Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Виртуалдык оюн менен ишке орношсо болот


АКШда видео оюндун жардамы менен жумушчу тандап берген ишканалар пайда болду. Алар ири компанияларга атайын даярдалган интернет оюндарында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен адамдарды сунуштайт.

Эгер сиз кайсы бир жумушка орношуу үчүн мотивациялык дилбаян жазып, баарлашууга барганды жаман көрсөңүз, эми компьютер оюндарында жакшы көрсөткүчкө жетип эле ири компанияларда иштеп калсаңыз болот.

Маалыматтарга караганда, жакында түзүлгөн “Старфайтер” (Starfighter) деген компания атайын видео оюндар аркылуу компьютер жана технология жаатында иш алып барган ири компанияларга мыкты жумушчуларды тандап берет.

“Старфайтердин” оюндарында технология жана программа түзүүгө жөндөмү бар адамдар гана жакшы көрсөткүчкө жетише алат. Андыктан оюндун жеңүүчүлөрүн компания башка ишканаларга программист сыяктуу жумуштарга сунуштайт. Бул оюндар акысыз жана билимине, тажрыйбасына карабастан жакшы көрсөткүчкө жетишкен оюнчулар белгилүү фирмаларга иштеп калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Оюндун маңызын ар кандай программалар аркылуу кайсы бир мамлекеттин же ишкананын сырларын же маалыматтарын гипер-чабуулдан сактоо сыяктуу иш-чаралар түзөт. Реалдуу жашоодо деле мисалы банктарда программисттер дайыма хакерлердин чабуулуна каршы турат эмеспи. Ошол себептен оюнду жакшы ойногон адам программа түзүү жаатындагы жумуштарды алып кеткенге жөндөмдүү экенин билдирет.

“Старфайтердин” алгачкы оюндарынын бири “Микрокоррапшн” (Microcorruption) деп аталат. Бул оюнда акча салынган кампалардын купуя коддорун таап, ошол акчаны чогултуш керек. Муну ойногон 12 000ден ашуун адамдын 200гө жакыны гана оюндун жогорку баскычтарына жете алган. Эми ошолордун мыктыларына технология жаатындагы компанияларда иштөө сунушталмакчы.

Жогорудагы оюндар адамдын техникалык жөндөмдүүлүгүн аныктап берсе, ал эми калифорниялык “Кнак” деген компаниянын оюндары адамдын лидерлик, чечкиндүүлүк жана менежердик сапаттарын баалап берет.

“Кнак” иштеп чыккан оюндар да жогоруда аталган сапаттарды талап кылган ар кандай окуяларга байланыштуу жана ошол аркылуу адамдын жөндөмдүүлүгүн аныктаса болот.

Нью-Йорктогу “Капко” ишканасы “Кнак” менен келишим түзүп, оюн аркылуу жумушчу тандаган биринчи компания болмокчу.

Адистердин айтымында, бул оюндар адамдарды окуган университетине жана алган бааларына эмес, чыныгы жөндөмүнө карап тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Буга кошумча мындай жол менен жумушка алуу адамды кайсы бир көрсөткүч боюнча дискриминациялаганга жол бербейт.

XS
SM
MD
LG