Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

АКШда сууга чөгүп кеткен жигиттин сөөгү мекенине жөнөтүлөт


АКШ да кайтыш болгон Иманалы Абдрахманов
АКШ да кайтыш болгон Иманалы Абдрахманов

18-июлда АКШда жашаган 27 жаштагы Иманалы Абдрахманов Калифорнияда дарыяга чөгүп кайтыш болду. Океандын ары жагында жашаган кыргызстандыктар акча топтоп, маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнүн камын көрүүдө.

"Паркта эки сааттай уктап калыптырмын, ойгонсом жанымда жок. Алгач телефон чалсам үн кетип атып эле өчүп калды, анан бирөө менен сүйлөшүп жаткан го деп, бир сааттай күттүм. Ары басып суу бойлоп, волейбол, баскетбол ойногондордун арасынан карадым. Сууга түшүп кетти деген оюма да келген жок" - деген Каземир Узеналиев Иманалы менен акыркы саатта бирге болгон.

Эки жигит ушул жылдын март айында таанышкан. Ал кезде Иманалы Абдрахманов Нью-Йоркто кыргыздар менен курулушта иштеп жүргөн экен. Кийин Филадельфия штатына көчүп келип, июль айынын башында Каземирге чалып, орозо кармап жаткандыктан жеңил иш таап берүүнү суранган.

- Оор басырыктуу бала көрүндү мага. Мен ошол маалда жүк ташып Калифорнияга жөнөп жаткам. Мага жаныма жардамчы керек деп алып алдым. Экөөбүз ар кайсы штаттарды кыдырып, жүк жүктөп, тогуз күндө Калифорниянын Сакраменто шаарына жеттик. Беш маал намазын окуп, кечинде ооз ачып, орозосун кармап жанымда жүрдү. 17-июлда Сан-Диего шаарына мечитке айт намазга барып келдик. Шарият жөнүндө сүйлөп, маанайы жакшы жүргөн. Акыркы жүгүбүздү жеткирген соң эс алалы деп ошол эле Сакраментодо "American river" деген дарыя бар, ошонун жээгине келгенбиз. Эс алып жаткан эл көп болчу - деген Каземир сапарлашын кантип жоготконун ушинтип эскерет.

Дарыянын боюнда эс алып жатканда Каземирдин көзү илинип кеткен, ойгонуп эле жанындагы жолдошун таппай калып, жээктин коопсуздук кызматына чуркаган. Алар эки сааттай издеп таппаган соң, полицияга айтышкан. Андан 24 саат өткөндөн кийин полиция издөөгө киришкен. Үчүнчү күн дегенде гана Иманалынын сөөгү ал сууга түшкөн жерден 15 чакырым ылдыйда табылган.

"American River" дарыясы. Калифорния штаты. Сүрөт Википедиядан алынды.
"American River" дарыясы. Калифорния штаты. Сүрөт Википедиядан алынды.

1988-жылы Таласта туулуп өскөн Иманалы АКШга эки жыл мурун барган. Уулум иштеп, акча таап келип үйлөнөм деген эле деп оор үшкүргөн атасы Сапарбай Абдрахманов "Азаттыкка" буларды айтты.

- Алгач эмерек жасаган ишканага орношкон. Кийин курулушка өттүм деген, анан эки айдан бери уруксат кагазын алдым, чоң машине айдап атам деген. Башында өлтүрүп кетиптир деп укканбыз, андан соң расмий факс келди, акчасы, документтери баары бар экен, тонолбоптур, урушпаптыр, болгону сууга өзү түшүп чөгүп кеткен имиш. Америкага беш миң доллар төлөп кеткен.

"Азаттык" байланышкан Филадельфиядагы кыргыздар маркумдун сөөгү шейшембиде Нью-Йоркко жеткирилерин айтышкан. Ал жактан сөөктү Кыргызстанга жиберүүнүн бардык жол-жобосу бүткөн соң учакка салышат.

Иманалынын аталаш бир тууганы, эки жылдан бери Филадельфияда жашаган Багдад маркумдун сөөгүн өз журтуна жеткирүүгө океандын ары жагындагы кыргыздар акча чогултуп жатканын айтты.

"Интернетте Gofundme.com деген сайт бар экен. Ал тууралуу мага Чикагодогу кыргыз байке айтып, баарын түшүндүрүп берди. Ошол жерге атайын эсеп ачтык, АКШдагы бардык кыргыздар колунан келген жардамын чогултуп жатышат, өзбек, түрк туугандар да салым кошуп жатат деп уктук. Акчаны сөөктү жеткирүүгө беребиз, калганын ата-энесине салабыз" - деген маркумдун жакын тууганы Багдад интернеттеги атайын ачылган эсепте ушул тапта 13 миң доллар топтолгонун кошумчалады​.

27 жаштагы жигитти ажалга жулдуруп жиберген Каземир Узеналиев Калифорния штатындагы “American river” дарыясына сууга түшүп, эс алганы келгендер көптүгүн айтат. Бирок соңку кезде кырсык басып, сууга чөгүп кеткендердин саны 20га жеткенин, алардын төртөөнүн сөөгү ушул күнгө чейин табыла электигин дагы мекендешибиз белгиледи.

АКШда буга чейин 2014-жылдын башында 24 жаштагы Нуржигит Капарбеков күтүүсүз кырсыктан каза тапкан. Оор жүк ташыган машине айдаган Нуржигиттин өмүрүн алган кырсык Мичиган штатынын Детройт шаарында болгон эле.

XS
SM
MD
LG