Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

17:31 Исфана шаарында акын Курбаналы Сабыровдун 65 жылдыгы белгиленди


Курбаналы Сабыровдун 65 жылдыгы жыл сайын Исфана шаарында өткөрүлүп келген поэзия кечеси менен чогуу белгиленди. Ага Лейлек районундагы акын- жазуучулар жана обончулар катышып, Курбаналы Сабыровдун ырлары окулду. Салтанттуу жыйынга маркум акындын жубайы, «Сабыров» атындагы жоопкерчилиги чектелген коомунун башчысы Гулчехан Садыкова да катышты. Жыл сайын берилүүчү «Курбаналы Сабыр уулу» сыйлыгына быйыл сүлүктүлүк жаш акын Айсулуу Садыкова татыды.Жаш акындын «Дарыя шоокуму» ырлар жыйнагы, жергиликтүү акын жазуучулар тарабынан жогору бааланган.Бул тууралуу «Азаттыка» Лейлек райондук «Атажурт» гезитинин башчысы Абдилаат Дооров кабарлады. (SA)

XS
SM
MD
LG