Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Б.КОШМАТОВ: БЫЙЫЛ СУУБУЗ АЗ, АНЫ КОШУНАЛАРЫБЫЗ ДА ТҮШҮНӨТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Азыркы тапта өлкөдөгү суу чарба тармагындагы абал кандай абалда турат? “Азаттыктын” бул багыттагы суроолоруна Суу чарба департаментинин башчысы Баратали Кошматов жооп берди.

- Кошуна өлкөлөр менен Кыргызстан ортосунда быйыл суу ресурстарын пайдалануу боюнча бир пикир табыла электиги буга чейин айтылган эле. Кошуларага суу берүү маселеси кандай чечилүүдө?

- Негизинен кошуналарга суу берүү маселесин билесиз, бул Нарын - Сырдарья каскады боюнча сөз болуп атса керек. Чындыгында быйылкы жылы Нарын, Токтогул суу сактагычтарында өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 млрд.км. суу аз болгонуна байланыштуу, аны дагы кошуналарыбыз билип турат. Бирок Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү маселелери жүрүп атат. Азыркы күнгө чейин келишимге кол коюлган жок.

- Демек азыркыга чейин кошуналарга суу бериле элек экен да?

- Жок, Нарын - Сырдарья каскадынан берилген жок.

- Эми өлкөдөгү суу сактагычтардын абалы тууралуу сөз кылсак. Суунун көлөмү быйыл кандай болуп атат жалпы эле суу сактагычтарда?

- Абдан туура суроо бердиңиз. Себеби, чындыгында биз кечээ эле анализдерди жасап көрдүк. 1-апрель 2008-жылга караганда баардык суу сактагычтарда Папан, Наймандан бөлөк 11 суу сактагычыбызда көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу көп чогултканбыз. Бирок бүгүнкү күнгө карата, 7-июньга баардык суу сактагычыбыздын балансы өткөн жылга салыштырмалуу кем болуп чыгып. Бул деген нерсе, жаан-чачын аз болуп, сууга талап көбөйүп, биз биринчи жарым жылдыкта сууну графиктен ашыкча бергенибиз жөнүндө маалымат болуп атат. Ошого карабастан кечээки күндөн баштап биз кээ бир суу сактагычтарды графикке түшүрүп атабыз. Андай кылбасак, эртең эле суу түгөнүп, дайрага кирген суу чыгып калат. Багытын жоготуп коет суу сактагычтар. Азыр ушул маселенин үстүнөн иш кетип атат.

- Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азыр кайсы деңгээлге жетип калды?

- Токтогул суу сактагычынын көлөмү азыр 8,9 млрд.кубдан ашты, бүгүнкү күнгө 9га жакындап калды. Өткөң жылы бул мезгилде 13,3 млрд. болгон. Ойлоп көргүлө.

- Буга чейин суу сактагычтар жөнүндө мыйзам иштеп чыгуу боюнча да демилгелер ушундай сунуштар болду эле. Ушундай мыйзамдын зарылдыгы барбы сиздин оюнузча?

- Мындай суу сактагычтар жөнүндө мыйзам долбоорун даярдашка биз да катыштык. Кээ бир маселелер боюнча мен ойлойм, мыйзамдуу түрдө иштеш үчүн керек болуш керек. Бирок албетте бардык мыйзамдын ишке киришиши үчүн эки мамлекеттер аралык, өзүбүздүн ичибизде ар бир кошумча келишимдер түзүлүп, ошону аткарылышы гана бизге бир эффект бериши мүмкүн. Мен ойлойм бул маселени келечекте карап дагы сунушубузду улантабыз го.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG