Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:31

Саясат

А.Бекназаров: И.Исаковдун кайраты бекем

15-январда адвокат Азимбек Бекназаров 11-январдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын абагында камалып турган Исмаил Исаков менен жолугушуп чыкты. Ал эми Бишкекте жана Алайда генерал Исаковдун боштондугун талап кылып, ачкачылык жарыялагандардын саны 22 кишиге жетти.

Текст көлөмү - +
Исмаил Исаковдун Алайдагы тарапкерлери 15-январда акыркы кадамдарга барууга, өздөрүн-өздөрү өрттөөгө даярдыгын билдиришти. Андан сырткары ачкачылык жарыялагандардын саны 12ге жетип, бийликке ишенимдери тап-такыр кетип калганын ачыкташты.

Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылып, Бишкекте ачкачылык кармагандардын саны 10 кишиге жетти. Алардын ден-соолугуна кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаев көз салууда. Бишкекте ачкачылык кармап отургандардын бирөөсү Зулайка Калыева буларды
билдирди:

- Азыр абалыбыз ушул, кайнак суу ичип отурабыз. Исаковду мыйзамсыз камап койгону үчүн биз өтө кыжырдануу менен отурабыз. Оорусак да отурабыз. Аягына чыгабыз деп турабыз. Исаков үчүн отурабыз. Эл үчүн отурабыз. Кудум биздей эле абалда Петровка, Балыкчыдагы айыпталгандар турат. Биз өтө-өтө кыжырдануу менен отурабыз Бакиевге.

Исмаил Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров 15-январда Исмаил Исаков менен жолугушуп чыкты. Жолугушууга уруксат алуу жеңил болбогонун Бекназаров билдирди:

- Бүгүн эртең менен эрте келип, түшкө жакын саат 12:30да араң кирдим. Экинчи жолу судьядан уруксат алып, аны өзүбүз алып келип, көрсөтүп араң кирдик. Мурда жөнөтүлгөн уруксат абактын башчысынын колуна тийбептир. А түгүл Исмаил Исаковго ушул күнгө чейин өкүмдүн көчүрмөсү да берилбептир. Ден-соолугу абдан жакшы. Мурдагыдай эле күнөөлүү эмесмин деп жатат. Колдоочулардын баарына ыраазычылык айтты. Мыйзамды бузушпасын. Мыйзамдын чегинде талаптарды кое беришсин деген өтүнүчүн айтты мен аркылуу.

Адвокат ошондой эле дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Аскердик сотуна апелляциялык арыз жолдоноорун белгиледи:

- Биз азыр экөөбүз сүйлөштүк. Ушул апелляциялык арызды дүйшөмбү күнү тапшыралы деп чечтик. Арызды мен жаза турган болдум. Кандай жазууну кеңештик. Ошондуктан кезектеги кадам - бул апелляциялык арыз жазуу жана дүйшөмбү күнү тапшыруу болмокчу.

Расмий бийлик Исмаил Исаковдун камалышына карата эч кандай билдирүү тарата элек. Ал эми бийликтин “Ак жол” партиясынын депутаттары “соттун чечимине каршы пикир айта албасын. Ар ким жасаган кылмышына жараша жазасын алыш керек” деген пикирлерди айтууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Исаковдун соттолушуна карата мындай пикирин билдирди:

- Исмаил Исаковго мен дагы жакында кирип чыгайын деп жатам. Мен ойлоймун, албетте, биз соттун ишине, тергөө ишине кийлигише албайбыз. Бирок мен Акыйкатчы катары айтайын, соттун өкүмү көп адамдарды аябай нааразы кылып жатат. Ошонун ичинен Акыйкатчы катары мени дагы. Өкүм кабыл алаардан мурда көп фактылар менен ойлонуш керек эле. Саясат жыттанган ишти эле саясатка айландырып, чечип койгону көп адамдардын нааразылыгын жаратып жатат.

Белгилеп кете турган нерсе, Алайда нааразылык акциясына чыккандар Акыйкатчы жана адам укугун коргоочулар алардын талаптарын угушун өтүнүп жаткан. Бирок азырынча борбордук бийлик сыяктуу эле борбордогу укук коргоочулар да бул жагынан активдүүлүгүн көрсөтө элек.

Саясат таануучу Табылды Акеров бул үчүн укук коргоочуларды сынга алды:

- Бизде укук коргоочулар бийлик түзгөн уюмдарга, же болбосо комиссияларга кирип кетип, ошондуктан өздөрүнүн үнү бийликке
жетпей калып жатат. Анткени, балким ошол аркылуу алар балдарын жакшы жумуштарга коюп, окууга өткөрүп, өздөрүнүн кызыкчылыгын дагы бүткөрүп жатат. Ошондуктан өздөрүнүн үнү да жетпей алсырап, элдин дагы кызыкчылыгын мурдагыдай айта албай жатат. Биздин укук коргоочулар бүгүн Алайда болуп жаткан, же болбосо Павлюктун өлүмү боюнча эч кандай иш алып барган жери жок. Билдирүүлөрү да жок.




Тасмада: Бишкекте ачкачылык акциясы уланууда

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: санаалаш
15.01.2010 19:46
Туура айтасын, Аске!
Биз арызды чакыйта 6 тилде жазып салалы. Өз колуң менен ООНдун баш кеңсесине тийгиз. Дагы бирди Пентагонго Роберт Гейтске - Транзиттик Борбор турган өлкөдөн, анан дагы баягы бир кезде суу кечирген генерал Исаковдун коргоочуларынан деп бер. Аске, ал жагын өзүң колуңа ал!

кимден: Shom каяктан: Talas
15.01.2010 19:04
Кыргызда жакшы сөз бар "Такты талашып алат" деген анысы кандай жөн эле кыйкырып же коркутуп койгондо болбойт. Мен саясий куугунтук жегендерге кааларым чындап көздөрү ачылып, накта элдик адамдар болсо экен дейм. Биртке колуна бийлик тийгенден кийин тескери сүйлөп калбай (Куловго окшоп). Ошондуктан кандайдыр бир кара тизме түзүш керек жана ошол кара тизмеге азыркы туура эмес элди ыйлаткан, ичкич жегич, мыйзамды уруп ойнобогон аткаминерлерди, бийликтин шапалактарын, ушу кара тизмеге киргизиш керек. Эгер ыңкылап журуп кетсе таппай калабыз ким кандай жүргөнүн. Кара тизме колубузда болсо бат эле тазаласак болот.

кимден: жакып каяктан: ош
15.01.2010 18:49
Исаковко аманчылык денсоолук кайрат тилейбиз

кимден: Aske
15.01.2010 17:24
Укук коргоочуларга жана оппозицияларга сын айтуу бул кошоматтын бир түрү. Ушул бир ууч кыргыз, кандай болсо да, коркунучтуу шарттарда да, баатырдык менен, боордошторунун укугун коргоп, башына кыйынчылык түшкөн кыргыздардын таламын талашып атат. Булардын эрдиги, улуу ата мекендик согуштагы баатырлардыкынан кем эмес. Тарых муну айгинелейт. Мамлекетте бардык ресурстар бар, ал тургай дүйнөлүк банктар да аларды каржылап, өздөрүн батырып олтурушат, ал эми оппозицияда жана укук коргоочуларда болбогон булактар бар. Алар деле кошоматчы депуттардын катарына кирип, жей турган кызматтарга орношууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Бирок алар антишпей жатышат. Ушуга да шүгүр, кыргыз абийиринен таптакыр айрыла элек экен деп туралы. Бир гана кеңеш оппозицияга - европалык терминдерди колдонбой, кыргыздын эле жөнөкөй сөздөрүн колдонбосоңор эл түшүнбөйт. Мисалы, Роза эже менен Алмаз байке айтып аткан Кокон хандыгы көп кыргыздар үчүн жакшы нерсени билдирет. Демократиядан көрө көп кыргыздар "күчтүү ханды" самайт. Ошондуктан, аларга түшүнүктүү терминдерди колдонуу керек. ООНдорду сындай бербей кат жазуу керек. Дүйнөдө Кыргызстанды эч ким билбейт, көңүл бурбайт, кызыкпайт да. Бул жакта болуп аткан окуяларга дүйнөнүн башы да оорубайт. Ошондуктан аларга билдирүү керек. Гаагага жазгыла, ООНго, Донорлорго, ошол эле Кытайга, жана башкаларга алардын саясый көз карашын эске алып, кат жазуу керек. А бирок, кыргыз мамлекети үчүн кыргыз гана жооптуу.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)