Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Универсиада: кыргыз спортчуларынын жалгыз медалы


XXVIII жайкы Универсиаданын ачылыш аземи. 3-июль, 2015-ж. Кванжу шаары. Түштүк Корея.
XXVIII жайкы Универсиаданын ачылыш аземи. 3-июль, 2015-ж. Кванжу шаары. Түштүк Корея.

Түштүк Кореянын Кванжу шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк жайкы универсиада оюндарына Кыргызстандан барган 22 спортчунун баары мелдештерин аяктады. Кыргызстандыктар спорттун 4 түрү боюнча мелдешке чыгышты.

Алардын арасынан жеңил атлетчи Дарья Маслова 5 миң метрге чуркоодо 3-орунду ээлеп, Кыргызстанга таандык жалгыз коло медалдын ээси болду.

Дарья Маслова 11-июль күнү 5000 метрге чуркоодо алгачкы тандоо жарышында 16 мүнөт 18.4 секунда көрсөткүчү менен экинчи келип финалга чыккан.

Ал чечүүчү жарыштын 15-мүнөтүндө финалдагы 15 катышуучунун арасынан көч башында келе жаткан. Жарым мүнөттөн кийин акыркы айлампада аны чехиялык Кристина Маки озуп өтүп, биринчи орунду алды (16 мүнөт 03.29 секунда).

Ал эми марага саналуу гана кадамдар калганда жаңы зеландиялык Камила Луис Бускомб Дарьяны ашып, экинчи болуп мара сызыгын басып кетүүгө үлгүрдү (16 мүнөт 03.72 секунда). Атаандашынан 0.8 секунда гана артта калган Дарья Маслова 16 мүнөт 04.09 секунда менен 3-болуп мара сызыгына жетип, коло байгени тагынды.

Дарьянын алган байгеси быйылкы 28-жайкы Универсиада оюндарындагы Кыргызстандын эсебине таандык жалгыз гана медаль. Ал учурда 20 жашта. Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясында билим алат.

Сүрөттө: (солдон оңго) Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясынын ректору Токтобек Иманалиев, Республикалык “Жаштык” борборунун директору Эркин Абдылдаев жана XXVIII жайкы Универсиаданын коло байгесинин ээси Дарья Маслова.
Сүрөттө: (солдон оңго) Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт Академиясынын ректору Токтобек Иманалиев, Республикалык “Жаштык” борборунун директору Эркин Абдылдаев жана XXVIII жайкы Универсиаданын коло байгесинин ээси Дарья Маслова.

Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын башкы катчысы Иван Щербаков күчтүү атаандаштыкка карабай Дарьянын алдыга чыгып, коло байгени алганы чоң жетишкендик болду дейт.

- Дарья Маслова буга чейин 3000 жана 5000 метрге чуркоо боюнча жаштар арасында Азия чемпиону болгон. 5 чакырымга чуркоодо чоңдор арасында быйылкы жылы Азия чемпиондугунун коло медалын тагынды. Эми сыйлыктарынын катарына Универсиаданын коло медалы кошулду. Анын бул жетишкендигине абдан кубанычтабыз. Салыштырмалуу айта турган болсок, Универсиада оюндарында Дарья чыккан аралыкка жакынкы эле кошуна мамлекеттерден Казакстандын, Өзбекстандын же Орусиянын спортчулары чыга алышкан жок. Андыктан муну чоң жетишкендик деп да бааласак болот. Ал келечегинен көптү үмүттөндүргөн мыкты жөө күлүктөрдүн бири. Алдыда эл аралык мелдештерде нормативди толтуруп (5 чакырымга чуркоо үчүн 15 мүнөт 17 секунда) 2016-жылдагы жайкы олимпиадага жолдомо алып калат деп ишенебиз.

Кыз-келиндер арасында 4х100 метрге эстафеталык жарышта казакстандык жеңил атлетчилер алтын медалдын ээси болушту. 12-июль, 2015-ж. Кванжу шаары.
Кыз-келиндер арасында 4х100 метрге эстафеталык жарышта казакстандык жеңил атлетчилер алтын медалдын ээси болушту. 12-июль, 2015-ж. Кванжу шаары.

Ошондой эле жеңил атлетикадан 1500 метрге жарышып, Ксения Файсканова 11, жарым марафондук жарышта Илья Тяпкин 13-орунду алды. Буга чейин дзюдо, таэквондо жана стол үстүндөгү теннистен кыргыз спортчулары мелдештерин байгесиз жыйынтыкташкан. Жалпысынан жеңил атлетика, дзюдо, стол үстүндөгү теннис жана таэквондо деп аталган спорттун 4 түрүнөн Кыргызстандан 22 спортчу 28-дүйнөлүк Универсиадага катышты.

Кыргызстандын Студенттик спорт федерациясынын вице-президенти, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык "Жаштык" борборунун директору Эркин Абдылдаев студенттик спорт Кыргызстанда өнүгүп жатканын, кыргыз спортчулары дүйнөлүк Универсиадада татыктуу таймашканын айтып берди.

- 2 жыл мурда Казан шаарында болгон Универсиадага салыштырмалуу Кванжудагы мелдештер жогорку деңгээлде уюштурулуптур. Масштабдуулугу жагынан дүйнөлүк Олимпиада оюндарынан кийинки эле катарда турган бул оюндарга дүйнөнүн 150гө жакын мамлекетинен келген мыкты спортчулар катышты. Дзюдочу Бектур Рысмамбетов коло байге үчүн күрөштө 1 упай жетпей утулуп калды. Дзюдо курамасы командалык таймашта 7-орунду алды. Универсиаданын деңгээли менен жыйынтык жакшы деп айтсак болот. Себеби студенттик спорттун өнүгүшү өлкөдө Билим берүү министрлигинин колдоосу менен жакшы деңгээлге көтөрүлө баштады.

Буга чейин кыргызстандык студент спортчулар Универсиада оюндарында 1985, 2013-жылдары байге алышкан.

Кванджу Универсиадасында жалпысынан спорттун 21 түрүнөн 272 топтом медаль үчүн дүйнөнүн 146 мамлекетинен 10 миңден ашуун спортчу таймаштарга чыгышты.

​Учурда акыркы, 11-мелдеш күнүндө медаль алган өлкөлөрдүн көч башын мелдеш кожоюну Түштүк Кореянын студент спортчулары жетектеп келатат. Алар 47 алтын, 32 күмүш, 29 коло байге менен жалпы 108 медаль топтоп алдыга чыгышкан.

34 алтын, 39 күмүш, 49 коло менен жалпы 122 байге топтогон Орусиянын спортчулары экинчи катарда. 3-орундагы Кытай спортчуларында 34 алтын, 22 күмүш, 16 коло байге бар.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 6 алтын, 4 күмүш менен 11-орунда. Өзбекстан 1 алтын байге менен 38-катарда болсо, Кыргызстан 1 коло менен 62-орунду ээледи.

3-июль күнү башталган 28-жайкы дүйнөлүк Универсиада 14-июлда аяктайт. 2 жылдан кийин бул оюндар Тайвандын Тайбэй шаарында өтөт.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG