Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:16

АЙТЫЛУУ КЫДЫР АКЕНИН КОМУЗЧУЛУК ӨНӨРҮ


Ысык-Көлдүн Бугу уруусунан чыккан таанымал манап, элчи, саяпкер, олуя, комузчу Кыдыр аке Байсары уулунун туулган күнүнө 165 жыл толду. Кабарчыбыз Балбай Алагушов, Кыдыр акенин көптөгөн угармандарга ушул күнгө чейин белгисиз комузчулук жаркын шыгы, өмүрү жөнүндө баян кылмакчы.

Көл өрөөнүнөн батыраган байлыктарына, дөгүрсүгөн дөөлөттөрүнө, ылапшыган мансапкорчулугуна чиренишпестен, карапайым калк үчүн кар жиликтерин казык кыла, кара кылды как жарган калыстыктары, элин, жерин канаттууларга кактырбай, тумшуктууларга чокутпай, үстүлөрүнө үйрүлө түшө калгандыгы үчүн “аке” деген элдик атка конушкан айтылуу инсандарыбыз бар. Сарт акенин (дөөлөс уруусунан), Мойт акенин (алдаяр уруусунан), Тилекмат акенин (чечендин, белек уруусунан), Карач акенин (Калмак, Чурумдан), Кыдыр акенин (арык тукумунан) ысымдарын сыймыктануу менен атай алабыз. Булардын ичинен Бугу уруусунун Арык тукумунан чыккан манап, элчи, саяпкер, комузчу, олуя Кыдыр аке Байсары уулунун ысымын өзгөчө урматтоо менен айтабыз. Ал 1843-жылы Сары-Жаз өрөөнүндөгү Кайыңдынын Байыш жайлоосунда Ак-Суу чөлкөмүндө туулат. Кыдыр акенин чоң атасы Олжобай, Ормон менен Балбайдын чабыштарына катышкан баатыр. Арык тукумун бийлеген чоң манап, кыргыз менен калмактардын ортосундагы мамилелерди жөнгө салган, көкүрөгүнө каухар таш ченин тагынган элчи, орустун төбөлдөрүнө биринчилерден кол берген эки элдин карым-катнаштарынын данакерлеринен болуптур. Ал эми Олжобайдын адамдык сапатын жогору баалап, калмактын манабы кара чечекей кызын ага күйөөгө бериптир. Ал этегинен жалгап, Байсары, Токсоба аттуу уулдарды төрөптүр. Токсаба эр жеткенден адамгерчилиги, акылдуулугу менен эл оозуна кирет. Кийин кыргыздын султаны болуп шайланат. Миңжылкы аттуу уулду болот. Бирок күтүлбөгөн жерден ат тээп өлтүрөт. Көзгө басар уулунан айрылып, кан жуткузган кайгыга батып турган кезде качыр минген касиеттүү карыя Байсарыкына атайын келип, анын келинчегине “эгер эркек төрөсөң, атын Кыдыр койгула, эгерде кыз болуп калса, анда өзүң бил балам. Уул зоболосу көтөрүлүп, элге кызмат кылган азамат болсун! Оомийин” деп берген батасы кабыл болуп, Кыдыр төрөлөт. Орду толбос оор жоготууга кириптер боло мөгдүрөп турган Токсобанын, Канымдын көңүлүн көтөрүү максатында агасы “менин балам, сенин балаң” деп Кыдырды берет. Токсобанын үйүндө кайрадан ыңаалап ыйлаган баланын үнү жаңырат. Береке кирет. Башка баш кошулат. Кыдыр жерден боорун көтөрүп, жетиге чыккандан Токсобаны атакелеп ээрчип, элди, жерди таанып, биттин ичегисине кан куйгандай чыйрак, серек, акылкеч болуп өсөт.

Кыдыр аке он бешке чыкканда Тилекмат акенин Мааке аттуу кызына үйлөнөт. Он сегиз жашында арык тукумунун болуштугуна шайланат. Такка отурган күндөн эл ичинде кадыр-баркы артып, зоболосу бийиктейт. Калк арасында “Калп сөздү айтпаган, калыстыктан кайтпаган, жакынына тартпаган, жардыга доомат артпаган. Айткан элге эм, телегейи тең болгон ал биздин Кыдырды Кызыр алейсалам колдогон. Акылдын чечени. Айтылган кепти таразалап, жети өлчөп бир кескенден кийин бүтүм чыгарып берген, убадасын эки дебей аткарган, келечекти көрө билген көсөмүбүз” деген кептер таркайт. Ал эми залкар төкмө акын Солтобай:

Ак боз ат минип залкайган,
Токсобанын Кыдыры
Акылга кенен шыдыры,
Элге кылып жакшылык,
Бешенесинен куюлуп турат ырысы,- деп ырдайт.

Жаш болсо да, ал элге алына берет. Күн өткөн сайын, адамдык асыл сапаты таш жарат. Алты жолу катары менен шайланып, он сегиз жыл болуш болот. Карапайым калк терең урматтоо менен Кыдыр аке дешет. Ал орустар менен кыргыздардын ортосундагы достук байланыштарды, өз ара карым-катнаштарды чыңдоого жандуу катышат. 1931-жылы Петербургда өткөн ак падыша Михаил Романовдордун тукумдарынын падышачылык бийликке келишкенин 300 жылдык салтанатына Жети-Суу губерниясынын Каракол уездине улуу урматтуу өкүлү катары катышат. Падыша менен бетме-бет жолугушат. Атайын кабыл алуусунда болот. Белекке жолборстун тирүү баласын берет. Падыша Кыдыр акенин кыргыз элинин татыктуу өкүлү, эки элдин ортосундагы байланышты көрсөткөн элчилик ишмердиги үчүн алтын орден Анна тамгасындагы чоң алтын медаль менен сыйланат. Подполковник чени бар тон кийгизет. Россия империясынын алыскы губерниясынын биринчи ишенимдүү адамы катары Сенатка, мамлекеттик 4-думга депутат да болуп шайланат. Мындай чоң ишенимге Жети-Суу губерниясынан жалгыз гана Кыдыр аке татыктуу болот.

1916-жылы Кыдыр аке экинчи жолу чинин жогорулатуу үчүн Петербурга чакырылат. Тилекке каршы ал үркүнгө байланыштуу барбай калат. Ошондой болсо да 1916-жылкы самандай сапырылган чоң үркүндө өз болушундагы элди кандуу кыргындан, арып-ачкан ачкачылыктан аман сактап калат.

Тогуз болуш элдин, казак менен кыргыздын, сары багыш менен бугунун чыр-чатактарын чырылдатпай, кара кылды как жарган калыстык сөзү менен чечкен, калкынын ачына айланып, тогуна толгонгон колдогону эки жолборс болгон болчу олуяны алдын ала айта да, көрө да билген олуя Кыдыр аке бала чагынан ырга, күүгө ышкысы алынган инсандан да болуптур. Бизге жеткен маалыматтарга караганда кыргыздагы эл бийлешкен ак сөөктөрдүн ичинен алгачкы жолу кыл тырмап комуз черткен Кыдыр аке экен. Ал элдик салт күүлөр “Камбаркан”, “Ботой”, “Кербез” “Шыңгырамадан” тарта атактуу шайырлардын да классикалык күүлөрүн да чертчү экен. Кийин алардын үлгүсүндө өзүнүн “Кыдыр акенин ботою”, “Камбарканы”, “Кереге-Таштын Кербез ботою”, “Кыдыр акени арманы”, “Кыдыр акенин шыңгырамасы”, “Төгөчү” аттуу классикалык күүлөрдү да чыгарыптыр. Алардын ар биринин кайрыктарынан тек гана залкар шайыр мүнөздүү доордун үнүн угабыз. Аткаруучулук чеберчилигинин кайталангыс өзгөчөлүктөрүн, обондуулугун туябыз. Кыдыр акенин күүлөрүнүн ичинен “Төгөчү” аттуу классикалык кайгылуу күүсү калк арасына “Дөгөчү”, “Төө көчү” деген аттарда кеңири тараган. Ошондой эле “Төгөчү” күүсүнүн чыгыш тарыхы да кара сөз, ыр түрүндө айтылат.

Кыдыр акенин тун уулу Төгөчү “Алма шагынан алыс түшпөйт” дегендей, жүрүм-туруму, баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлаган мамилеси менен “аккан арыктан суу агат” дегендей арык тукумунан дагы бир мыкты жигит чыгат” деп эл оозуна алына баштайт. “Балага ата сынчы” дегендей, Төгөчү да атасынын сынына толот. Уулуна тектүү жердин-Балбай баатырдын аталаш карындашы Жийдеканды алып берет.

“Ак төөнүн карды жарылган” күз айы. Төгөчү, Канкелди аттуу курбулары менен ууга чыгышат. Черлерин жазышып, кумардан канышат. Кеч бешимде үйлөрүнө олжолуу кайтып келе жаткан топту дөңдө комуз чертип отурган Кыдыр аке көрүп: -Ой, байбиче, тиги сан атчандар кимдер?- деп собол салганда: -Алар биздин айылдын эле балдары, дейт зайыбы. Эмнегедир Кыдыр аке тынчсыздана:- Капырай тээтиги алдыңкы атчандын эки ийнинде шам күйүп келе жаткансыйт да. Аңгыча жигити: - Ал өзүңүздүн уулуңуз Төгөчү дегенде: -Эмне дейт, деп Кыдыр аке ийне менен сайгандай чочуп:- Ок! Кара көзүм кашайган турбайбы! О, кудай суук көздөн, жаман сөздөн сактай көр. Кечир, сөзүмдү кайта өзүмө алдым” –деп жакасын кармап, кудайга жалбарат. Сан атчандар Төгөчүнүн өргөөсүнө түшүшөт. Аңгыча, Кыдыр акеникине ат арытып, суу кечип дегендей күнгөйдөн Садыр аке жигиттери менен келип түшөт. Бир-бирине бөлө, жакшы курдаш болуп журүшкөн Кыдыр аке менен Садыр аке көптөн бери көрүшпөгөндүктөн, кучак жая көрүшөт. Улуу даражалуу Садыр акени меймандоо камы көрүлөт. Бээ союлат. Чай катылган кымыз ичилет. Ак өргөөнүн ичи шаңга толот. Тилекке каршы көз байланган маалдан өткөндө, Кыдыр акеге:-“Төгөчү чыдай албай, алка-шалка терге түшүп, жаман болуп жатат”-деген кабар келет. Айылдагы эмчи, домчулар чакыртылып, колдон келген ырым-жырымдын бардыгы жасалат. Ал турсун Караколдон орус дарыгерлери да алынат. Таш бор ажал “колго тийген коёнду, коё берен оңобу” болот. Эл жатар маалда кырчын курагында кычырап турган Төгөчү жарык дүйнө менен түбөлүккө кош айтышат. Кан жуткузган кайгылуу кабарды Кыдыр аке укканда, көзүнүн жашын көлдөтө төкпөстөн, өпкөсүн көптүрө шолоктоп ыйлабастан эч нерсе болбогондой Садыр аке менен бапыраңдай, өткөн кеткендерден баардаша отура берет. Колго суу куюлуп, ак дасторкон жайылып, табак тартылат. Эт желет. Бата кылынат. Дасторкон жыйылат. Ошондо Кыдыр аке комузун колго алып, терс буроого толгоп, сөөгүңдөн өтүп, чучугуңа жеткендей боздогон кайрыктардагы муңдуу күүнү черте баштайт. Көптү көргөн, көптү башынан өткөргөн, акылга бай Садыр аке: - Кой, балдар күү бузулду, тургула-деп жайыла турушуп, жапырт аттанышат. Садыр аке жандоочулары менен абалкы салтты улап, тай чабындай жерге узап барышып, кайра кайрылышып, ай-талааны жаңырта өкүрүп келип, Төгөчүнүкүнө түшүшкөндө жер солкулдагандай чуу чыгат.
XS
SM
MD
LG