Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

"Шоронун" негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев дүйнө салды


Табылды Эгембердиев
Табылды Эгембердиев

16-майда "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер жана публицист Табылды Эгембердиев 64 жашында узакка созулган оорудан кийин Бишкекте дүйнө салды. Бул тууралуу "Супара" комплексинен кабарлашты.

Эгембердиев 1992-жылы иниси Жумадыл менен биргеликте кыргыздын улуттук суусундуктарын чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген. Акыркы жылдары тоо туризмин өнүктүрүүнү максат кылып, өлкөдөгү уникалдуу "Супара", "Супара-Чуңкурчак" этнокомплекстерин түптөп, ийгиликтүү жетектеп келген. Кыргызстанда көркөм өнөр, маданият, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн түрдүү долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон.

Табылды Эгембердиев 1951-жылы 14-январда Суусамыр өрөөнүндө төрөлгөн. Ал 1972-жылы Фрунзе политехникалык институтунун курулуш факультетин аяктаган.

1990-жылдардын башында коомдук-саясий турмушка активдүү аралaшып, "Кыргызстан" Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздөөгө катышып, өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөргө зор салымын кошкон. Эгембердиев ал жылдары калеми курч публицист катары коомдогу өзгөрүүлөр тууралуу макалаларды жазып турган. Маркумдун артында жубайы, aлты баласы калды.

Маркум Табылды Бердигул уулу Эгембердиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты май (бугу) айынын 19унда, шейшемби күнү, эртең мененки саат 10:00до Бишкектин түштүк-чыгышындагы "Супара" этнографиялык комплексинде башталмакчы. Маркумдун сөөгү Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүндө жерге берилмекчи.

(BkA)

XS
SM
MD
LG