Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

«ТАСМА»: ЧЕХИЯЛЫК ЖАШТАР ЖАЙЫНДА “ОЛУТТУУ” КИНО КӨРҮШӨТ


Төрөкул Дооров, Прага “Азаттыктын” “Тасма” программасынын автору Төрөкул Дооров жакында, 21-30-июль күндөрү, Чехиянын Ухерске-Храдиште шаарында өткөн Жайкы Кино Мектеби жөнүндө сөз кылып берет. Бул Жайкы мектептин өзгөчөлүгү – ал жылдан-жылга эларалык деңгээлге көтөрүлүп, аудиториясын жаш муундун өкүлдөрү менен кеңейтип бараткандыгында.

Ухерске-Храдиште – бул Чехиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Моравия деген аймагындагы кичинекей шаарлардын бири. Храдиштин жайкысын көркү ачылып, туристтерге толуп кетет. Бул жактагы туристтер Чехиянын башка шаарларынан айырмаланып, чет-элдиктер эмес, чехтер өздөрү. Мектеп окуучулары, студенттер же жөн гана жаштар, иши кылып, кинону сүйгөн, өздөрү фильм жаратууга дилгирленип жүргөн таланттуу улан-кыздарды жайында ушул жерден табасыз. Анткени жылына ушул мезгилде Храдиштеде Жайкы кино мектеби иштей баштайт.

Мен алгач Храдиштеге келгенде, анын программасы менен тааныштым. Көрсө, быйылкы мектеп көбүрөөк африкалык жана канадалык кино жөнүндө сөз кылууну туура көрүптүр. Тасмалардын жарымынан көбүн дүйнөнүн дал ушул аймактарынын киносу түзөт. Буга чейинки жылдары башка мамлекеттердики көрсөтүлгөн, келерки жылы Кавказ регионунун киносуна кезек берилээри айтылды. Мектептин уюштурууучулары келечекте Борбор Азиянын да тасмаларын көрсөтүүнү самап жүрүшкөнүн билдиришти.

Фестиваль жайгашкан биринчи эле имаратка жакындаганымда, ал имарат мага тээ Советтер Союзунун учурунда райондук борборлордо курулган залдардын бириндей көрүндү. Анан анын жанындагы бактарда жаткан адамдарды көрдүм.
Топ-топ болуп көк шиберге жатып алып, кобурашып олтурган эле жаштар. Алар бир да фильмди калтырбаганга аракет кылышат. Анткен себеби, бул тасмаларды башка кинотеатрларда көрө алышпайт. Андан сырткары, бул жакта түрдүү концерттер менен белгилүү киночулардын лекциялары өтүп турат экен.

Бирок узак жол артып, ушул жерде гана кино көрүү алар үчүн башкы себеп эмес окшойт. “Эң башкысы - мектептеги өзгөчө бир атмосфера”, - дейт өзүн Вашек деп тааныштарган бул жигит.

- Мен өзүм музыкантмын. Мага бул жактагы жалпы маанай өзгөчө жагат. Мен баардык эле музыканын түрлөрүнө кызыгам, азыр анын ичинде африкалык музыка өтө кызыктуу болуп баратат. Бул мен үчүн жаңы нерсе.

Чынында эле Жайкы кино мектебиндеги маанайды өзгөчө деп айтса болчудай. Мында көбүрөөк эски фильмдер көрсөтүлгөнүнө карабай, ага жаштар келишет экен. Мен айрым балдар-кыздардан “Эмне үчүн силер эски тасмаларга келдиңер?” деп сураганымда, мени алар түшүнбөгөндөй карап калышты. Анан бир аздан соң: “Бүгүнкү жаңы тасмаларга караганда, эски тасмалар бир топ эле жакшы да” деп сылык жооп бергендей болушту.

Бул - өтө кызыктуу көрүнүш. Анткени жалпы эле постсоветтик аймакты алсак, бул өңдүү кинофестивалдарда жалаң жаштарды, болгондо да башка мамлекеттерден чакырылган эмес, өздөрүнүн эле жаштарын топтой алган фестивалдарды, кино кароо-сынактарын табуу дээрлик мүмкүн эмес. “Бүгүнкү жаштар Голливуддун экш-боевиктеринен башка эч нерсеге деле кызыкпай калышты” деген чын эле жаңылыш пикир экенин ушул жерде түшүндүм.

