Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:04

Маданият

Гүлжигит - “Евразия жылдызы”

Кыргызстандык жаш ырчы Гүлжигит Калыков Түркиянын Стамбул шаарында өткөн “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык сынагында баш байгени утуп алды.

Гүлжигит Калыков баш байгени ыйгаруу учурунда. Стамбул, 14-январь, 2012.
Текст көлөмү - +
Түрк тилдүү алты мамлекеттин таланттары катышкан сынакта Гүлжигит Калыков обончу Түгөлбай Казаковдун “Жамгыр төктү” аттуу чыгармасын аткарып, калыстардын жогорку баасын алды. Эми кыргызстандык ыр күйөрмандары Гүлжигитти тосуп алууга катуу камынууда.  
 

Гүлжигит - forever!
 

14-январь түнү кыргызстандык жаштардын көпчүлүгү уктадабы көрүнөт. Коомдук телеканал аркылуу түз ободо көрсөтүлгөн “Евразия жылдызы” музыкалык сынагы түнкү саат үчкө чейин созулуп, смс аркылуу добуш берүүнүн натыйжасында Кыргызстандан барган ырчы Гүлжигит Калыков баш байгени утуп алды. Гүлжигитке сынактын уюштуруучулары 30 миң доллар акчалай сыйлык да ыйгарышты. Азербейжан, Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр, Түркмөнстан жана Түркиянын таланттары ат салышкан бул музыкалык сынак эмки жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

Белгилүү ырчы Гүлнур Сатылганова да сынак болгон күнү түз эфирде кыргызстандык жаш ырчыны колдоп сүрөп турду. Ал Гүлжигитке мындай баасын берди:
 
- Тембри дагы, ырдоо техникасы да мыкты болду. Таланттуу жигит экен. “Евразия жылдызы” канчалык деңгээлдеги мактана турган сынак деп сурап жатасыз, бул акырындык менен “Евровидение” сыяктуу эле сынака айланат. Эмки жылы Кыргызстанда өтөт, уят болбой, чоң деңгээлде өткөрүп алсак деген тилегим бар.
 

Ыңкылапчы ырчылардын доору...
 

2005-жылдары кыргыз эстрадасында да чоң ыңкылап болгон. Сахнада жаш муундун өзүнчө тобу пайда болуп, алардын жеке концерттери аншлаг менен өтүп турду. Бирок музыка таануучулар чагылгандай тез пайда болгон жаштарды жеңил-желпи, музыкалык билимсиз жана сахнадагы “утурумдук жылдыздар” деп катуу сынга алышты.

Жаш ырчылар жергиликтүү сахнаны багындырып, өзгөчө казак ырларын которуп ырдап, ондогон клипмейкерлер пайда болду. Бирок эл аралык абройлуу музыкалык сынактарга катышкандар болгон жок. Өмүрбек Жанышов гана (Омар) орусиялык атактуу ырчы Алла Пугачеванын колунан “Алланын алтын жылдызы” сыйлыгын Юрмалада алган.

Кыргыз эстрадасынын "акуласы" аталган Мирбек Атабеков “Евразия жылдызы” атыккан Гүлжигит тууралуу мындай деди:
 
- Кыргызстанда ырчыларды экиге бөлүп карасак болот. Таланттуулар, анан талант кошуу эмгекчилдер. Гүлжигитти мен экинчи сөзүмө кошом. Килейген мамлекеттерди артка калтырды, абдан кубанып турам. Ал өзү музыкасыз жашай албай турган бала.
 
Жалпы коомчулукка анча таанымал эмес ырчы Гүлжигит Калыков заматта жылдызга айланып, миңдеген күйөрмандары пайда болду. Интернеттеги Фейсбук же Твиттер сыяктуу жаштар жапырт отурган сайттарга үңүлсөңүз, Гүлжигит деп ураалаган, куттуктоолорго толуп кеткенин байкайсыз.

TRT- Avaz телеканалынын түз обосунан алынган тасма

Жүктөө
​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Айтурган
27.01.2012 19:08
молодец! красава! вот бы таких как ты побольше былоб в КРе! Поздравляю от всей души! Спасибо за то, что ты Кыргыз!

кимден: асанэсен
19.01.2012 22:25
Мына кыргыздар ушундай жактан таанылышыбыз керек. Атом бомбасын чыгара албасак.Космоско уча албасак. Курал техникадан жок болсок. Спорт,чыгармачылык,жана толуп аткан жактан биз кыргыз таанылып.Кыргыздын атын дуйного таанытышыбыз керек.Мына биринчи кыргыздын талантуу жылдыздары Атай Омурзаков,Гулжигит жана дагы кыргыз жаштары алга ал----------г----------ааааааааааааааааа!!!!!!!!!!!!!
Пикирге жооп

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
21.01.2012 11:23
Азаматсын Гулжигит, атына затын жарашкан жигит экенсин, Кудайым берет деген ушул, биздин кыргыздардын ырысы бар экенин Атай экоон дагы бир жолу даназаладынар, азаматсынар, экоондун талантына таазим, коруп олтуруп денем дуркуроп, ыйлап кеттим.Жаратканым бизге баарын берет, журогубуз таза, пейилибиз кенен болсун, бизде баары алдыда, бул башталышы гана, Алга алтын жердештерим, биз силер менен сыймыктанабыз, силер биздин байлыгыбызсынар....
Пикирге жооп

кимден: Усон
20.01.2012 16:51
Асаке, тилекти кенири тилесек, буюрса атом бомбасын да чыгарабыз (бирок анын бизге кереги деле жок), космоско да учабыз, курал-техникабыз да онугот, жерибизди да кайтарып алабыз. Спорттон да женебиз. Тилекти кен тилейли. Пенденин оозунда болсо периштенин кулагында дейт. Кошуласынбы? Гулжигит менен Атайды куттуктайм!

кимден: Tumar каяктан: Turkiya
18.01.2012 23:16
Азамат. Абдан сыймыктандым. Үнү да сонун экен. Келечеги кен болсун.

кимден: Kerim
18.01.2012 22:36
Гулжигит Азамат иним Атайдай сендей балдар кызгыздын атагын данктаганынар учун!!!

кимден: Жылдыз
18.01.2012 19:04
Азамат гулжигит! Атбашынын данкын дагы бир жолу чыгардын. азамат! коп жаша !

кимден: РТМ каяктан: Москва
18.01.2012 14:40
Жамгыр токтунун автору ТОКОН ЭШБАЕВ болот...
Пикирге жооп

кимден: фархат каяктан: жумгал
31.01.2012 03:35
автору казаков эшпаев болсо жон эле аткаручу
Пикирге жооп

кимден: тоолук каяктан: бишкек
24.01.2012 14:02
жаныласын, тууган. Токон Эшпаев ырдап жургон. автору Туголбай Казаков болот.
Пикирге жооп

кимден: Saima каяктан: Бишкек
20.01.2012 14:10
Айланайын кругозоруңан, андай болсо Токон Эшбаев эмне жүрөт автордук укугун талашпай.

кимден: ДАН каяктан: Бишкек
18.01.2012 10:31
Азаматсың Гүлжигит! Сени колдоп түнкү 3кө чейин уктабай телевизор көрдү кыргыз элиңдин көбү. Ишеничти актадың. Жаңы жылга чейин Атай дүйнө элин багынтса, жаңы жылдын башында сен багынттың. Бул жакшы жөрөлгө, жакшы жышаан. Эми ушул жетишкендиктер кыргыз элиме кут болуп, силерге окшогон жаштарыбыздын таланттары ташкындай берсин. Азыркы убакта дүйнөлүк державалар башка элдерди материалдык байлык менен багынтып жатса, силер руханий байлык менен багынтып баштадыңар. Бул учурдун талабы. Себеби дүйнө эли руханий байлыка жарды болуп кетти. Кыргыздар бийликти басып алуу үчүн төңкөрүш кылбастан, адамкерчиликте жашоо үчүн жан дүйнөбүзгө төңкөрүш жасоо керек. Бул кадамды Атай экөөңөр баштадыңар. Түбөлүгүбүз түз болуп ушундай ийгиликтер көбөйө берсин. Элибиздеги таланттуулар, илимдүүлөр дагы, дагы жакшы ийгиликтерди жаратып, силер баштаган саамалыкты уланта беришсин. Ишиңерге ийгилик, жерибизде тынчтык, акыйкаттык, элибизге ынтымак биримдик, бакубат бардарчылык жашоо каалайм.

кимден: Gulnara каяктан: Italia
18.01.2012 00:56
Azamatsyn, Guljigit! Kuttuktaim! Bul kelechektegi jenishterindin algachkysy gana bolsun! But duinogo Kyrgyzstandy danktai bergile, talanttar! Biz siler menen syimyktanabyz!

кимден: фархат каяктан: жумгал
17.01.2012 17:54
Кубанып турам Гулжигит! Биз сен менен сыйымыктанабыз. Сени ушул дуйного алып келген ата-энене рахмат мин мертебе рахмат! Ишине ийгилик, эл болсо талантынды баалайт. Эми мамлекет сени бааласа экен анткени сен биздин сыймыгыбы3сын. рахмат сага Гулжигит!!!

кимден: Begimai каяктан: Bishkek
17.01.2012 13:59
Ayabay suyunduk.....Den sooluk chigarmachiligin orkundoy bersin Guljigit!!!!Kirgiz eline suyunuch tartuuulaganin uchun rahmat!!! koz tiybesin..ayabay kozgo jakin jigit ekensin!!!juzundoku ichti jilitkan jilmayuuu ech kachan ochposun!!!!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)