Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Бишкекте саясатчылар Немцовду эскеришти


Кыргызстанда Немцовду эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

Кыргызстанда Немцовду эскеришти

Орусиялык оппозиционер саясатчы Борис Немцовдун атып өлтүрүлүшү дүйнө лидерлерин кабатырлантты. Кыргыз оппозициясы жана жарандык активисттер да бүгүн Бишкектеги орус элчилигинин алдында чогулуп, саясатчыны эскеришти.

Саясатчынын өлүмүн Орусияда оппозиция жана укук коргоочулар саясий режимден көрүп жатат. Расмий Кремл болсо бул дооматтарды четке кагууда.

Сочи шаарында төрөлгөн Борис Немцовдун кесиби физик болгон. Ал 29 жашынан баштап саясатка аралаша баштаган. 1988-жылы анын апасы атом станциясынын иштешине каршы кыймылды жетектеп, нааразылык акцияларына Немцов да катышат. Ушул окуядан эки жыл өтпөй ал “Демократия үчүн талапкерлер” бирикмесинен депутат болуп шайланат. 91-жылдын августундагы Москвадагы окуяларда Ак үйдү коргоого активдүү катышып, Борис Ельцин менен жакын мамиле түзөт.

Борис Немцовду эскерүү
Борис Немцовду эскерүү

Саясат талдоочу Жумакадыр Акенеев Борис Немцовдун Орусиянын жаңы тарыхында реформачыл саясатчы, либерал экономист катары орду чоң экенин белгилейт.

- Немцов саясатка жаш кезинде келди. Ельцин президент кезде килейген облустун губернатору, кийин депутат болуп турду. Ал өкмөт башчынын жардамчысы катары Орусиянын өнүгүшүнө да чоң салым кошту. Немцов, Чубайс, Гайдайларды либерал экономисттер деп коет. Орусияны дароо өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошобуз деп “500 күн” деген программаларды иштеп чыгышкан. Тилекке каршы максатына жеткен эмес.

Немцов Нижегород облусун жетектеп турганда бир катар реформаларды ишке ашырган. 1996-жылы орус армиясын Чеченстандан чыгаруу үчүн миллион кишиден кол топтогон. Ушул эле жылы президенттикке талапкерлигин коюп, кийин кайра баш тарткан.

Ал 1997-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалат. Немцов ошол кезде федералдык өкмөттөгү эң жаш аткаминер болгон. Көбү аны Ельциндин мураскору деп ойлошчу. Ельцин өзү да бир ирет аны мураскорум деп атаганы бар. 1998-жылы өкмөттүн отставкасынан кийин ал “Оңчул күчтөр союзу” партиясын түптөп, кийин Мамдуманын төрага орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн.

“Путинге каршы ачык согуш”

Жогорку Кеңештеги эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов Немцов Путинге ачык сын айткан, демократияны жактаган бирден-бир саясатчы болгон деп эсептейт.

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

- Борис Немцов эч кимден коркпой демократияны ачыктан-ачык колдоп жүрдү. Ал Орусиянын Украинага карата баскынчылыгын, Путиндин экономикага тийгизген терс таасирин ачык сындаган демократ болгон. Немцов Европаны жактап, Орусиянын авторитардык эмес, демократиялык өлкө болушун каалаган. Ошол үчүн күрөшкөн.

Немцов алгач Путиндин өкмөт башчы болушун, андан кийин президенттикке талапкерлигин колдогон. Кийин бул кадамы чоң ката болгонун айтып өкүнгөн.

Ал 2000-жылдан 2008-жылга чейин “Оңчул күчтөр союзун” жетектеп, оппозициялык ишмердигин уланткан. Немцов көптөгөн митингдерди уюштуруп, өлкөдөгү коррупцияны жана атайын кызматтардын кыянат иштерин айыптап чыккан. Борис Немцов президенттик шайлоолор мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, Путиндин саясатына каршы күрөшкөн.

Ал 2009-жылы Сочи шаарынын мэрлигине талапкерлигин коюп, шайлоодо 14% добуш менен 2-орунду ээлеген. 2010-жылы “Элдик эркиндик” (ПАРНАС) партиясын түзүп, Ярослав облусунан депутат болуп шайланган.

Немцов таза саясатчы болгон

Жаш оппозициялык саясатчы Адил Турдукулов Немцовдун таза саясатчы болгонуна токтолду.

- Ал түз эле оппозицияга келип калган эмес. Ага чейин көптөгөн кызматтарды басып өткөн. Анын артында эч кандай чуулгандуу коррупциялык иштер жок болгондуктан анын аброю чоң. Бир гана оппозицияда эмес, эл ичинде да жогору кадыр-баркы жогору эле. Немцовдун тайманбастыгы, чечкидүүлүгү башкалардан айырмаланып турган.

Борис Немцов башында турган оппозиция 1-мартта “Жазгы антикризистик марш” аттуу акция өткөрмөк. Ал Украинадагы согуш, өлкөдөгү экономикалык кризис үчүн орус бийлигин сындап, демократиянын, эркиндиктин жактоочусу болгон.

Борис Немцовду 27-февралдын түнүндө белгисиз адамдар атып кетишти. Анын сөөгү 3-мартта жерге берилет. Дүйнө лидерлери Немцовдун өлүмүн айыптап, Путинден күнөөлүүлөрдү тез арада табууну талап кылышууда.

1-мартта Орусияда жана башка мамлекеттерде маркум Борис Немцовду эскерген ири жүрүштөр болуп өттү.

XS
SM
MD
LG