Мари Хавиарова айым өзү чехиялык болот. Мурда, Советтер Союзунун тушунда көп жылдар бою Чехиянын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде иштеп жүргөн экен. Анан өзү маданиятка жакын болгондугунанбы, айтор, пенсияга чыкканда, үйдө отуруп албай, чехиялык абройлуу кинофестивалдардын ишине аралаша баштаган. Азыр Febio Fest фестивалын жана Жайкы кино мектебин уюштуруп жаткандардын бири. Анын айтымында жаштарды ушинтип, жайкысын маданий иш-чарага топтой алууда эч кандай деле сыр жок.

- Билесизби, чынында кино аркылуу мамлекетти таанышат. Бүгүн 18 жаштагы жаш балдарга мурдагы окуяларды кургак эле айтып отурсаң, аларды кызыктыра албайсың, анткени алар үчүн мунун баары тарыхтын бир эле барагы. Бүгүн ошол жаш балдар дүйнөнү кеңири кыдырып жүрүшөт. Алар эми биздин мектепке келе башташты. Билимдүү, тарбиялуу, кино тартууну каалап, ошого дитин койгон кыздар-балдар бул жактан бир нерсе үйрөнүп кетүүнү самашат. Эң башкысы – мен бул жакка келгенде, мисалы, алар менден: “Фебио-Фестте быйыл эмне болот?” деп сурашса, Фебио-Фестте болсо: “Быйыл Жайкы Мектепте эмнени көрсөтөсүңөр?” деп кызыга башташат. Жайкы мектептин негизги максаттарынын бири – биз мурда билген, бирок азыр унутуп койгон “мыкты тасмаларды” көрсөтүү деп билем. Биз ошол фильмдерди акырындан архивдерден таап, көрсөтүп турабыз. Мисалы, бизде 3-4 жыл мурда орусиялык “Бабуся” деген кино көрсөтүлгөн болчу (Айтмакчы, анда ойногон актриса Ольга Онищенко бүгүн ушул жерде бизде конокто жүрөт). Ал фильмди бул жакта жаштар өтө чоң таң калаарлык кызыгуу менен кабыл алышты. Жалпылап айтканда, биздин азыркы жаш муун акырындап ушул маданиятка үйрөндү. Бүгүн мунун баары алардын өздөрүнө кызыктуу болуп калды.

Мен Мира Хавиарова айткан орусиялык “Бабуся” деген фильмде ойногон актриса Ольга Онищенко менен да сүйлөшө алдым. Бакты аралап, африкалык тамак таркатып жаткан жерде анын жасалышына тамшанып турган экен. Храдиште мектеби жөнүндө сүйлөшө келсек: “бул жакка агылган чех жаштарын көрүп, өзүбүздөгү абалга зээним кейип турат”, - дейт Ольга.

- Мен бул жакка келгенимдин себеби – ушул Жайкы мектепти өз көзүм менен көргүм келип жүргөн. Мындан бир нече жыл мурда биз өзүбүздүн “Бабуся” деген фильмди алып келгенбиз. Ошондо мен кино-театрга баратсам, узундан-узун болгон кезекте адамдар туруптур. Болгондо да баары жаштар. Анан айран-таң калып: “Алар каякка кезекке турушат?” деп сурап калдым. Көрсө, киного билет үчүн турушкан экен. Карасам, биздин фильмге такыр эле билет калбаптыр, “баары сатылган” дешти. Ошондо алгачкы ирет менде, билесизби, ушул чех жаштарына жакшы мааниде “кызганыч” сезими пайда болду. Мен аябай ыраазы болдум. Менимче, мунун баары жөндөн-жөн эле болуп калбаса керек. Уюштуруучулар көп мезгилден бери өздөрүнүн көрүүчүлөрүн “тарбиялай алышты” деп ойлойм. А бизде, Орусияда, тилекке каршы, жагдай такыр башкача. Адамдарды каяктагы болбогон атышуу-сериалдары, же эч кандай руханий баалуулугу жок фильмдер менен “маңкуртка” айландырып жатышат. Кино көрүү үчүн бул жерде парктарда чатырларды тигип, түнкүсүн чөптө уктап жүргөндөрүнө таң калдым. Кечээ бир африкалык фильм болуп аткан экен – кинотеатрда зал толтура эл. Мен каякка түшүп калганымды түшүнбөй калдым. Ушунун баарын көрүп, көзүңдөн жаш тегеренип, өзүнчө эле ичиң жылып калат экен. Жөн гана буларга кызгана баштадым. Эң кызыгы – мен бул жердеги программаны көрүп турбаймбы - өтө олуттуу кино. Анан ошого жаш муун барып жатат. Мунун баары – жан дүйнө менен иштөө дегендик ко. Чын эле, жан дүйнө менен да иштеп, аны байытып турбаса болбойт та, - дейт орусиялык актриса Ольга Онищенко.

Жайкы мектеп жөнүндө ушундай жылуу сөздөрдү уккандан кийин, ушунун баарын уюштуруп жаткан Фестивалдын директору Иржи Кралик мырзага кайрылбасам болбой калды.

Т.Дооров: Сиздердин Жайкы кино мектебиңиздер “жалаң жаштар үчүн” дегендей пикир калтырып жатат, анткени чын эле жаш муундун өкүлдөрү басымдуулук кылат экен. Чын эле ушундайбы?

И.Кралик: Негизи, жакшы фильм көрүүнү каалагандардын баары үчүн эле биздин фестивалдын эшиктери ачык. Бирок Жайкы кино мектеби жүрүп жаткан кезде жергиликтүү мейманканалардын баасы өзгөрбөгөндүктөн, атайын мейманканалардан орундарды жашы улгайып калгандар эле албаса, жаштар, адатта, ачык эле жерлерде, парктарда төшөк жамынып алып жата беришет. Биз 10 күн бою аларга ыңгайлуу болуш үчүн кечинде бактарда да кино көрсөтөбүз.

Т.Дооров:Сиздер жылына тигил же бул мамлекетти тандап алып, ошол өлкөнүн киносун көрсөтөт экенсиздер. Ар бир мамлекеттин киносун тандап жатканда кандай критерийлер менен иргеп аласыздар?

И.Кралик: Фильмдер эски болушу мүмкүн, же жаңы тасмаларды коюшубуз ыктымал. Бирок биз тасмаларды тандаганыбыздагы башкы талап – ал “жакшы фильм” болуш керек. Мен ушул “Жакшы” деген сөзгө басым жасайм. Бизде ошондой фильмдерди тандай ала турган өзүнчө адамдардын тобу иштейт.

Т.Дооров:Менин билишимче, бул жерде 10 күн бою жаш киночулар үчүн белгилүү кинематографисттер дарстарды окушат. Бирок, кино тартып жүргөн жаштардын да чыгармалары көрсөтүлөбү?

И.Кралик: Биздин фестиваль жалаң студенттердин фильмдерин көрсөтүүнү негизги максат кылып койбойт. Бул жакта сиз азыр кинотеатрларда көрө албаган, эски, бирок мыкты тасмаларды коебуз. Ал эми жаш киночулардын чыгармаларын көрсөтүүчү өзүнчө башка сынак,фестивалдар бар.

Т.Дооров: Азыр канчалык деңгээлде Жайкы кино мектеби өнүгүп жатат? Дегеле бул өзү жакшы бизнеспи?

И.Кралик: Биз муну бизнес үчүн жасабайбыз. Храдиштеге, биздин мектепке, келчү адамдардын көп деле акчасы жок. Биздин өзүбүздүн бюджетибиз кичинекей эле, бирок ошого карабай, аларды жакшы тосуп алып, жөнөткөнгө аракет кылып жатабыз, - дейт мектептин директору Иржи Кралик.

Храдиштеде Жайкы мектеп да аяктады. Бирок ушуну менен эле Жайкы маданий иш-чаралар бүтүп калган жок. Жакында Чехиянын дагы бир шаарында студенттердин кыска метраждуу фильмдеринин фестивалы болот. Ошондо сиздерди башка мамлекеттердин жаш киночуларынын чыгармалары менен тааныштырабыз.
XS
SM
MD
LG