Сексуалдык кулчулукка жол жок!
Бүгүн Адам укуктарын коргоонун эл аралык күнү. Бул күндү утурлай “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы дайынсыз жоголгон өспүрүм кыздардын тагдыры туурасында атайын социалдык ролик тартты. Эки кыздын башынан өткөргөн окуясы балдарга, өспүрүмдөргө жеткиликтүү болуш үчүн анимация түрүндө берилген. Укук коргоочулар жакындары, ал тургай бир тууганы азгырып, кулчулукка сатып жиберген учурлар бар экенин белгилешүүдө.