Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Нургазы тил үйрөнүүнү кыялданат

Нургазы АКШда.
Нургазы АКШда.

Кечээ кечинде Нью-Йоркто Webby Awards-2016 сыйлыгын тапшыруунун 20-аземи өткөрүлдү.

Сыйлык алгандардын арасында "Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин "Кыял" аттуу кыска метраждуу тасмасы бар. Ал элдин үнү категориясында "Мыкты видео" номинациясын жеңип алган. Видео тасма Кочкор районунда жашаган тубаса майып Нургазынын кыялын жана максаттарын чагылдырат. Нью-Йорктогу сыйлык алуу аземине Уланбек Эгизбаев менен кошо тасманын каарманы Нургазы да барды.

Webby Awards интенет сынагына быйылкы жылы 70ке чукул өлкөдөн 13 миң видео тасма катышты.

- Нью-Йорктогу Webby awards сыйлыгын тапшыруу аземи кандай өттү?

Улан Эгизбаев: Сыйлык тапшыруу аземи кечээ кечинде болду. Ал жакка көптөгөн АКШнын атактуу жылдыздары келишти. Сыйлык тапшыруунун эрежеси боюнча катышуучулар беш сөздөн ашпаган өз оюн ураан катары айтыш керек эле. Нургазы экөөбүз “Everyone can dream and win” (ар бир адам кыялдана алат жана жеңе алат) деген сөздү ураан катары кармадык. Сыйлык тапшыруу аземинде чоң экран аркылуу биздин тасма көрсөтүлдү. Нургазы экөөбүз тең калпак кийип алып, тасмага тартылгандыктан аларга жакшы көрүндү окшойт.

- Нургазынын эмоциялары тууралуу да айтсаңыз. АКШны көргөндөн кийин кандай таасирде калды, деги эле өзүн кандай сезип жатат?

Улан Эгизбаев: Нургазынын эмоцияларында чек жок. Келгенден бери эле жаңы чөйрөнү кызыгуу менен көрүп, кубанып жүрөт. Менин дагы бир байкаганым, Нургазы буга чейин тил үйрөнүү боюнча айткан эмес эле. Азыр болсо “англисче үйрөнүш керек экен” деп бир башкача сезимдер ойгонгону байкалып жатат. Тилге аябай эле кызыгып калды. Англисче ага кайрылып сүйлөп калса, кээ бир сөздөрдү байкап, кантип которуларына кызыгуусу өзгөчө болуп жатат.

Нургазыны күн сайын кооз жерлерге, Нью-Йорктогу таанымал жайларга алып барганга аракет кылып жатабыз. Мисалы, келгенде Манхэттенди аралап, Уолл-стритке, океандын жээгине бардык, дагы бир катар райондорду кыдырдык. Айтор Нургазынын кубанычын сөз менен айтып берүү кыйын, бир сөз менен мен анын кубанычынан күндөн-күнгө жаңы мүнөздөрүн байкап атам.

- Webby awards сыйлыгын “Интернет Оскары” деп да атап коюшат экен. Сыйлыктын мааниси жана масштабы тууралуу айтып берсеңиз. Бул эмне сыйлык, америкалыктар өздөрү бул сыйлыкка кандай маани беришет экен?

Улан Эгизбаев: Webby awards сыйлыгынын быйыл уюшулганына 20 жыл толуп отурат. Бул жакта бул сыйлыкты “Интернет Оскары” деп атап койгону чын.

Быйыл 65 өлкөдөн катышуучулар келди. Америкалыктар өздөрү дагы бул сыйлыкка чоң маани беришет экен. Алсак, быйылкы салтанатка дүйнөлүк жылдыздардан Жессика Альба, Ким Кардашьян сыяктуу таанымал адамдардын катышуусу сыйлыктын аброю канчалык экенин айтып турат.

Көпчүлүгү биздин ушундай маанилүү сыйлыкты кантип утуп калганыбызды таң калып сурап жатышат. Алардын таң калуусун деле түшүнсө болот. Себеби тандоо критерийи ар кандай болуп жатпайбы. Мисалы, биздин тасма Нургазынын кыялы тууралуу болуп жатса, башка тасмаларда ар түрдүү критерийдеги видеолор болуп жатат.

- Нью-Йоркто кыргызстандыктар арбын экенин билебиз. Алар кандай тосуп алышты, алдыда дагы эмнени пландап жатасыздар?

Улан Эгизбаев: Бул жактагы мекендештер бизди абдан жылуу тосуп алышты. Аэропорттон түшкөндөн бери бизди алыс кетирбей жаныбызда жүрүшөт. Нью-Йорктун булуң-бурчун көрсөтүшүп, айрыкча Нургазыга жардамдарын аягысы келишкен жок. Алсак, Нургазыга акчалай жардам беришип, жакшы сөздөрүн аяшпай, Нургазыга кыялынын бардыгы орундалат деп дем-күч берген сөздөрүн айтып жатышат.

Алдыда Чикагого учуп кетебиз. Ал жакта дагы мекендештер чогулуп, көргөзмө өткөрүп, андан түшкөн каражатты Нургазыга жардам катары беребиз деп жатышат. Ошондой эле Вашингтонго барып элчи менен жолуксакбы деген пландарыбыз дагы бар. Менимче, элчи менен жолугушуу Нургазынын келечегине чоң стимул болот болушу керек.

Сыйлык тапшыруу аземинен сүрөт баян:

"Нургазынын кыялы" Webby сыйлыгын алды

Нургазынын кыялы кыргызстандыктарды гана эмес, дүйнөнү да кайдыгер калтырбай ​эл аралык Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип алды.
1/14 Нургазынын кыялы кыргызстандыктарды гана эмес, дүйнөнү да кайдыгер калтырбай ​эл аралык Webby Awards, башкача айтканда, Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип алды.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
“Кыял” тасмасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну, тубаса майып Нургазынын тагдыры сүрөттөлгөн.
2/14 “Кыял” тасмасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну, тубаса майып Нургазынын тагдыры сүрөттөлгөн.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Ал айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевге айтып берген.
3/14 Ал айыл жеринде мектепке араба менен кыйналып жеткени, жакшы билим алгысы келгени тууралуу кыялдарын "Азаттыктын" кабарчысы Улан Эгизбаевге айтып берген.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Тасма коомчулукка жарыялангандан кийин &quot;Элим, барсыңбы?&quot;<br />
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке беришкен.
4/14 Тасма коомчулукка жарыялангандан кийин "Элим, барсыңбы?"
коомдук фондунун ыктыярчылары ага квадроцикл белекке беришкен.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
5/14
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Нургазы Webby Awards сынагынын жеңүүчүлөргө сыйлык берүү аземинде.
6/14 Нургазы Webby Awards сынагынын жеңүүчүлөргө сыйлык берүү аземинде.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
(солдон оңго) Улан Эгизбаев, &quot;Азаттыктын&quot; кабарчысы, Нургазы Жакшылыкбек уулу жана &quot;Элим, барсыңбы?&quot; фондунун жетекчиси, демөөрчү Хабиб Арзыкулов Webby сыйлыгын алууга даярданып жатышкан кези.
7/14 (солдон оңго) Улан Эгизбаев, "Азаттыктын" кабарчысы, Нургазы Жакшылыкбек уулу жана "Элим, барсыңбы?" фондунун жетекчиси, демөөрчү Хабиб Арзыкулов Webby сыйлыгын алууга даярданып жатышкан кези.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
8/14
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
9/14
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Нургазы Атлантика океанынын жээгинде.
10/14 Нургазы Атлантика океанынын жээгинде.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
11/14
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Түнкү Нью-Йорк.
12/14 Түнкү Нью-Йорк.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Нургазыны Нью-Йорктун полиция кызматкерлери да таанышып, аны менен сүрөткө түштү.
13/14 Нургазыны Нью-Йорктун полиция кызматкерлери да таанышып, аны менен сүрөткө түштү.
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
14/14
Сыйлык тапшыруу аземи кечээ Нью-Йоркто өттү.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Самат Жумакадыров

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин 2009-жылы аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG