Угуу

Азыр ободо

Азаттык+1 (1-чыгарылыш)

Алдыдагы берүү


Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,4825
KGS / 
EUR
60,246
KGS / 
USD
44,736

Сөз таануу

Шерине

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

1985-жылдын 1-сентябры. Чыңгыз Айтматов (1928-2008) ордо шаардагы үйүндө ойлонуп отурат. Деги, ошол мүнөттө залкар жазуучуну кайсы көйгөй терең ойго салды экен? Балким, сөздүн гүлүн издеп жаткандыр?

22.09.2009

“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат.  Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы.  Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи.  Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.

Электөө
Шеринеге пикир билдирүү (703)
    Кийинки 
Жалпы 64 беттин -бетиндеги пикир
кимден: qwerty
10.03.2010 14:27
Туугандык сөздөр боюнча айрым кызыктуу фактылар:
- Орус тилиндеги «бабушка» сөзү чагатай тилиндеги «абушка (абышка, чал)» сөзүнөн алынган. Макс Фасмер «Орус тилинин этимологиялык сөздүгүндө» жазган.
- «Айым» сөзү чындап эле эгемендик доорунда колдонула баштадыбы? Ал эми орус же Батыш тилдериндеги «госпожа, мадам, лэди» сөздөрүнүн этимологиясы эмне дейт? Байыркы гректердин биз жөнүндөгү эскермелериндеги «канчайым» сөзү жөнүндө эмне айта аласыздар?
- Түрк тилдеринен монгол, орус, тажик жана башка коңшулаш тилдерге өткөн туугандыкка байланыштуу сөздөр тууралуу эмне айта аласыздар? Алардын саны бир топ жогору. Негизи, туугандыкка байланыштуу сөздөр бир тилден экинчи бир тилге оңойчулук менен өтө бербейт.
- Кыргыз тилиндеги «курбу» сөзү араб тилиндеги «жакындашуу» же айрым учурда «жарым» маанисиндеги «курб قرب» этишинен келгенби? Анткени, түрк тилиндеги «акраба» сөзүнүн этимологиясы ушундай да. Анан да кыргыз тилинде «курбусунан толду» дегенди эстеп кеттим да.
- «Эже» сөзү байыркы түрк тилинде «принцесса» маанисинде колдонулган. Ал эми «эже» сөзүнүн ордуна «апа» сөзү колдонулган. Кээде «апа» сөзү башка түрк тилдеринде эркек тарабына да колдонулуп калышы мүмкүн.
- «Карындаш» сөзү «жатындаш» маанисинде колдонулуп, көбүнчө эркек бир туугандардын жакындыгы үчүн колдонулган.

кимден: qwerty
10.03.2010 14:27
- - - - - - -
Менимче, "зайып" сөзү бизде кеңири колдонулбай калганы дурус эле болгон экен.
Ыраматылык Түгөлбай Сыдыкбеков, балким, бул ойду азыр колдомок. "Зайып" (арапча "алсыз" сөзүнөн алынган) сөзүнүн ордуна "аял" сөзү арбын колдонулууда. "Жубай" сөзү болсо "жуптун бир бөлүгү" деген маани берет.
- - - - -- - -

«Зайыппуруш» дегендин «зайып» менен байланышы жокпу??? Же бул сөз да «zayif» жана фарсынын «purusht» сөзү болушу керекпи? болушу керекпи??? «Жубай» сөзү чындап эле «жуп» менен байланышы барбы? Андай болсо, «жубан» сөзүчү?... «Аял» сөзүнүн этимологиясы эмне дейт? «Кыз-кыркын» деген сөздөгү «кыркын» варианты деле «кыздар, б.а. олжо кыздар (т.а. корык (туткун) кыркын (кыз) дегенди билдирсе керек. «Катын-калач» сөзүндөгү «халач» кайдан чыккан? Төркүн-төөсүнчү? Түрк тилиндеги «аврат» сөзү «урагуттанбы» же араб тилиндеги «катынданбы»?

Кызык бир суроо: байыркы түрк тилиндеги «маймыл» маанисиндеги «бичин» же «бижин» сөзү кытай тилиндеги «сулуу кыз» маанисиндеги «бижин» сөзү менен байланыштуу болду бекен? (тамаша) «Ханбийке (принцесса)» маанисиндеги «кунжуй» сөзү сакталып калдыбы?

кимден: qwerty каяктан: bishigyak
10.03.2010 14:27
- - - - - - -
"Ургаачы" сөзү - байыркы доордон сакталган нагыз кыргыз сөзү (орто кылымдарда анын "урагут" деген варианты да болгон).
- - - - -- - -

«Урагут» сөзү кызыктуу экен. Бул сөздүн уңгусу «ур же «үр?» болуп, ага «бол-» маанисиндеги «а-» этиши (ушундай этиш барбы же жокпу билбейм. Бирок бул этиш Чыгыштагы корей жана жапон тилдеринде бар. Балким о- этиши да болушу мүмкүн. Кийинчерээк түрк тилдеринде бул этиш эр- же э- этиши түрүнө өтүп кеткен десек да болчудай. Азыркы кыргыз тилиндеги «эле» жана «экен» сөздөрүндө сакталган. Орто кылымдык же айрым алтай тилдериндеги атоочтуктун –гу мүчөсү жалгануу менен ага көптүктүн –т мүчөсү кошулуп айтылуусу мүмкүн (азыркы «улут» же монгол тилдериндеги көптүктүн «т» мүчөсү уланган сөздөрдөгүдөй болуп). Жалпысынан алганда «урагут» - «үр болгондор» дегенди эле билдирсе керек. Ал эми «ургаачы» сөзү үчүн байыркы тилде байма-бай колдонулган бир сөз бар. Ал – тиши.

«Ургаачы» үчүн «эбчи» сөзү да колдонулса керек эле. Бул сөз азыркы кыргыз тилиндеги боз үйдүн аял жагы, б.а. эпчи жагы дегенде сакталып калгандай. Бирок, эбчинин мааниси абдан кеңири. Анткени, «эб» сөзү «үй; аял; очок» сыяктуу түрдүү маанилерде колдонула берген. Иероглифи эң жөнөкөй - 女.

Ургаачы маанисинде азыркы корей тилинде «тул 둘» деген сөз сакталып калгандай. Бул сөз «жаныбарлардын ургаачысы, б.а. тууй элек жаш жаныбар» маанисинде колдонулат.

кимден: qwerty_z
10.03.2010 14:24
- - - - - - -
кимден: Т. Чоротегин каяктан: Прага ш.
08.03.2010 21:30
Аялзатка байланыштуу айрым терминдер
- - - - -- - -

Абдан жакшы тема баштапсыз. Колдон келген нерселерди жазууга тырышалы. Алгач байыркы сөздөрдүн тегерегинде ой жүгүртөлү. Байыркы түрк тилинде «эне» түшүнүгү үчүн «ана, өг» сөздөрү колдонулган. «Ана» сөзүнүн эркелетүү маанисинде «анач» варианты да болгон. «Өг» сөзү азыркы учурда түрк тилинде «өксүз (жетим, б.а. «энесиз» маанисинде)» сөзүндө сакталып калды. «Өгдүн» «өг таңри (аял кудай же «тиши баят («баят» Кудай дегенди билдирет го дейм)» деген сөз айкашында колдонулган. «Өг каң (эне-ата)» сөз айкашындагы «каң» сөзү кайдан чыкты???? Кызыктуусу, азыркы кыргыз тилинде айтылып жүргөн «апа» сөзү байыркы түрк тилинде «эже» маанисин берген. Бул сөз «апа таркан» деген титулда да учурайт. Байыркы түрк тилинде «хана» сөзү сейрек колдонулса да, «эне» маанисин берет.

кимден: inash каяктан: Ankara/Turkey
09.03.2010 14:48
Саламсыздарбы..тема соонун..барыңыздарга рахмат..жакында бир мекендешим адабий тилибизде "байке" деп колдонушубуз керек дегенинен улам жазып атам...
Кыргызча "байке" болуш керек "акə" (акыркы "" тамгасы "а-е" болуп ничке айтылат) же "аке" деген сөз өзбекче (албетте өзбекчеде да бар негизи) деп айтуу туура эмес , себеби "аке", "акə" деген сөз бүгүн ошо азыр колдонулган "байке" деген сөздүн өзөгүн түзөт. "Алгач ушундай мааниде айтылган бай аке түрүндөгү сөз тизмеги биригип, байке деген түргө келип, сездөгү урматтоочулук да күңүрттөнө түшкөн".Караңыз: К.СЕЙДАКМАТОВ,КЫРГЫЗ ТИЛИНИН КЫСКАЧА ЭТИМОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ,«Илим» басмасы, 1988-ж, 41- бет. Башкача айтканда "бай" жана "аке" деген сөздөр биригип "байке" болуп кеткен. Кыргызда илгертеден өзүнөн чоңдорго урмат кылуу максатын көздөп "бай" сөзүн колдонушкан Азыр да чоңалайлык кыргыздарда "бай" жана "аба" сөздөрү кошулуп "байаба" же "байава" деген сөз улуу кишилерди урматтоо үчүн колдонулат.
Ошондуктан "аке" деген сөз кыргызда бар, төмөнкү мисалдар:

"Эмнеси болсо да, алар үч-төрт ай эле бирге туруп анан Садык акемди аскерге алып кеткен" Ч. Айтматов, Жамийла, 67-Бет.
"Ал көпкө баш көтөрбөй туруп, бир убакта:-аке-деди ал өкүнгөндөй,-сизди Намангенге бек кылайын десем, билермандардын бир даары болушпады".Т. Касымбеков, Сынган кылыч,125-бет.
"Акесин таанытуу.Эсине келгидей кылып катуу жазалоо, ийге келтирүү". К. Конкобаев жана башкалар, Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү, Бишкек, 2001, 32-бет.
Жооп ирээтинде

кимден: Т. Чоротегин каяктан: Прага ш.
10.03.2010 00:41
Урматтуу inash,
"байке" сөзүнүн келип чыгышы тууралуу айтканыңда калет жок.
"Бай" сөзү чынында да көп терминди жаратууда колдонулат.
Баса, менден кичүү казак туугандарым мага кайрылганда "байке" деп шар айта албастан, дайыма "бай-аке" деп кайрылышат.

Түркчө "бей" (Bey) сөзүнө келсек, ал эски замандагы "бек" (кагандан төмөнүрөөк улуу даража) сөзүн оболу "бег" деп жумшартып, андан соң ого бетер "бей" деп айтып калгандыктан пайда болгон сөз. Муну мен Түркиядагы айрым эски көрүстөндөрдөгү мүрзө ташка жазылган жазуулардан көрдүм - азыркы латынча түрк китептеринде Бей деп жазылган менен, осмон түрк ысымынын арапча түп нускасында БЕК деп (этегинде кеф ариби аркылуу) эле бадырайып жазылып турат.

- - - - - - -

"Байбиче" сөзүн алсак, бул көөнө доордогу "байдын бийкеси", "байбийке" сөзүнө барып такалса керек.
Баса, Борбордук Азиядагы калктардын ичинен казак, кыргыз, каракалпакта гана "байбиче" жана "токол" деген сөздөр жолугат экен. Тажиктер болсо "зани аввал", "зани деум", ж.у.с. терминдерди колдонот.

- - - - -- - -

Ал эми президенттин жарына ("Биринчи Айымга") карата "канайым" сөзүн колдонуу пост-советтик доордогу кошоматчылар, көшөкөрлөр тарабынан сунушталды. Орто кылымдарда болсо хандын биринчи аялына салтанаттуу түрдө "хатун" ("катын") деп урматтоо менен кайрылышканын жогоруда эскерттик.
"Манаста" да "Кайран катын Каныкей" деген саптар учурагандыгы - ошондон.

кимден: Балбак каяктан: Балыкчы
09.03.2010 13:10
Туура, "катын" сөзү мурда оң эле мааниде болгонун бул макалдан билсек болот: "Обозгер (увазир) жакшы - кан жакшы. Катын жакшы - эр жакшы". Карасай-сөздүктө болсо "зайып" сөзүнө маанилеш "зайпана" сөзү да айтылат (мажүрөө, өтмө мааниде "аял"). Ырас эле ушу сөздөр эски китепте эле учурабаса, көп колдонулбайт. Башкасын билбейм, менин жубайым мажүрөө эмес, баарын өзү бийлейт.

кимден: Алтынбек каяктан: Бишкек
09.03.2010 12:44
Компютердик (түркчө "билгисайар") маалыматты которуу жаатында сөздүк керек экен. Мен "Компютердик технологиялар. Колдонуучунун көз карашы менен" деген китепти китепканадан карап чыктым (авторлору Ү. Асанов, А.Бердиев, А.Жуманазарова), анын аяккы беттеринде жакшы сөздүк бар экен. Бирок ал мындан он жыл мурда чыккан. Ошондой китептерди ар бир айылга жетчүдөй кылып басып чыгаруу зарыл.
Жанызактын "Мен билген компютер" китебин да жалпы окурмандарга чыгаруу керек.
URL (Uniform Resource Locator) - ресурстардын универсалдык локатору, Web "дареги" деп которулуптур. Бул сөз мага кыйла түшүнүктүү болуп калды. Аны "интернет барактарын жайгаштырып көрсөтүүнүн бирдиктүү багыттоочусу" деп которууга болот ко дейм.

кимден: Т. Чоротегин каяктан: Прага ш.
08.03.2010 21:30
Аялзатка байланыштуу айрым терминдер

"Айым" сөзү эгемендик доорунда орусча "госпожа" (англисче - Madam) сөзүнүн кыргызча маанилеши катары колдонула баштады.

Баса, "катын" ("хатун") сөзү орто кылымдарда хандын байбичесине - канышага карата гана айтылган.

ХХ кылымдын башында бул "катын" сөзү кыргыздарда негативдүү эмес, кадыресе гана сөз ирээтинде колдонулган (азыр да өзбек тилинде бул сөз нейтралдуу мааниде колдонулат), фольклордо да "катын-калач" деп кездешет, бирок кийинчерээк, негедир, орой сөз катары кабыл алына баштаган экен.

Эски кыргыз салтында "кабыргаң менен кеңештиңби?" деген сөз арбын кездешкен.

Бул - "өмүрлүк жарың менен акылдаштыңбы?" дегенди билдирген (Жакынкы Чыгыштан бизге келген байыркы уламышка караганда, Обо эне кудай тарабынан Адам Атанын кабыргасынан жаратылган имиш).

"Ургаачы" сөзү - байыркы доордон сакталган нагыз кыргыз сөзү (орто кылымдарда анын "урагут" деген варианты да болгон).

Менимче, "зайып" сөзү бизде кеңири колдонулбай калганы дурус эле болгон экен.
Ыраматылык Түгөлбай Сыдыкбеков, балким, бул ойду азыр колдомок. "Зайып" (арапча "алсыз" сөзүнөн алынган) сөзүнүн ордуна "аял" сөзү арбын колдонулууда. "Жубай" сөзү болсо "жуптун бир бөлүгү" деген маани берет.

"Кыз-келиндер" сөз айкашы совет доорунда гана пайда болгон шекилдүү.

"Келин-кесек" деген сөз, менимче, келиндер жана аларга көмөк көрсөтө ала турган кыздарды жалпылаган сөз айкашы болсо керек.

Тилчи замандаштарыбыз эмне дээр экен?

кимден: Колумб
07.03.2010 20:23
Түркия азыр артка кетип атат. Ататүрктүн ылайык түзүлүшүн таштап, динге кеткени калды. Эрдоган аларды Афганистанга айландырууда.

кимден: Т. Чоротегин каяктан: Прага ш.
07.03.2010 16:59
Эл таануу
Жакында Б.Кыдырбаева, Г.Токторбаева жана Н.Турумбаева түзгөн “Эл таануу: Тексттер топтому” деген китеп колума тийди. 2007-жылы Бишкекте “Айат” басмасынан чыккан бул китепте (ISBN 9967-23-928-X) тестиер балдар үчүт өтө жатык тилде жазылган кызыктуу маалыматтар топтолгон экен.

Анда кыргыз тили, тарыхый инсандары, адат-салты тууралуу маалымат, айрым жомок, уламыштар, накыл сөздөр, кыргыздын балдар оюндары тууралуу кызыктуу маалыматтар топтолгон экен.

Атаганат, ушул китепке Барс-бек, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари (Барскани) тууралуу да азыноолак маалымат тиркеле кетсе болмок экен. Болочокто бул китеп кайра жарыяланаарда түзүүчүлөр бул сунушту эжске алышса дурус болоор эле.
    Кийинки 
Жалпы 64 беттин -бетиндеги пикир

Тасма

Бакыт үчүн күрөш

Кыргызстанда кыздарды эркине карабай ала качуу жосунсуз көрүнүшү улам кеңири таралууда. Анын курмандыктары үчүн келечекте жеке турмушун оңдоо - өтө чоң мүшкүл.

Жаштар таштандыларга каршы!

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалы мектеп окуучулары жана студенттер арасында “Таштандыга мүмкүнчүлүк бер!” деген аталышта сынак жарыялаган.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)