Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Жалал-Абадда "Иптар" акциясы өтүүдө


Жалал-Абадда "Иптар" акциясы өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:45 0:00

Облустук милициянын демилгеси менен Рамазан айында айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө атайын иптар үчүн даярдалган белектер жана хадистер камтылган илмек-баракчасы таратылууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет. Иш - чара “Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун алкагында өтүп, ага алдыңкы спортчулар жана жаштар коомдору көмөк берүүдө. Максаты – Рамазан айында жергиликтүү тургундарды ыйманга чакырып, айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында жол коопсуздугун камсыздоо, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп эсептелет. 1-июлда Жалал-Абад шаарынан башталган акция үч күнгө уланып башка район, шаарларды да кыдырат. Жалпысынан миңден ашык иптарлык баштыкчалары даярдалган.

XS
SM
MD
LG