Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

ОШ МЭРИЯСЫ “ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИН СОТКО БЕРДИ


Ош шаардык мэриясы "ток уурулук менен кармалганыбызды далилдесин, болбосо 103 934 сом өлчөмүндөгү доо төлөсүн" деп республикалык «De-фaктo» гезитин сотко берди. Маалыматты жайылткан «Ош-Электро» ачык акционердик коому мындай факты болгондугун дале кайталоодон тажай элек. Ал эми журналисттер чөйрөсү жергиликтүү бийликтин мындай кадамын басма сөзгө кысым, оппозициялык маанайдагы трибунаны жаптыруу аракети катары баалашууда.

«De-фaктo» гезити 2008-жылдын 28-февралындагы санына «Ош шаардык мэриясы ток уурулук менен кармалды» аттуу кабарды жарыялаган. Анда Кыргызстандын түштүк борборунун бийлиги электр энергиясына 103 934 сом карыз болгону аз келгенсип, өчүрүлгөн токту уурулук жол менен жандырып, өздөрү мыйзамды тебелегендиги белгиленген.

«Ош-Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын жетекчиси Маматемин Ырыскулов окуяны дагы бир ирет эске салып, а түгүл мэриянын укук, коопсуздук бөлүм башчысынын орун басары Айтпай Масалиев: «жарыкты жандырмайынча кетпейсиңер!» деп ишкана кызматкерлерин барымтага алгандыгын, аларды журналисттер менен барып араң бошоткондугун, бул туурасында баяндаган пресс-релизди бардык массалык маалымат каражаттарына тегиз тараткандыгын мындайча кошумчалады:

- 20-февраль күнү биздин текшерүүчүлөр барып 13954 сом карыз болгон үчүн атайын өчүрүшкөн. Өчүрүп жаткан мезгилде уурулук жолу менен туташтырылган фактысы кармалган. Биздин балдар жөн гана өчүрүп коюп кетип калышса болмок. Масалиев аксакал барымтага алып, кайра кошмоюнча кетпейсиңер бул жерден деген. Эки сааттан кийин биз телевидение менен барсак балдарды кое беришти. Гезиттердин бардыгына пресс релиз болуп кеткен бул факты.

Ош шаар мэриясынан «De-фaктo» гезитин Ош шаардык сотуна беришкендигин, себеби аталган кабардан кийин калаа бийлигинин аброюна оңбогондой көлөкө түшкөндүгүн, коюлган моралдык доонун өлчөмү азырынча 103 934 сомду түзөөрүн маалымдашты.

Мэрдин орун басары Мухитдин Мамасадыков дээринде гезит дарегине дооматты колдой тургандыгын, мэрия стратегиялык обьект сабына кошулаарын, карызды төлөө кеп деле эместигин, бирок кеңешип-таңашкыча окуяны «Ош-Электро» курчутуп жибергендигин баян этти:

- Албетте, мэрия – стратегиялык маанидеги обьект. Аны бир мүнөт да өчүрүүгө мүмкүн эмес. Эгерде талаш туулса, бухгалтерибизге келип, аласа-бересени такташтырып алышпайбы. Ошондон кийин төлөбөй койсок, бир жөн. Токту үзүп эмне кылышат? Жарыксыз отурмак белек, жандырып алабыз да. Журналисттер да биздин болбогон карызды мынчалык көбүртүп-жабырткандан көрө башка фактыларды казышпайбы. Эми калган ММКларга да сабак болсун үчүн, «De-фaктo» гезитин сөзсүз жазага чегерүү абзел, - деди Мухитдин Мамасадыков.

«De-фaктo» гезитинин баш редактору Чолпон Орозобекова «Ош шаардык мэриясы ток уурулук менен кармалды» аттуу кабар «Ош-Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы тараткан пресс-релиздин негизинде беленделгенин ырастады.

Ошол эле учурда «Апта» гезитинин баш редактору Абдувахап Мониев бул соттошуу бийликтин буюртмасы экендигин, минтип оппозициялык маанайдагы басма сөзгө кысым көрсөтүп, каржылык жактан чүнчүтүп, оозун жабуу аракетинен майнап чыкпастыгын айтты:

- Бизде реалдуу сот бийлиги жок. Эгерде жогорку бийлик, таасирдүү адамдар тарабынан сотко ушундай чечим чыгарасыңар, “De-фактонун” мойнуна карызды илесиңер деген болсо, аны биздин соттор кыйшайуусуз түрдө аткарат. Бул болбогон шылтоо менен эле эркин басма сөзгө кысым жазоо. Азыр Кыргызстана эркин басма сөздүн үлгүсү болгон “De-факто” гезитин соттун сок билеги менен оозун жаап, же карызды мойнуна илип туруп, финансылык жактан мүмкүнчүлүгүн чектеп, гезит жабылууга чейин алып бара туган аракеттин бир түрү.


Жергиликтүү укук коргоочулар «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга ылайык Ош шаар мэриясы «De-фaктo» гезитин редакция жайгашкан Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотуна берүүгө милдеттүүлүгүн, арызды Ош шаардык соту кабыл алууга акысы жоктугун белгилешүүдө. Эске сала кетчү жагдай: 1998-жылы Ош мамлекеттик университети Ош шаардык сотуна даттанып, республикалык «Асаба» (азыркы «Агым») гезитин жана кабарчысын сын макаласы үчүн Ошто туруп эле акчалай айыпка жыккан. Кийин бул чечимди облустук, Жогорку Сот кыйшаюусуз колдоп берген.
XS
SM
MD
LG