Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

“Жихадчылар” Назарбаевди опузалап кайрылуу жасашты


Казак бийлигине жасалган видеокайрылуудан.
Казак бийлигине жасалган видеокайрылуудан.

Түштүк Казакстан облусунун Казыгурт районунан Сирияга үй-бүлөсү менен көчүп кеткен Марат Мауленов казак бийлигине видеокайрылуу жасады. WhatsApp аркылуу таратылып жаткан 4 мүнөттүк тасмада башына кара чүпүрөк салынган, куралы бар сакалчан адам жанындагы шериги менен кошо “Казакстан жергесине жүрөктөн чыккан кайрылуу” жасап жаткандыгын айтат.

Экинчи адам өзүн Орск аймагынын жашоочусу Ринат Жумабеков деп тааныштырат.

Кайрылуу орус тилинде жасалган. Алар “халифат жергесине” үй-бүлөлөрү менен бирге көчүп келишкенин, балдарын шариятка ылайык окутуп жатканын айтышат. Мауленов Казакстанды «Каапырстан» деп атап, “демократия жана шайтан үчүн эмес, Аллахтын сөзүн ардактоо үчүн күрөшүп жатам” деп билдирген.

Мурда мектепте орус тилчи болуп иштеген 45 жаштагы Марат Мауленов былтыр сентябрда үй-бүлөсү менен Сирияга сапар алганы жөнүндө маалымат чыккан. Алгач жубайы жана алты баласын алып, Бишкекке кетип жатканын билдирген. Кийинчерээк Сирияда экени ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG