Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

ПРЕЗИДЕНТТИН ТЕЛЕ АРКЫЛУУ Ч.АЙТМАТОВДУН ДҮЙНӨДӨН КАЙТКАНДЫГЫНА БАЙЛЫНЫШТУУ КАЙРЫЛУУСУНУН ТЕКСТИ


“Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Кыргызстандын эли, дүйнөлүк маданий жана адабий коомчулук оор жана орду толгус жоготууга учурады. Анчалык узакка созулбаган оорудан кийин 80 жаш курагында кыргыз элинин чыгаан уулу, Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Төрөкулович Айтматов дүйнөдөн кайтты.

Бул күндөрү анын кайталангыс талантын сыйлаган миллиондогон адамдар биз менен кошо аза күтүшүүдө. Улуу жазуучунун жаркын элесине баш ийип, таазим кылышууда. Эки ай мурда эле Чыңгыз Төрөкулович экөөбүз жолугушуп, келечек пландар, мааракелик иш-чаралар жөнүндө пикир алышкан элек.

Ал алдыда аткарчу чыгармачылык пландары көп экендигин айтып, бөлүшүп отурган болчу. Чыңгыз Төрөкулович дагы да бизди адамдарды жакшылыкка жана адамгерчиликке жетелеген жаңы чыгармалары, тынчтыкка жана жаратмандыкка багытталган ишмердүүлүгү, туулган жерге, элге, Атажуртка болгон үлгү болоорлук сүйүүсү менен кубандырып жүрө берсе болот эле.

Тилекке каршы, шум ажал өз элинин даңктуу уулун, дүйнөлүк масштабдагы гуманистти жана ойчулду арабыздан мезгилсиз алып кетти.

Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк жана улуттук маданиятка терең из салды. Ал дүйнө элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого баа жеткис салым кошту.
Улуу жазуучунун чыгармалары аркылуу бүткүл дүйнө биздин элдин рухий дүйнөсү, бай маданий мурасы менен таанышты. Кыргыз улуттук адабиятынын дүйнөлүк адабият жана искусствосунун казынасына жуурулушу анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.
Ушу кайгылуу мүнөттөрдө мен улуу жазуучунун бир туугандарына жана жакындарына, бардык кыргызстандыктарга терең кайгыруу менен көңүл айтмакчымын.

Өз элинин чыныгы уулун акыркы сапарга ызаат-урмат менен узатуу –биздин адамдык парзыбыз. Ошондуктан, Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу 2008-жылдын 14-июнун Кыргыз Республикасында аза күтүү күнү деп жарыялоо жана аза күтүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө менин Жарлыгым чыкты.

2008-жылдын 14-июнунда эртең менен биз улуу жазуучуну түбөлүк сапарга узатып, эң акыркы ызаат-урматыбызды көрсөтүү үчүн Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имаратына чогулабыз. Чыңгыз Төрөкуловичтин сөөгү өзүнүн атасы, кыргыз элинин көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлеринин бири Төрөкул Айтматов түбөлүк жай алган “Ата-Бейит” мемориалдык-музей комплексине коюлат.

Бул ыйык жайга “Ата-Бейит” деген атты бир кезде Чыңгыз Айтматов өзү ыйгарган эле. “Ата-Бейит” - ыйык жер, Акыйкаттын жана Адилеттүүлүктүн символу, кыргыз тарыхынын өлбөс-өчпөс барагы. Муну менен биз Чыңгыз Айтматовдун көңүлүндөгү керээзин ишке ашырабыз деп ойлойм.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Президенттин Жарлыгы менен бул жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланган. Даңазалуу датаны татыктуу майрамдоо боюнча белгиленген иш-чаралардын баары күчүндө калат жана алар эми анын жаркын элесине арналмакчы.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Ал бүт өмүрүн арнаган иш - тынчтык, жаратмандык жана жакшылык үчүн күрөш - анын өлбөс-өчпөс чыгармаларында түбөлүк жашай берет.
Ушул күндөн тарта улуу жазуучунун башка - рухий, түбөлүк жашоосу башталат. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгонуна Чыңгыз Төрөкулович өзгөчө кубанган эле. Жана өз мекенинин мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына бардык күч-аракетин жумшап келди. Анын даңктуу өмүр жолу өлкөбүздүн жана элибиздин гүлдөп-өнүгүүсүнө жетишүү ишинде эң мыкты үлгү болуп берет. Бүткүл элибиз азага чөмүлүп турган бул күндөрдө жалпы журтубузга, баарыңыздарга “кайрат кылыңыздар!” демекчимин”, - деп айтылган.
XS
SM
MD
LG