Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Өзбекстан "Достук" бекетин кайра жапты


 "Достук" өткөрмө бекетинде чек ара ачылышын күтүп тургандар.
"Достук" өткөрмө бекетинде чек ара ачылышын күтүп тургандар.

9-август күнү жабылган кыргыз-өзбек чек арасындагы негизги өткөрүү жайы - "Достук" бекетинин качан ачылаары белгисиз бойдон.


​Алгач өзбек тарап чек ара пункттарын Айт майрамына карата жапкандыгы кабарланып, 12-августта кайра ачылаары айтылган болчу. Бирок кошуна өлкөнүн расмийлери чек ара канча мөөнөткө жабык тураарын маалымдай элек. Ал ортодо «Достук» өткөрмө пунктуна эки жакка өтүү максатында келген адамдардын саны азайган жок.

Эки мамлекетти байланыштырган "Достук" өткөрмө бекети
Эки мамлекетти байланыштырган "Достук" өткөрмө бекети
Өзбек тарап жыл сайын 1-сентябрда белгиленчү эгемендик майрамына карата чек арадагы өткөрүү бекеттерин бир тараптуу жаап коёт. Бирок быйылкыдай майрамдан 20 күн мурда жапкан эмес болчу.

Саргайган жолоочулар

Жарандарды өткөрүүгө чектөө киргизилсе да, «Достук» бекетинде кезек күткөндөрдүн аягы суюла элек. Биз барганда (12.08.2013. 16:00) ал жерде 50дөн ашуун адам бар болчу. Көпчүлүгү аялдар. Арасында 60тан ашкан чал-кемпирлер да бар. Баары чек ара тосмосунун ачылышын күтүп турушат.

Ханабад шаарынан Ошко келин болуп түшкөн Назира аттуу айым чакыруу телеграммасынын жоктугунан атасынын тажиясына жете албай бушайман:

- Атам каза болуп калды. Өтө албай отурам ушул жерде. Бул жакка келин болуп түшкөм. Атамды бүгүн саат 16.00дө жерге беришет. Мен болсо акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша албай, бул жерде боздоп отурам.

Назиранын жанында бала көтөргөн орто курактагы айым да ыйлап турат. Колундагы баласы оорукчан экени дароо эле байкалат:

Үч жаштагы Мадамин рак менен ооруйт
Үч жаштагы Мадамин рак менен ооруйт
​- Чек ара жабылганын уккан болчумун. Баламдын абалын көрүп өткөрүп жиберишээр деген үмүттө келгем. Балам рак менен ооруйт...

Аял андан ары сөзүн уланта алган жок. Ыйлап жиберди. Ошол маалда жанында турган аял сөзгө аралашты:

- Менин аты-жөнүм Абдымажидова Нафиса. Бул кичинекей бала менин тууганым. Азыр үч жашта. Кичинесинен эле рак менен ооруйт. Ысымы Мухаммадамин. Буга операцияны Ташкенттен жасатканбыз. Бир көзү жасалма. Үч айда бир Ташкентке барып, химиялык дарылоодон өтүп турат. 10-август күнү барып, дарысын алыш керек болчу. Убагында албаса дарты өтүшүп кетет. Өтө албай турабыз. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Комсомол деген айылдан келгенбиз. Бүгүн үч күн болду, саргайып ушул жерде отурабыз…

Телеграммасыз өтүүгө мүмкүн эмес

«Достук» чек ара бекети эки өлкөнү катташтырган эң ири өткөрүү жайы катары эсептелет. Эки жакка каттагандар дал ушул жерден ары-бери өтүшөт.

«Достук» өткөрмө пунктунун зардалы, майор Алмазбек Тойчиев буларды айтты:

- Азыр Кыргызстан менен Өзбекстанды катташтырып турган «Достук» өткөрмө пунктунан атайын чакыруу телеграммасы бар кишилер, тигил же бул өлкөдөн чет мамлекетке учуу үчүн самолетко билет алган адамдар гана өтүп жатат. Андан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстандан башка КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн да чек арадан өтүүгө чектөө коюлган жок.

Алмазбек Тойчиев чек аранын жабылганы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабарланып жатканын кошумчалады. Андан сырткары, аскерлер чек арадан өткөнү келгендер арасында да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, уруксаты жок кишилерди артка кайтарып жатканын айтты.

Конфликтолог Икбол Исаков мындай абал карапайым калктын жашоосун, карым-катыштагы мамилесин оорлотуп жатат деген пикирде:

​- Эки өлкөнүн жарандары 2010-жылга чейин соода-сатык иштери менен алака-катыш кылып турчу. Ал токтоду. Натыйжада, ошол жумуш менен тирилик кылып жаткандардын каржылык абалы начарлады. Чек араны улам татаалдаштыра берүү тууган-уруктардын ортосундагы мамилеге да терс таасирин тийгизип жатат. Бири-биринин ысык-суук мааракелерине убагында жетип бара албай, натыйжада тууганчылык байланыштары да солгундап кетти. Андан сырткары, өсүп келе жаткан жаңы муунда чек ара мамилесине болгон терс көз караш калыптанууда...

Өзбекстан 2010-жылдагы Кыргызстанда болгон саясий окуялар учурунда бардык чек ара пункттарын жапкан эле. Бир жылдай убакыттан соң Кара-Суудагы «Достук» өткөрмө бекетин ачкан. Андан соң Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы эки пунктту да ишке киргизгени менен эки өлкөнү негизинен «Достук» өткөрмө бекети гана байланыштырып турган болчу.
XS
SM
MD
LG