Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:51

К.ИСАБЕКОВ: КАНАДАЛЫКТАР КЫРГЫЗ МЫЙЗАМЫН ТЕПСЕЛЕП АТЫШАТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Кумтөр” кенине байланыштуу иш кечээ Бишкек райондор аралык сотто каралмак, бирок “Камеко”, “Центерра голд инк” компанияларынын өкүлдөрүнүн сотко келбей калышынан улам сот жараяны 15-июлга жылдырылды. Белгилүү болгондой сот ишти кароону буга чейин да кийинки мөөнөткө жылдырып келген. Сот отурмунунун уламдан улам жылдырылышы, дегеле Кумтөргө байланыштуу маселе тууралуу “Азыттыктын” суроолоруна Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков жооп берди.

- Кубанычбек мырза, сот отурумунун улам кийинки мөөнөткө жылдырылышынын себептерин сиз эмнеден көрөсүз?

- Биринчиден, бул канадалыктардын кыргыз мыйзамына терс көз карашы. Кыргыз мыйзамын көңүлүнө албай тепселегендик деп ойлойм. Себеби, кечээ сот бизге көргөздү, “ДЧЛ” почтасы аркылуу “Центера”, “Комеко” компанияларына жеткирилгени жөнүндө маалымат турат, саат канчада, канчасында колуна алганы тууралуу. Экинчиден, Смит Картер деген директорлор кеңешинин төрагасы бар, ал киши айтып атат, биз мырза Алымкулов сиздин сотуңузга бара албайбыз, биз эл аралык сотто маселелерибиз бар деп жооп берген. Биринчиден, Кыргызстандын мыйзамы аткарылышы керек, Кыргызстандын аймагында алтын казылып, “Центера голд” толугу менен кыргыздын мойнунда отуруп оокат кылып аткандан кийин, Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийиши керек. Сот бийлиги биздин үч бутактын бир бийлиги. Сөзсүз түрдө жооп бериши керек эле мыйзамдын чегинде.

- Ушундай жагдайдан улам Кумтөр маселеси боюнча тараптар мунасага келээри кыйынга туруп калат да?


- Мен кечээ “Кумтөр голд компанинин” президенти Сазанов Андрей мырзаны чакырткам. Соттон кийин ал келип кетти, мен сүйлөштүм. Ал айтат, жетисинен он бешинне чейин өкмөт кабыл алса биздин жетекчилер келет эле деген катты бүгүн премьер-министрге жөнөттүк дейт. Мен мурда күнү эле премьер-министр менен сүйлөшкөм, ал кат келген эмес. Эгер ал кат келип, сүлөшүүлөрдү жүргүзөбүз десе анда бир жөн. Болбосо, такыр келбесе биз дагы маселе коебуз, буларды мыйзамдын чегинде чыгарганга чейин.

- Сиз өзүнүз «Ак жол» партиясынын өкүлүсүз, анан өкмөттүн токтомун жокк чыгаруу үчүн сотко кайрылдыңыз. Буга партия жетекчилигинин мамилеси кандай болуп жатат?

- Партия жетекчилиги азыр колдоп атат. Муну президентибиз Курманбек Бакиев билет. Мен толугу менен отчет бергем. Ал киши мыйзамдын чегинде иштегиле деп премьер-министрге түздөн-түз тапшырма берди. Бул Чудиновдун күнөөсү эмес, мурунку бийликтин күнөөсү. Качып кеткен Танаев түздөн-түз кол койгон үч келишим менен, ошонун токтому жокко чыгарылса биз генералдык келишимге келебиз. Генералдык келишим боюнча 67 пайыз Кыргызстандыкы болчу, анын үстүнө өткөн жылдын 10-майында бул фабрика толугу менен Кыргыз өкмөтүнө өткөрүлүп берилген. Канадалык мырзалар казчусун казып, алчусун алып бүткөн.

- Сиз Кумтөрду улутташтыруу маселелсин да көтөрүп жатасыз, мунун өлкө үчүн кесепети кандай болушу мүмкүн, дегеле мунун канчалык зарылчылыгы бар?

- Эгер толук чечилбесе, тескери чечилсе, мен сөзсүз түрдө, мына бир жыл болуп калды бул мыйзам долбоору парламенттин күн тартибинде турат, анда аны көтөрүп чыкмакмын. Эгер Кыргызстандын пайдасына чечилип, канадалыктардын да пайдасы болсун алар инвестор катары. Эгер Кыргызстанга көбүрөк түшө турган болсо мен соттогу арыздарды алып алганга даярмын. Азыр келген делегациясы кандай ой менен келатат мен биле албайм. Бирок ошол эле маалда сүйлөшүүлөрдү тынчтык түрүндө чечели дегенге мен дагы макулмун.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG