Ага Кыргызстан, Орусия, Голландия, Түркия, Италия, Франция, Түштүк Корея, Иран жана башка өлкөлөрдөн 30дан ашык ишкер катышууда. Жармаңкеде эгиндердин түшүмдүүлүгүн арттыруучу, зыянкечтерден коргоочу дарылар, жер семирткичтер, сапаттуу үрөндөр, эгиндердин жакшыртылган сорттору жана айыл чарба техникалары сунушталган. Бул жолку иш-чарада дыйкандар сатып алууларды гана жүргүзбөстөн, Бажы бирдигине кирүүдөгү айыл чарба тармагы үчүн ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу да кабардар боло алышат. “Агроэкспо: Жибек жолу 2015” жармаңкеси быйыл 11-жолу өткөрүлүп жатат. Ал бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын көмөгү менен уюштурулган.
Ошто эл аралык айыл чарба жармаңкеси өтүүдө
Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы драма театрында “Агроэкспо: Жибек Жолу 2015” XI эл аралык көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат.