва)
ЖККУнун жыйынынан (Москва)

Орусиянын коопсуздук жаатындагы адистери ЖККУга мүчө өлкөлөр Сириядагы согушка активдүү аралашуусун талап кылып келишет. ЖККУ азырынча Сириядагы абалга байкоо гана салып турат.

Мындай чечимди өлкө башчылар Москвадагы ЖККУнун кезексиз жыйынында кабыл алышты. Отурумда эл аралык терроризм менен күрөшүү жана орус-түрк мамилелери талкууга алынып, уюмга мүчө өлкөлөр орус учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшүн айыпташты.

ЖККУнун алдын ала жарыяланган күн тартибине ылайык отурум дүйнөдөгү актуалдуу маселелерге жана аларды чечүүдө уюмдун ролуна арналды. Жыйын ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин да катышуусунда өттү.

ЖККУ Орусиянын турумун колдоду

Сирия жана Түркия маселелери боюнча Орусиянын туруму белгилүү болгону менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн айрымдары, анын ичинде Кыргызстандын да так кесе пикири айтыла элек. Бул маселе тар чөйрөдө да, кеңири форматта да жабык эшик артында гана талкууланды.

Тар чөйрөдөгү жолугушуудан чыккандан кийин Армениянын президенти Серж Саргсян сүйлөшүүлөрдө ЖККУнун аскердик күчтөрүн бекемдөө, контртеррордук даярдыктарды күчөтүү тууралуу сөздөр болгонун айтты. Мындан тышкары уюм орус учагынын Түркия тарабынан атылышын айыптаганын билдирди.

- Биз Орусиянын СУ-24 аскер учагынын атылышы боюнча да сүйлөштүк. Түркиянын бул кадамы терроризмге каршы күрөшкө туура келген жок. Эл аралык күчтөрдүн Сириядагы абалды турукташтырып, тынчтыкты алып келүү планына жолтоо катары кабыл алабыз.

Саргсян терроризм менен күрөш аягына чыгыш үчүн аларды каржылап жаткан булактар бүтөлүшү керектигине токтолуп, Сириядагы антитеррористтик операция кеңейтилген коалициядан куралышын ЖККУ колдоого аларын айтты. Бирок кайсы мамлекет же уюмдар кириши керектигин так айткан жок.

- Биз эл аралык терроризмге каршы күрөштө атайын билдирүү кабыл алдык. ЖККУ өлкөлөрү Бириккен улуттар уюмунун жобосуна ылайык жана эл аралык укуктук принциптерге таянып, кеңейтилген коалициянын түзүлүшүн колдоого алабыз.

"Орусия колдоо күтөт"

Орусия Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна абадан сокку уруп жаткан учурда ЖККУ азырынча абалга байкоо гана салып турат. Ушуга байланыштуу Орусиянын коопсуздук жаатындагы адистери ЖККУга мүчө өлкөлөр Сириядагы согушка активдүү аралашуусун талап кылып келишет.

Орусиянын Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүн иликтөө борборунун жетекчиси Семен Багдасаров 15-декабрда федералдык каналдардын биринде ЖККУга мүчө өлкөлөр Сириядагы согушта Орусияны колдоого алышы керектигин белгилеген жери бар.

- Сириядагы биздин коалицияга ЖККУдагы союздаштарыбыз кирүүгө милдеттүү. Айрыкча Түркия менен болгон окуядан кийин Орусия кошумча колдоого муктаж болуп турат. ЖККУга мүчө ар бир өлкө жоокер, техникалары менен кошулушу керек. Биз азырынча мындай жардамды көрбөй жатабыз, бирок Орусия ЖККУнун алкагында талап кылышы керек.

“Ислам мамлекети” эстремисттик тобу менен күрөшүү жалпылай уюмдун көйгөйүнө айланганы талашсыз. ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн он миңдеген адамдар Сирияда террорчулардын катарын толуктап жүрөт. Ошентсе да коопсуздук жаатындагы эксперт Артур Медетбеков ЖККУга мүчө өлкөлөр Орусиянын Сириядагы антитеррордук операцияларына катышат деген ойдон алыс.

- Орусияны колдоп, ЖККУнун аскерлери Сирияга чейин барбайт. Бирок Орусиянын аракеттерин ЖККУ колдоого алышы керек болуп турат. Ар кандай маалыматтык чабуулдардан, чалгындоо жагынан колдоого алгыла деген чакырыктар Орусия тарабынан болушу мүмкүн. Себеби Кремль азырынча Сирияда абадан гана сокку уруп, жөө операцияга катышпайбыз деп айтып келатпайбы.

ЖККУнун кезексиз отурмунда өлкө башчылары уюмдун азыркы башкы катчысы Николай Бордюжанын ыйгарым укугун дагы бир жылга узартып беришти.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы КМШга кирген өлкөлөр тарабынан түзүлгөн. Бүгүнкү күндө ЖККУга Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө болуп келишет. Ал эми Өзбекстан 2012-жылдын июнь айында уюмдан чыгып кеткен.

Тасмада: Атамбаев ЖККУнун жыйынына катышууда

Атамбаев ЖККУнун жыйынына катышууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

XS
SM
MD
LG