Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Америкалыктар асыранды балдарынын тамырын таанытат


Кубат Кубаналиев америкалык үй-бүлөдө чоңоюп жаткан секелек менен.
Кубат Кубаналиев америкалык үй-бүлөдө чоңоюп жаткан секелек менен.

АКШдагы “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) уюму америкалык үй-бүлөлөр асырап алган кыргыз балдарын чогултуп, 20-21-июнда Вашингтондо “Кыргызстандын мурасы” деген аталыштагы атайын иш-чара өткөрдү.

Бул иш-чарага ыктыярчы катары катышкан АКШдагы журтташыбыз Кубат Кубаналиев "Азаттыкка" иш-чаранын максаты тууралуу маек курду.

"Азаттык": Кубат, иш-чара тууралуу айтып берсеңиз. Биз билгенден америкалыктар асырап алган балдар жыл сайын чогулуп турушат эмеспи, бул жылкы иш-чаранын негизги максаты кандай болду? Сиз сыяктуу ыктыярчылар эмне иш аткарышты?

Кубат Кубаналиев: Биз бул иш-чарага Kyrgyz USA Community уюму тарабынан атайын Огайодон Вашингтонго барып, ыктыярчы катары катыштык. Аны Гүлнара Асанова жетектеген “Кыргыз балдарынын келечеги” (Kyrgyz Children’s Future) коому АКШ дагы Кыргызстандын элчилигинин көмөгү менен жылына бир жолу америкалыктар асырап алган кыргыз балдар эне тилин, эли-жерин унутуп калбасын жана мекендештери менен жолугуп турсун деген максатта уюштуруп келет. Биз Нью-Йорктон келген башка ыктыярчылар менен бирдикте ар кандай мастер-класстарды өткөрдүк. Маселен, кыргыз тили боюнча сабактарды өтүп, кыргыздардын үрп-адаттары, салттары тууралуу кеңири айтып бердик.

"Азаттык": Жалпысынан канча бала чогулду? Аларды эмне көбүрөөк кызыктырды?

Кубат Кубаналиев: Жалпысынан 40тай бала келди. Ата-энелери менен бирге жүз чакты конок болду. Биздин уюм чет өлкөдө төрөлүп-өскөн кыргызстандыктарга кыргыз тилин үйрөтүү боюнча атайын “Алиппе” китебин чыгарган. Ошол китеп аркылуу аз да болсо бир нерсе үйрөткөнгө аракет кылып, Кыргызстан тууралуу айтып берип, бөбөктөрдүн суроолоруна жооп бердик. Бир эле балдар эмес, алардын ата-энелери да Кыргызстан жөнүндө сурап, кызыгып жатышты.

Ал арада экинчи бөлмөдө биздин кыздар кыргыздын оймо - чиймелери тууралуу айтып берип, келгендер чогуу ар кандай сүрөттөрдү тартышты. Кыскасы, убакыт аябай кызыктуу өттү. Чогулган кичинекей наристелердин ата-энелери сүйүнүп, бизге рахмат айтып, кайра дагы ушундай иш-чараларды өткөрүүгө чакырышты. Биздин коомдун ыктыярчыларын Вашингтонго Эрнис Жумакеев жана Аида Сейитбекова аттуу мекендештерибиз демөөрчү болуп алып барып, кичинекейлерге белек-бечкектерди тапшырышты.

"Кыргызстандын мурастары" кайрымдуулук кечесинде
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00

"Азаттык": Кыргыз коомчулугунда америкалык үй-бүлөлөр асырап алган балдар боюнча ар кандай терс пикирлер айтылып келет. Сиз ошол жактан кыргыз балдарынын абалын, аларга болгон ата-энесинин мамилеси кандай экенин байкай алдыңызбы?

Кубат Кубаналиев: Миң уккандан бир көргөн деп, биз ушул жакта америкалык үй-бүлөлөрдө чоңоюп жаткан балдарды өз көзүбүз менен көрдүк. Өздөрүнүн ата-энелери болбосо да, багып алган ата-энелерин аябай жакшы көрүп, моюндарына асылып, ата-энелери болсо аларды эркелетип жүргөнүн көрүп аябай кубандык. Кичинекей балдардын жүздөрү жарык.

Ошол эле маалда алар кыргыз мекенин, эли-жерин унутуп калбасын деп, балдарын биз менен ар дайым байланышта болуп турушун көздөгөнү аябай кубандырды. Кыргыздарда кан тартат деп коет эмеспи, ошол сыңары эле башка үй-бүлөдө, англис тилин сүйлөп чоңоюшса да кичинекей балдар чуркап келип учурашып, бир тууганын көргөндөй мамиле жасашты. Ата-эне менен баланын ортосундагы мээрим, камкордук айтпаса деле көздөрүнөн байкалып турат. Ошол нерсе бизди ыраазы кылып, ичибизди жылытты.

XS
SM
MD
LG