Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Путиндин ысымын чокулардын бирине берүү тууралуу мыйзамга кол коюлду


Кыргыз тоо кыркаларындагы аты жок чокуга "Владимир Путин атындагы чоку" деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө мыйзамга президент Роза Отунбаева кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Орусиянын премьер-министри Владимир Путиндин ысымы менен Ала-Тоодогу чокулардын бирин атоо демилгесин Москва райондук кеңешинин депутаттары көтөрүп чыгып, аны премьер-министр Алмазбек Атамбаев колдоого алган. Мыйзам долбоор даярдалып, Жогорку Кеңештин депутаттары да аны колдоп, мыйзам кол коюу үчүн президентке жөнөтүлгөн.

“В.Путин атындагы чоку” Чүй облусунун Москва районундагы, Ак-Суу дарыясынын бассейниндеги, Жар-Таш дарыясынын оң жактагы куймасынын оң жагындагы тоо кыркасында, 4446 метр бийиктикте орун алган. (IJz)

XS
SM
MD
LG