Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:35

Б.ОРУНБЕКОВ: “ДЕ-ФАКТО” ГЕЗИТИН КАМАЛОО ӨЛКӨ АБРОЮНА ШЕК КЕЛТИРЕТ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек “Де-факто” гезитинин айланасындагы жагдайга байланыштуу, дегеле сөз эркиндиги боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна бүгүн таңда көз карандысыз журналист Бакыт Орунбеков жооп берди.

- Бүгүн гезитке таандык компьютерлер тергөө тарабынан кайтарылып берилери айтылууда. Тергөөчүлөрдүн компьютерлерди алып кетиши, ушунча убакыт кармап анан кайра кайтарышы канчалык мыйзамдуу деп ойлойсуз?

- Биринчиден, журналисттерге байланыштуу мындай окуя, жорук Кыргызстанда мурда-кийин боло элек эле. Мен билгенден мындай аракеттер бийлик тарабынанбы, же укук коргоо органдары тарабынанбы гезитке, басма сөзгө дегеле КМШ мамлекеттеринде болбогон нерсе. Канчалык мыйзамдуу экенин дагы бир мыйзамга тиешеси барлар айтсын. Бирок сырттан караган адамга, адамкеричиликке дагы сыйбаган нерсе катары көрүнүп атат. Эгерде гезит ошончолук эле ката кетирип, ошончолук эле кылмыш жасаган болсо, анда башкача жолдор менен жасаса болот эле да. Анткени, ага чейинки болгон сот жараяндары бул нерсеге ошондой жыйынтык чыгарганга түрткү берип отурат.

- Медиа өкүл Илим Карыпбеков аталган берене боюнча кылмыш иши КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда биринчи жолу козголуп жатканын айтты. Эмне үчүн дал ушул берене боюнча иш козголду. Дегеле ушул берене боюнча кылмыш ишин козгоого канчалык негиз бар эле деп ойлойсуз?

- Таптакыр негиз жок болчу деп ойлойм. Бир гана нерсе болуп атат, кыргызда айтат “Бөрк ал десе баш алган” аракет болуп атат. Эгерде Акүй тараптанбы, кайсы бир нерселерди чектөө, башка дагы нерселер болсо аны аткаруучулар 3-4 эсе аткарып, боекчудай сакалынан бери боеп, таптакыр чектен ашырып жиберишти. Бул Кыргызстандын аброюна, авторитетине жаман нерселерди алып келе турган гана жорук, башка эч нерсе айта албайм.

- 27-июнда Жогорку Кеңештин Илим жана билим берүү маданият жана маалымат саясат боюнча комитети “Де-факто” гезитинин айланасында түзүлгөн кырдаалды талкуулап, газета саясий куугунтукка алынып жаткандыгын белгилебедиби. Эми бул боюнча сот кандай чечим чыгарат деп ойлойсуз?

- Соттун чечими биздин Акүйдүн кабак-кашына байланыштуу. Эгерде алар капаланып, бул газетаны таптакыр жоготуш керек деп ишарат кылса, анда сот ошону жасайт. Эгерде башка чараларды көргүлө деп команда берсе ошондой болот. Анткени, бизде система болуп калды, мыйзам деген өз жолунда, өз нугунда иштебей, азыркы учурда бийликте отургандагылардын айтканын жасаган мезгилге жетпедикпи.

- Сөз эркиндигинин соңку абалына Кыргызстандын маалымат айдыңында иш алып барган талдоочулар менен адистер тынчсыздануусун билдиришүүдө. Адистер абал ушул бойдон улана берсе, Кыргызстанда сөз эркиндиги жоголуп, бир гана бийликтин камчысын чапкандар калышы мүмкүндүгүн айтышууда. Сиздин буга пикириңиз кандай?

- Мен да аябай тынчсызданып атам. Бул убака чейин Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча көп өлкөлөрдүн алдында турчу. Азыр биздин акыркы эл аралык иликтөөлөрдүн негизинде биз Куба, Түндүк Корея, Түркмөнстан деген жана башка ушундай тоталитардык бийлик орногон мамлекеттердин катарына жакындап калдык. Биз күндөн-күнгө, жылдан-жылга артты көздөй кетип баратабыз. Бул биздин өлкө үчүн өтө начар көрүнүш деп ойлойм. Эгер мындай жүрүп отурсак, анда биз эртең демократиядан кол жууйбуз.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG