Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Президенттикке талапкер болуучулардын саны эки адамга кыскарды


Бүгүн президенттикке талапкер болуп катталууну каалагандар үчүн алгачкы тил сынагы өткөрүлдү. Ага катышкан беш адамдын экөө сынактын талаптарына толук жооп бере албагандыктан, мындан аркы ат салышууга катышуу укугунан ажырашты. Алар - "Толубай" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү Сейтек Байгутдиев жана "Жашылдар" партиясынын жетекчиси Эркин Булекбаев. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Реформа" журналынын баш редактору Жусупжан Пиримбаев жана "Мекен ынтымагы" партиясынын жетекчиси Темирбек Асанбеков сынакты тиешелүү деңгээлде тапшыра алышты.

Кыргыз жазма, адабий жана оозеки тилин канчалык деңгээлде билгенин аныкташ үчүн сынак өткөрүү коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, анын зарылчылыгы жок экендиги да айтылууда.

Сынак 24-сентябрга чейин жумасына төрт жолу өткөрүлүп турат. Аны тапшыра алган жана 100 миң сомдук шайлоо фондун түзүп, 30 миңден кем эмес кол топтой алгандар гана президенттикке талапкер деп каттоодон өтөт. Шайлоо 30-октябрда болот. Талапкер болууну каалагандардын саны эми 65 болду.

XS
SM
MD
LG