Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:36

БИШКЕКТЕ ИРАНДЫК УКУК КОРГООЧУ ЭМАДЕДДИН БАГХИНИ КОЛДОГОН АКЦИЯ ӨТТҮ


Бир катар укук коргоочулар Ирандык укук коргоочу Эмадеддин Багхини (Emomoldin Boghi) Тегерандын абагынан бошотуу талабы менен Бишкектеги Иран Ислам Республикасынын элчилигинин жанында пикетке чыгышты. Алардын Иран өкмөтүнө жолдогон кайрылуусун Акыйкатчы институтунун өкүлү элчи Мохаммад Реза Сабуриге берип чыкты. Иран консулдугунун өкүлү бул акцияны өткөрөөрдөн мурда Кыргызстандын укук коргоочулары элчиликке алдын алы кабардар кылбагынын, мындай иш чараны цивилизациялык жол менен өткөрүү керектигин айтты.

Ирандык журналист жана укук коргоочу Эмадеддин Багхини Тегерандын абагынан бошотуу талабы менен чыккан «Кылым шамы» укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова Ирандык укук коргоочу өз өлкөсүндө өлүм жазасын жоюу маселесин көтөрүп чыккандыгы үчүн жазыксыз айыпталып жатканын айтты:



- Адам укугу деген-бул чегараны билбейт. Биздин өлкөдө болобу же башка мамлекетте болобу, кайсы жерде адам укугу бузулуп жатса, ошол адамдын укугун коргогонго биз милдетибиз катары кабыл алабыз. Мындай акцияларды биз Кыргызстандагы Өзбекстандын элчилигинин алдында, Орусия,Казакстан элчиликтеринин алдында дагы өткөрүп келгенбиз. Ошол мамлекетте адам укугу бузулган фактылар боюнча. Азыр Иран өкүлчүлүгүнүн алдында бул акцияны өткөрүп жатканыбыздын себеби эки жылдан бери тынымсыз куугунтуктагы укук коргоочу Эмадеддин Багхи мырзанын эркиндигин Иран бийлигинен талап кылып жатабыз.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова болсо Иран бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунда адам укуктары боюнча кабыл алынган эл аралык документтерге көңүл буруусу зарыл деп эсептейт.



- Биз Ирандын элчилигине БУУнун адам укуктары боюнча документтерге көңүл бурсун деп жатабыз. Анткени Иран мамлекети дагы БУУга мүчө катары өзүлөрүнүн өлкөсүндө болобу же дүйнөнүн башка мамлекеттеринде болобу өлүм жазасын жоюуга жардам бериши керек. Экинчи маселе, БУУнун 2006-жылы кабыл алган документине ылайык өкмөт укук коргоочуларга жардам берип бардык шартты түзүп берүүсү керек. Мына ошол документтин негизинде биз Иран бийлигинен белгилүү журналист жана укук коргоочу Эмадеддин Багхини тез аранын ичинде түрмөдөн бошотуу талабын коюп жатабыз. Анткени түрмөдө анын ден-соолугу начарлап баратат.

Кыргызстандык он чакты укук коргоочулардын бул акциясына Иран Ислам Республикасынын элчилигинен бирөө жарым чыгып жооп берген жок. Бирок укук коргоочулар менен кошо келген Акыйкатчы институтунун өкүлү алардын Иран өкмөтүнө Эмамеддин Бахгини абактан бошотуу талабы камтылган кайрылууну Иран консулдугунун өкүлүнүн коштоосунда элчи Мохаммад Реза Сабуриге алып кирип берди. Элчи менен жолугушуусу тууралуу Акыйкатчынын орун басары Мамат Момунов буларга токтолду.

- Азыр элчи менен кирип жолугушканда Мохаммад Реза Сабуринин бул акция жөнүндө кабары жок экен. Бирок укук коргоочулар жолдогон катты кабыл алды. Бул боюнча өздөрүнүн жообун беребиз деп айтты. Ошол эле кезде алар Иран Республикасы азыр кайгыда экенин белгиледи. Себеби дегенде, кечээ жакында болгон авиакырсыктан Ирандын жарандары дагы набыт болгон. Ошол үчүн элчи бул маселени кийинчерээк деле койсо болмок деген өзүнүн пикирин билдирди.

Мамат Момунов Иран элчилиги ар кандай маселелер боюнча Кыргызстандын жарандарыбы, укук коргоочусубу ким болсо дагы кабыл алууга даяр экендигин кошумчалады.

Аты-жөнүн айтуудан баш тарткан Иран консулдугунун өкүлү укук коргоочулар акция өткөрүү жөнүндө элчиликке алдын ала маалымдашы керектигин эскертти:

- Кадырыңыз жан болсун. Телефон чалгыла. Биз бардык маселе цивилизациялуу жол менен болуусун өтүнөбүз. Кайсы күнү, кайсы убакытка келе тургандыгыңар боюнча алдын ала маалымат бергиле.

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бул маселе боюнча Иран элчилигине алдын ала маалымдашканын, келерки жумада аймактардан келишкен укук коргоочулар менен чогуу келип бүгүнкү акцияга карата Иран элчилигинен жооп алышарын билдирди.

Ирандык укук коргоочу Эмамудин Багхи өз өлкөсүндө өлүм жазасын жоюу демилгесин көтөрүп чыгып, жалдама киши өлтүрүүлөрдүн бетин ачып, бул боюнча жыйырма чукул китеп жазган. Ал өзүнүн кара жанын тобокелге салып Иран бийлигинин жогорку тепкичтегилеринин былык иштерине каршы чыгып, адам укуктарын жана абактагылардын укугун коргоо боюнча Комитет түзүп, алардын укугун коргогон.

Анын мындай ишмердүүлүгү Иран бийлигинин жаалын келтирип, 2000-жылы аны үч жылга абакка камоо менен аяктаган. Адам укугу боюнча бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси Эмамудин Багхини Иран бийлиги өткөн жылы 55 жолу сотко чакыртып, октябрда кайрадан камакка алган. Маалыматтарга караганда, абактагы Багхинин жүрөк оорусу кармап, учурда ден-соолугу начар абалда.

XS
SM
MD
LG