Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:04

Сирия азгырыгы: колдон колго өткөн аялдар


Сирияга кеткен кыз-келиндер исламчыл согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтөт.
Сирияга кеткен кыз-келиндер исламчыл согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтөт.

Кыргызстандын күч органдары соңку учурда Сирияга кыз-келиндерди да азгыруу аракеттери байкалганын билдирип, ата-энелерди жоопкерчиликке чакырууда.

Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев ислам дини тууралуу түшүнүгү жоктор жана жакыр адамдар Сириядагы согуштук азгырыктарга кошулуп жатканын билдирди. Министр Чүй облусун кыдырып жүрүп аталган аймактан Сирияга кеткендердин катарында кыздар да бар экенин белгиледи:

- Чүйдөн Сириядагы согушка жалпы 11 жаран кетсе, алардын арасында 1996-1997-жылы төрөлгөн бир тууган эже-сиңдилердин болгону өкүнүчтүү. Бул үй-бүлө орто турмушта жашайт, кыздар интернет сайттардагы бейтааныш адамдардын чакыруусу менен кеткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны эки жүздүн тегерегинде. Аталган кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, соңку учурда Сирияга кыргыз жарандарын түрдүү жолдор менен азгырган төрт түйүн ачыкка чыкты. Ошондой эле кыргызстандыктарды Түркияга чакырып, андан ары согуштук талаага жиберип турган 21 жаштагы Оштун тургуну жакында кармалган. Сулайманов Сириядагы согушка жана секс-жихадга кеткен эки бир тууган кыздын тагдырын айтып берди:

- Кыргызстандан Сирияга кыз-келиндер кетип жатканы анык. Түркия полициясы менен иштешип, эки кыргыз кызды алып келдик. Бирөө көп деле кордук көргөн эмес, ал Сирияда жүрүп автоматтар менен түшкөн сүрөттөрүн үйүнө жиберип турган, ал биз менен бир аз сүйлөштү. Экинчи кызды катуу кордоп коюшкан, ал адам менен сүйлөшкөндөн качат.

УКМКнын маалыматы боюнча согуштук канды булоон аймакка айрым эркектер өз жубайларын кошо ээрчите кеткен учурлар да бар. Рахат Сулайманов Сирияга кеткен кыз-келиндердин көпчүлүгү секс-жихад менен, башкача айтканда согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтүү менен алектенерин айтты:

- Алар биринчи кезекте согушкерлерге сексуалдык кызмат көрсөтөт. Экинчиден, аларга медайымдар, санитаркалар көбүрөөк керек экен, анан тамак-аш жасап, үй-тиричилигин жасоо үчүн да алып кетишет.

Өткөн жылы Кыргызстандын коопсуздук кызматы өлкөдө түрдүү диний радикал топторго аялдардын азгырылышы күчөгөнүн билдирген эле. “Мутакалим” диний уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы мунун башкы себебин аялдардын диний сабатсыздыгынан жана жакырчылыктан көрөт:

- Үй-жайы жок, же светке акчасын төлөй албай, балдары ачка отурган аялдарга беш-он тыйын берип койсо иштегенге даяр болот. Чынында бизде социалдык проблемалар адамдарды кыйнап коёт. Свети, көмүрү жок аял балдары үчүн бардык нерсеге даяр экенин азгырган тарап да түшүнүп жатат. Балким ошон үчүн дүйнөдө диний экстремисттик топтор аялдарга басым жасап жаткандыр.

Анткен менен Сириядагы согуштук талаага Кыргызстандан канча аял кеткени тууралуу так маалымат чыга элек. Буга чейин Казакстандын расмийлери Сирия жана Ирактагы “Ислам мамлекети” радикалдык уюмунун катарында 300дөй казакстандык болсо, анын жарымы аялдар экенин билдирген. Учурда Кыргызстандын күч органдары Сириядагы кыз-келиндерди кайтарууга жан үрөп, жарандарды түрдүү азгырыктарга ишенбөөгө үндөп жаткан кези.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG