Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:51

ЖАНЫБЕК КАЗЫ: “АРМАНЫМ: АКЫЛ- ЭСИМ ӨЗ ЭЛИМЕ ЖУМШАЛБАЙ КАЛДЫ...”


“Жаныбек казы” жүрөк согуусунун акыркы кагуусуна чейин туулган жериме кетем деген жалгыз үмүт менен жашаган”. Эрте-кечпи Кыргызстанга көз карандысыздык келип, Ата журтуна кайтууга жол ачылат деген түшүнүгү болгон. Анын мындай эл тагдырын, жер тагдырын калчаган акыл-эси, алдын-ала көрөгөчтүгү, келечек үчүн тайманбай күрөшкөндүгү эки кылымга тете ооздон оозго айтылып, Жаныбек казы деген ысым эл ичинде өчпөй, тарых таразасы, доор анын “басмачы” деген атын сыйрып, ага кайра эл-жерин бөтөндөрдүн басып алуусунан коргогон инсан катары баасын берип жатат.

Анткени, Кыргызстандын түштүгүндө элдин боштондук кыймылын жетектегендердин бири болгон. Совет бийлигинен качып, татаал тагдырды башынан өткөрүп, Кашгар, Ооган, Пакистан, Кытай өлкөлөрүндө баш калкалоого аргасыз болгон.Өмүрүнүн акыркы жылдары Пакистандын Гилгит шаарынын Имит деген айылына ооп барып, 1933-жылы 72 жаш курагында каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлган.

Тарыхчылардын айтымында карапайым элдин жер-суусун тартып алуу, өз жеринде жер-сууга салык төлөшү, таланып-тонолуусу боштондукка чыгууга түрткү берип, жергиликтүү элден Кеңеш бийлигине каршы топтор түзүлөн.

Бул 1928-1930 жылдар болгон. Ал кездеги жүргүзүлгөн жер-суу реформасы, колхоздоштуруу, орто жана бай жашагандарды кулакка тартып жер котортуп айдоо элге өтө оор тийген. Жат бирөөгө тебелетип-тепсетпөө үчүн күрөшкөндөр "басмачы", "бандит" атка конушкан.

Тарых парактарында ошол кездеги кызыл аскерлер эки анжы калган тоолуктарды аеосуз жазалашып, куугунтукка алган. Ушунун кесепетинен көп адамдар келечектеги үмүтү, көздөгөн максаты, күткөн тилегинен майнап чыкпай турганына көздөрү жеткенден кийин Мекенин таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Алардын бири Сагынбай уулу Жаныбек казы деген инсан.

Советтик адабиятчы, тарыхчылар басмачылар деген кырдаалды өз кезинде ачык айкын жазып да, айталбай да келишкен. Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана областы түзүлүп, жакшы жерлерди келгин орустар тартып алууларына жергиликтүү эл кыжырданган. Мындай айтканда өз жерин, элин коргоо максатында “басмачылардын” келип чыгышынын бирден бир себеби ушундан болгон.

Жаныбек казы тууралуу НКВдин документтеринде такыр башка. Жаныбек казы тарыхчылар тарабынан али так изилдене элек, ага саясый, тарыхый баа бериле элек десе болот. Окумуштуу-алымдардын, уламалардын айтымында ал Ата-Мекенди, элди-жерди көздүн карегиндей сактоого эл-журтту чакырган. Булардын баары эл оозунда, кала берсе Пакистан, Кыйтада жашаган кыргыз атуулдарынын оозунда жомок сымалы айтылат.

- Биз Жаныбек казы дегенде, буга чейин бир жактуу карап келгенбиз. Мынабу расмий идеологиянын көз карашы боюнча айтып жатам. Х1Х кылымдын башы 1915-жылдан баштап, 1930-жылга чейин кыргыз элинин тагдыр-тарыхында бурулуш жылдары болгон. Таптык күрөштө Оруссиянын бир колониалдык бучкагы катары бизде дагы ушундай күрөш жүрүп, эки кедей дыйкан жана байманаптардын ортосундагы күрөш деп эсептейбиз. Ал күрөш көп кишилердин тагдырына чоң таасир эткен. Ошондой адамдын бири Жаныбек казы дейбиз,- дейт коомдук жана саясий ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаков.

Менин оюмча, ошо кезде бийлик менен күрөшүп жүрүп, акырында ал Кытайга ооп кеткен. Кытай аркылуу Пакистанга ооп кеткен адамдар көп эле болгон. Бирок, баары жөнүндө ушундай даңазалуу аңгеме, ушундай бир уламыштар айтылбайт. Жаныбек казы тууралуу айтылып жүрөт. Демек, бул адам жеке инсан катары башкалардан бөлүнүп турган, башкалардан айырмаланган, артыкчылыгы болгон адам болуш керек деген тыянак – бул туура тыянак.

Ишенбай Абдыразаков мырза айткандай, мезгил, доор алмашып калыстыкты как жарган тарых Ата-журтун сагынып, сабылып өткөн атпай журтун айтылуу уулдарын таанууга мезгил эбак жеткен.

Кыргызстандын көз карандысыздыгына жеткенге чейин Жаныбек казы сыяктуу адамдар туурасында бир тараптуу идеология жүрүп келгени айтылат. Эл ичиндеги пикирлер менен Улуттук коопсуздук кызматынын жашыруун сакталган документтериндеги маалыматтарга айрым даталар дал келбейт. Архив кызматкерлеринин айтымында болсо "басмачы" деген кара тамга жазылгандар тууралуу акыйкат маалыматтар ошол заматта өрттөлүп, элге жек көргөзүү максатын көздөгөн маалыматтар элге айтылып, басма сөздөрдө чагылдырылып келген.

- Ал убакта “басмачыны” эл душмандары катары жазып жүрдүк да. Жаныбек казы жөнүндө, басмачылар жөнүндө илгерки көз караштардын баарын такыр өзгөртүш керек. Бул Жаныбек казы, Мойдунбек ушулар кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн улуу инсандар десе болот. Ушундай тарыхты оодарышыбыз керек . Кандайча алар эл душманы болот, кандайча алар басмачы болот? Басмачы болуш керек, туура. Басмачы деп кимди айтышыбыз керек? Башка жактан келип, биздин элди бирөө басып алса басмачы болот. Элди боштондукка чыгарам деп күрөшсө, анан Жаныбек кантип басмачы болуп калат? Ал жөнүндө эл оозунан көп укканым бар. Изилдеп көрүп, мындай чоң китеп жазса да болчудай деп калчумун.
Бул кишинин өмүрү өтө драматизмге баткан улуу инсандын өмүрү. Бул совет бийлигин, коргоп эле турган киши болгон адегенде. “Элибизге жакшы болсо-совет бийлиги, эл ушундан оңуп кетсе, биз колдойбуз” деп эле колдоп турган. Анан ошентпей, тескерисинче алардын артынан түшуп, куугунтук жасай баштаганда сөзсүз кол курап ОГПУнун штабына каршы, Совет өкмөтүнө каршы айыгышкан күрөш ачышкан. Муну танууга болбойт. Ал күрөш Орто Азияда өтө күчтүү болгон. Ал эмес Фрунзе келип, элди көтөрүп чыккандар менен сүйлөшөм деп келген. Аларды кырып жок кылуу үчүн эмес, ынатууга, алардын талабын угууну ойлогон.

Жаныбек казы ушунчалык акылдуу киши болгон экен, согушуунун стратегиясын мыкты билген. Эсимде калганы ой-максаттары ишке ашпасына көзү жеткен соң, Кытайга кеткенде жакшы аттардын баарын тең, түн ичинде бир заматта тескери такалап жөнөп кеткен экен. Куугунчулар, ошол кездеги КГБнын адамдары артынан түшкөндө, аттын изи сыртка эмес, ичкери кирип кеткендей из калтырып, бир дагы жигитин ыпыраска учуратпай бет алган жагына ашып кеткен экен,-
дейт Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов.

Жазуучу Асанбек Стамов мырза Жаныбек казы сыяктуу Ата-журтунан алыстап кеткен, улутун, эли-жерин жаноту менен сүйгөндүгү тескерисинче жазылып келгенин жашырган жок. Демек, тарых деген жер алдында катылып жаткан чындыкты калпып чыгат белем. Мезгил каралаган тагдырды агартуучу тарых бар деп калат эмеспии.

Кыргыз эл акыны Эрнес Турсунов Жаныбек казы тууралуу иликтеп, ал кишинин өмүр таржымалына кызыгып жүргөндүгун айтат:

-Бул кишинин ишмердүүлүгү, саясый жетекчилиги, болбосо эл башкарган мезгили дал совет өкмөтүнүн орношуна, коллективизация мезгилине туш келип калган. Ошол мезгилден аты өчпөй калган инсандарын айтып өтүү керек. Ак жеринен кандай жок болгон. Мадаминбек, Мойдунбек Оштун өзүнөн чыккан, 1919-жылы атып жиберген бул кишини. Калкожо, Айтмарек деген болгон Алайкуудан чыккан. Рахманкул Памирден чыккан. Чоң фигуралардын бир ушул Жаныбек казы. Өзгөн багытындагы ошол жердеги жайнаган жайлоолордогу, Кара-Шоронун тегерегиндеги кыргыздардын баары ошого караган.

Эмне үчүн Совет өкмөтү чыккан учурда орус да болсун, татар, казак, кыргыз да болсун ушундай чоң инсандарды жок кылууга жана ушулардын саясатын же болбосо эл коргогон патриоттук демилгесин өчүрүүгө аракет болгон. Совет өкмөтүнүн душманы, тап душманы катарында же болбосо колхоздоштурууга каршы чыккан басмачы катарында эсептеп келген.

Биздин идеологияда Совет өкмөтүн бекем орнотуш үчүн социализмдин реализм методун киргизип, адабиятта болсун, мен ачык эле айтайын жалаң элдин көңүлүн, акыл-сезимин советтик идеологияга буруш аракети жүргөн. Мына ошондон улам мындай жыйынтыкка келебиз. Жаныбек казы сыяктуу элден чыккан кыраандарды айрыкча КГБнын агенттери тескери жагынан пропагандалап турган экен. Эмне, эл ичинен чыккан патриоттор эми эле пайда болуптурбу?.. Анын үстүнө советтик пропагандист, адабиятчылар:“Басмачылар жок кылынды”, “Басмачыларга каршы күрөшүү, ийгиликтүү аяктады” деген сыяктуу китептерди чыгарып, буларды отрицательный герой кылып, документтер повесттер, документалдуу чыгармалар жазылып келген.


Эрнес Турсунов Жаныбек казы тууралуу оюн ушундайча билдирип, аты коомчулукка таасын билине элек белгисиз инсандарды да иликтеп, коомчулукка таанытып коюу милдет бар экенин баса белгиледи. Бул Кыргызстандын аймагында Жаныбек казы тууралуу айтылган, тарых ылгаган калпыстыктарды окумуштуу-адабиятчылардын өкүлдөрүнөн уктук. Жаныбек казы тууралуу Пакистан, Кытай элинде кандай кептер айтылат ал тууралуу кийинки уктуруудан кабардар кылабыз.

Ошентип, Совет мезгилинин алгачкы жылдары улуттук боштондук үчүн күрөшүп, тагдырдын буйругу менен Кытайда жашап андан кийин Пакистанда өмүр кечирген Жаныбек казы Сагынбай уулу 1869-жылы Ош облустунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылында туулган.


Сүрөттө: Жаныбек казынын элеси түшүрүлгөң сүрөт табыла элек, бирок тарыхчылар ушул сүрөттөгүлөрдүн бири Жаныбек казы деп болжошот.

XS
SM
MD
LG