Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Москвада соода борборунда кыргыз жаранын бычактап кетишти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

23-июль күнү кечке маал Москва шаарынын чыгыш тарабындагы соода борбордо өз ара чыккан чырдан улам кылмышкер кыргыз жаранын төшкө бычак менен урган. 29 жаштагы мигрантты тез жардам унаасы алып кетип баратканда жолдо үзүлгөн.

Кылмышка шектүү гипермаркетте жашынып, качып кетүүгө үлгүргөн. Полиция ушул тапта иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандын консулу бул иш боюнча Орусиянын укук коргоо органдары менен иштөөдө. Набыт болгон жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Ал Кара-Кулжанын тургуну экендиги аныкталды. (AzK)

XS
SM
MD
LG