Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:16

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ТААНЫДЫ


16-июлда Конституциялык сот 10-июлда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыктарын тааныган чечим кабыл алды. Ошентип Курманбек Бакиевдин президент экени укуктук жактан биротоло тастыкталды. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында президенттик шайлоонун минтип мыйзам алкагында өтүшүнө Аскар Акаевдин арыз жазып берип, укуктук жол менен отставкага кетиши зыянын тийгизген жок.

16-июлда Конституциялык сот президенттик шайлоонун жыйынтыктарын ырасмий таанып, тийиштүү чечим кабыл алды:

- Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 1005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоону өттү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 43- , 44-беренелерине жооп берет, ошондой эле Бакиев Курманбек Салиевичтин Кыргызс Республикасынын президенти болуп шайланышын укуктук жактан туура деп эсептейт, - деп Конституциялык соттун төрага Чолпон Баекова чечимди окуп берди.

Ошентип негизинен кимдин президент болгону 10-июлда чечилсе дагы укуктук норманын алкагынан алганда Конституциялык соттун 16-июлдагы чечими менен Курманбек Бакиевдин президент болуп шайланганы биротоло тастыкталды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоонун минтип мыйзам алкагында өтүп, Курманбек Бакиевдин мыйзамдуу президент аталып жатышына Аскар Акаевден өз убагында арыз жаздырып алып, аны укуктук жол менен отставкага кетирүү иши даңгыр жол ачкан:

- Эгерде Жогорку Кеңеш өз убагында Акаевдин отставкасын кабыл алып, боло турган президенттик шайлоону мыйзамдаштырбаса Конституциялык соттун бүгүнкү чечими теңирден тескери болмок. Көпччүлүк адамдар мына ушуну түшүнбөстөн «анын эмне кереги бар эле?» деген сөздөрдү айтышты. Мынакей, Конституциялык соттун бүгүнкү чечими анын кереги бар экендигин, шайлоо мыйзамдаштырылгандан кийин Конституциялык сот тыянак берип, бул бийлик шексиз экендигин, эч кандай талаш-тыртышы жок, бутуна бекем тура турган мыйзамдуу бийлик экендигин Конституциялык сот өзүнүн чечими менен берди. Мына ушундан кийин гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берип президент өзүнүн ыйгарым укуктарына кирише алат.

Конституциялык сот мындан бир күн мурда - 15-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын «Мөөнөтүнөн мурда болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын аныктоо жөнүндөгү» токтомун карай баштаган эле. Ал токтомдо Курманбек Бакиев 88,71% добуш алып, жеңип чыкканы айтылган.

БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов добуш берүү күнү олуттуу мыйзам бузуулар байкалган жок деп билдирген.

Бирок талапкерлер жана айрым байкоочулар Курманбек Бакиевдин дээрлик 90% добуш алышында шек бар экенин айтышып, шайлоонун тазалыгынан күмөн санашкан болчу. Талапкер Жыпар Жекшеевдин оюна кулак түрөлү:

- «Шайлоо таза өттү» деген бул такыр туура эмес, түп-тамырынан бери, мыйзам бузуулар көп болду. Айрыкча, биз байкоочуларыбызды коё албай калган жерлерде пачкалап уруп туруп, добуштарды жасашты.

Ошентсе да айрым эл аралык байкоочулар жана "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалиция бул жолку шайлоо мурдагыларынан алдаганча таза жана ачык өттү деп билдиришкен.

Курманбек Бакиевдин өзү болсо бул чоң көрсөткүчтү элдин ага көргөзгөн зор ишеними катары баалай турганын айткан. Бакиевдин мындай чоң ажырым менен шайлоодо утуп чыгышын айрым талдоочулар Бакиев-Кулов ынтымагынын бир таасири катары да баалашууда.

Эми Конституциялык соттун 16-июлдагы чечиминен кийин парламент 30 күндүн ичинде жыйын өткөрүүгө тийиш жана анда Курманбек Бакиев президент катары ант бермекчи.

XS
SM
MD
LG