Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Марат Бакиевдин Беларустагы хан сарайы табылды


Качкын президент Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев Беларустун Раубичи кыштагында жашарын “Азаттыктын” беларус кызматы шардана кылды. Жарыяланган сүрөткө караганда 3 кабат хан сарайда Марат Бакиев жубайы жана балдары менен бирге жашайт. Алар ага чейин Березин коругунда президенттик апартаментте жашашкан.

Беларус президенти Александр Лукашенко 2010-жылдын августунда Кыргызстандан качып барган Бакиевдерге ак сөөктөр жашаган Веснинка аймагынан элиталык үй бөлүп берген болчу.

“Азаттыктын” беларус кызматынын кабарчысынын билдиришинче, Марат Бакиев жашаган үйгө алар көчүп келгенге чейин тезинен ремонт иштери жасалган. Хан сарайдын канча турары белгисиз, бирок жер тилкесин мурунку кожоюн 50 миң долларга алганы айтылат.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, анын үйүнө атасы Курманбек Бакиев, агасы Жаныш Бакиевдер үй-бүлөсү менен келип-кетип турушат.

45 жаштагы Марат Бакиев 2010-жылдын 7-апрелине чейин УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеп турган. Аны сот 90дон ашык адамдын өлүмүнө байланыштуу 22 жылга сыртынан соттогон. Курманбек, Жаныш жана Максим Бакиевдер да сыртынан соттолуп, 5 жылдан бери эл аралык издөөдө. Расмий Беларус Кыргызстандын аларды экстрадициялоо боюнча талабын четке кагып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG