Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Кадамжай: үй-бүлө чырынан үй өрттөндү

Баткендин Кадамжай районунун Айдаркен шаарына караштуу Сырт конушунун тургуну аялы жана үч баласын үйгө камап өрттөп жибергенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин кабарлаган. Министрлик тараткан маалыматта аял балдары менен терезеден качып чыгууга жетишкени, жараат алышпаганы айтылган.
Бирок милиция жогоруда айтылгандай, өрт учурунда балдар үйдө камалбаганын айтууда. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мамадали Шакировдун билдиришинче, 21-февралда Кадамжай районунун Сырт айылынын тургуну аялы жана үч баласын үйгө камап өрттөп жиберген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Окуя боюнча эч ким жабырлануучу катары милицияга арыз менен кайрылган эмес. Ага ылайык, окуя боюнча кылмыш иши да козголо элек.
Ал эми айыл тургундарынын айтымында, үй-бүлө кожоюну Орусияда иштеп жүргөн кезде айылдагы жубайы "башка эркектер менен жолугуп жүргөн" деген сөздөр чыгып, анын айынан учурда үй-бүлө ажырашып жаткан. Үйдү ким өрттөгөнүн милиция тактап жатат.

16x9 Image

Жеңиш Айдаров

"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG