Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:11

Прагада Б.Миңжылкиевдин 70 жылдыгына арналган концерт өттү


Кыргыз опера ырчысы, СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев көзү тирүү болгондо быйыл апрелде 70 жашка чыкмак. Кыргыз маданияты менен искусствосунун эки алпы ырчы Б.Миңжылкиев менен залкар жазуучу Ч. Айтматовду эскерген концерт 30-сентябрда Чехиянын борбору Прагада өттү. Анын уюштуруучусу Тахира Менаждинова өзү 10 жыл Кыргызстанда жашап Б.Миңжылкиев менен бирге Кыргыз опера жана балет театрында эмгектенген. Б.Миңжылкиевди эскерүү концертин өткөрүү демилгеси залкар жазуучу Ч.Айтматов көзү тирүү кезинде жаралып, бирок ишке ашпай калган. Опера ырчысы Т.Менаждинова “Азаттыкка” музыканын эл аралык күнү алдында өткөн кечени “Эки улуу инсанды бириктирген музыкага таазим” деп атады.

Экс-президент К.Бакиевдин тушунда 2010-жыл – «Маданий мурастар» жылы деп белгиленип, Б.Миңжылкиевдин 70 жылдык эскерүү мааракеси сентябрь айында өтөөрү кабарланган. Учурдагы маданият жана маалымат министринин орун басары Кожоголди Култегин шайлоолор маалында өлкөдө эч кандай эскерүү мааракеси өткөрүлбөстүгүн «Азаттыкка» билдирди. (GA)

XS
SM
MD
LG