Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:14

Экономика / Саякат

Кышында четте эс алган кыргызстандыктар арбыды

Кышкы эс алуу маалында капчыктуу кыргызстандыктардын көбү Бириккен Араб Эмираттарына сапар алышат.

Текст көлөмү - +
Бул тууралуу калкты тейлөө багытында иш алып барган “Кыргыз концепттин” башкаруучу директору Данияр Аманалиев “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Ал негизинен кимдер чет өлкөгө барып, канча акча сарпташарын ачыктап өттү. 

- Адатта батыш өлкөлөрүндө кышкы эс алуу учурунда жылуу өлкөлөргө сапар алуу кеңири жайылган. Кыргызстанда жаңы жыл күндөрү чет өлкөгө эс алууга баргандар барбы?

- Өнүккөн батыш өлкөлөрүнүн жарандары бош убактарында дээрлик үйлөрүндө отурушпайт. Алар көп учурда кафелерде, коомдук жайларда, чет өлкөлөрдө достору менен убакыт өткөрүшөт.

Данияр Аманалиев
​​Каникул маалын балдары менен чет өлкөдө өткөзгүсү келген кыргызстандыктардын саны да соңку мезгилде өсүп жатат. Бул Кыргызстандын өнүгүп жатканынын белгиси деп ойлойм. Бул жылы 20 пайызга өскөнү байкалып жатат.

- Кышкы эс алуу маалында кыргызстандыктар негизинен кайсы өлкөлөргө барышат?

- Кышкы каникулдар жөнүндө айта кетсек, кыргызстандыктар көбүнесе жылуу өлкөлөргө барууну каалашат. Сиздер билгендей, тропикалык өлкөлөрдө ошол эле январь, февраль айларында абанын температурасы 27 градустан ылдый түшпөйт. Мындай өлкөлөр адамдардын кызыгуусун арттырат. Кыргызстандыктар үчүн кышында эң популярдуу багыт - бул Бириккен Араб Эмираттары болду.

Бир нече жылдар мурун БАЭ менен катар Египетке баргандар да көп болчу. Бирок ал жакта түзүлгөн кырдаалдарга байланыштуу көп кардарлар Египетке баруудан коркуп жатышат. Таиланд дагы популярдуу багыттардын бири болуп эсептелип келет. Бирок Таиландда болгон суу ташкыны дагы кардарлардын санына таасир этти.

Кээ бир кыргызстандыктар кышкы каникулда Европага барууну каалашат. Өзгөчө “Рождествону” көрүүнү самашат. Бирок визаны алууда кээ бир кыйынчылыктар, тоскоолдуктар жаралып калат. Чынында эле кышында кыргызстандыктар бала-чакалары менен чет өлкөгө көбүрөөк чыга баштаганын байкап жатабыз.

- Эс алуу үчүн чет жерге чыккан адамдар тууралуу кеп салсаңыз. Алар кимдер, кайсы катмардын өкүлдөрү?

- Ооба. Акыркы мезгилде Кыргызстанда чет өлкөгө барып эс алгандардын көбөйүшү көбүнчө орто катмардын өкүлдөрү тарабынан камсыздалууда. Туризм бул жөн эле акча коротуу эмес экенин түшүнгөн адамдардын саны күндөн күнгө өсүп жатат.

Бир жакшынакай сөз бар го, өмүр дем алуу саны менен өлчөнбөйт деген. Дем ала албай калган учурлар менен өлчөнөт. Экинчиден, өнүккөн өлкөгө барып келүү жөн гана жыргап эс алуу эмес, өзүбүздүн билимибизге, өзүбүздүн дүйнө тануубузга инвестиция кылуу болуп саналат.

- Бул жылы эс алууга кеткендердин арасында белгилүү адамдар, саясатчылар барбы?

- Чынында эле чет өлкөгө чыккандардын ичинде Кыргызстандын белгилүү исандары жана саясатчылары аз эмес жана бул менин мурунку айткан тезисимди далилдейт.

Чет өлкөгө баргандардын көбү ийгиликтүү адамдар. Алар балдарын чет өлкөгө алып барып, биз кичинекей кезибизде көрө албаган жерлерди көргөзүү менен өз балдарына инвестиция кылып жатканы мени абдан кубандырат.

- Ошондо чет өлкөгө кышкы эс алууга барып келүү үчүн бир кыргызстандык минималдуу түрдө канча сом коротот?

Дубай
​​- Адатта, саякатка барган кыргызстандыктар туристтик пакеттерди сатып алууну каалашат. Пакеттин ичине чартердик рейс, мейманкана жана тамак-аш кирет. Мындай пакеттер Кыргызстанда бир кишиге 30 000 сомдон жогору турат. Мындан жогору көбүнесе кыргызстандыктар сатып ала албаган 300 000 сомдук пакеттер да бар. 

- Демек, кышкы эс алуу учурунда чет өлкөгө сапар алган кыргыз жарандары аз эмес экен. Ошол эле учурда жаңы жылды Кыргызстанда өткөрүүнү каалаган чет өлкөлүктөр барбы?

- Ооба, мындай чет өлкөлүктөр көп эле. Алар көбүнчө лыжа базаларына кызыгышат. Бирок алар алыстан келген адамдар эмес, коңшу өлкөлөрдөн келишет. Эгер Америка, Жапония, Германия, Англиядан келген туристтер жөнүндө кеп кылсак, алардын көбү бизге жазында жана күзүндө келишип, Улуу Жибек Жолуна барышат.

Сөзүмдүн акырында, кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктап кетким келет. Мен ар бир кичинекей бала Диснейлендге барып келишин жана ар бир кыргыз англис тилинде орус тилинен кем эмес сүйлөшүн жана бийиктиктерди багындырышын каалайм.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Улан каяктан: Екатеринбург
06.01.2012 02:44
3 жыл мурун Екатеринбург шаарынан биз менен чогуу иштеген кыз Ысык-Колду мактаган элем,жигити экоо Бишкектен кайтып келишти.Байкуштарды кечинде ЦУМдун алдынан милициябыз деп 4 эшек капчыктарын тартып алышыптыр.Кайра жол киресине атасы акча жонотту.Орустун кызы ыйламсырап айтып берсе,уялгандан жерге кирдим.Ошондо ушул создун маанисине жеттим.Иттен жаман болдум.Мына биздин меймандостук туугандар.Мен эчтеке эмес(кол сынса жен ичинде дейт),а жанагы кыздын журогундо омур бою Кыргызстан жаман деген ой калды.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
03.01.2012 17:24
Чет олкого барып эс алгандардын санынын кобойгону мени кубандырды,биро бул жерде бир да бирок бар. Тилекке каршы, элдин копчулугу жакырчылык жашоодо.

кимден: Умарали каяктан: РФ
03.01.2012 17:18
Данияр Аманалиевке айтып койгулачы, Өткөн жылы биз менен иштегендер Ысык-Колго барып эс алып келишти. Абдан тазалыгы жок, жээктер булганыч, кумда отуруп алып тамактанышып, таштандыларды таштап кетишет, кийим которуп кийүүчү кабиналары сийдик жыттанып турат деп келишти. Туристердин эс алууга сарпталган акчасын татыктуу актап бергенге болбойбу? Биз угуп алып абдан уйалдык.

кимден: dosbol каяктан: bishkek
03.01.2012 14:29
Syranam AIYLDAGY akybaldy da baryp karap kpigylachy, 4ek arany karap koigyla4y, jok degende oshol jakty saktap kalgyla KYRGYZ silerdin jardamynarsyz ele onygyp kelgen.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)