Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Имам Рашод Камалов беш жылга кесилди


Рашод Камалов
Рашод Камалов

7-октябрь күнү кечинде Кара-Суу райондук соту "Ас-Сарахси" мечитинин мурдагы имамы Рашод Камаловду 5 жылга эркинен ажыратты. Сот диниятчыны диний кастыкты козутууга, экстремисттик материалдарды сактоого жана таратууга айыптуу деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Камаловдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

Сот айыпталуучуну имамдыкка дайындоо тууралуу муфтияттын буйругу жок экен, анын үй-бүлөсү бар экендигин жана буга чейин туура эмес иштерге катыштыгы жоктугун эске алуу менен анын абактагы мөөнөтүн кыскарткан. Камаловдун жактоочулары апелляция берүүгө камданууда.

Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сарахси” мечитинин имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ага каршы "экстремизмге чакырган", "халифат курууга аракет кылган" жана "Сирияга адамдарды жөнөткөн" деген шек менен иликтөө иштери башталган.

Камалов өзүнө коюлган айыптарга макул эмес. Анын ишин сотто кароо буга чейин эки ирет жылдырылып, баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG